Памперстен зыяндуу химиялык зат табылды

Жалаяк Сүрөттүн автордук укугу AFP

Франциянын "Ансес" улуттук саламакттыкты сактоо агенттиги ымыркайларга жасалган жалаяктардан (памперс) кооптуу химиялык зат табылганын билдирди.

Иликтөөдө жалаяктардан отоо чөптү жок кылган глифосат заты табылып, ал ден-соолукка зыян болушу мүмкүн экени айтылууда.

"Ансес" уюму памперстерге мурда мындай тесттер өткөрүлбөгөнүн билдирди.

Бирок Франциянын саламаттыкты сактоо министрлиги жалаяк "ымыркайлардын ден-соолугуна олуттуу коркунуч жаратпайт" деп айтты.

"Албетте, пампесртерди колдоно беришибиз керек. Биз 50 жылдан бери мындай жалаяктарды колдонуп келебиз", -деди Франциянын саламаттыкты сактоо министри Аньез Бузин.

Министрдин бул сөзүнө карабастан Франциянын өкмөтү жалаяк өндүргөн компанияларга химиялык заттарды жок кылуу үчүн 15 күндүн ичинде долбоор сунуштоону талап кылды. Ошондой эле, Бузин айым көп дегенде алты айдын ичинде компаниялар долбоорду ишке ашырышы керек экенин белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Изилдөө эмнени тапты?

"Ансес" бир нече компания чыгарган жалаякты текшерген. Уюм так кайсы компаниялардын товарын текшергенин ачык жарыялаган жок. Бирок алар Францияда жана башка өлкөлөрдө кеңири сатылганын тастыктады.

Бала үч жашка чыккыча төрт миңге чейин памперс колдонулат, дейт уюм. Дарыгерлердин айтымында, тест учурунда табылган химиялык заттар заара же ымыркайдын териси аркылуу организмге таасир этиши мүмкүн.

Кооптуу делген глифосаттан тышкары лилиал менен лирал химиялык заттар да табылган. Бул заттар атыр сыяктуу колдонулат жана андан тери аллергиясы козголушу ыктымал.

Бирок "Ансес" уюму аз өлчөмдөгү гана глифосат заты табылганын да кошумчалады. Бул зат кеңири колдонулганы менен ар дайым талаш жаратып келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму глифосат рак илдетин козгойт деген тыянак чыгарган. Бирок Европа Биримдиги бул пикирге кошулган эмес. АКШ да болсо ракка чалдыккандар глифосат затын колдонгон ишканаларды сотко берип, миллиондогон долларга тете каражат алышкан.

Франция 2021-жылы глисофатка тыюу салат. Ошондой эле Европа Биримдигин да бул затка тыюу салууну үндөп келет. (AT)

Тектеш темалар