Жорж Сорос: Си Цзиньпин дүйнө эркиндигине “коркунуч” жаратат

George Soros at Davos Сүрөттүн автордук укугу AFP

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос Давос шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда Кытай жана өлкөнүн лидери Си Цзиньпинди кескин сынга алды.

Соростун айтымында, Кытай бийлиги тоталитардык режимди бекемдөө үчүн келечекте жасалма акыл жана жогорку технология колдонушу ыктымал.

"Кытайдан башка дагы авторитардык режимдер бар. Бирок бул өлкө бай, армиясы кубаттуу жана технология жактан абдан өнүккөн. Дал ушул себептен Си Цзиньпин дүйнөдөгү башка ачык коомго эң чоң коркунуч жаратат", -деди Сорос.

"Коопсуздукка коркунуч"

Жорж Сорос АКШдагы Демократиялык партиянын эң белгилүү донорлорунун бири. Давостогу сөзүндө ал АКШ лидери Трамптын Кытайга карата саясатын дагы сындады.

"Дүйнө жүзүндө соода согушун жүргүзүүнүн ордуна, АКШ бир гана Кытайга каршы чара көрүшү керек", -деди ал.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жорж Сорос АКШ лидери Трамптын Кытайга карата саясатын дагы сындады

Сорос Вашингтонду Huawei жана ZTE сыяктуу технология багытында иш алып барган кытайлык компанияларды тыкыр көзөмөлгө алууга үндөдү. Анын айтымында, бул компаниялар "дүйнөлүк коопсуздукка коркунуч жаратат". Андан тышкары Сорос технологиянын жардамы менен элди көзөмөлдөө тенденциясына кабатырлануусун билдирип, бул "ачык-айкын коомду жок кылат" деди.

Ошондой эле америкалык филантроп Кытайдын "Бир жол - бир алкак" аттуу ири долбоорун да сындады. Бул аркылуу Кытай дүйнөдөгү сооданы колдоо үчүн жол, темир жол жана башка инфраструктуралык иштерди аткарып келет.

"Бул долбоор Кытайдын кызыкчылыгын жайылтуу үчүн түзүлгөн. Ал инвестиция алып жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгына дал келбейт. Амбициялуу долбоорду каржылоо үчүн Кытай карызга акча берип жатат, грант берген жок. Андан тышкары чет өлкөлүк расмийлер долбоорду кабыл алуу үчүн пара алышат", -деди Сорос.

88 жаштагы Сорос нацисттик оккупация учурунда документтерин мыйзамсыз жасатып, аман калган. Ал дүйнө жүзүндө демөөрчүлүгү, ар кандай багыттагы долбоорлорду каржылаганы менен белгилүү. Соростун 27 өлкөдө улуттук жана 31 мамлекетти камтыган эки ири аймактык фонддору иш алып барууда.

Бирок соңку жылдары анын саясий аракеттери АКШ, Европа жана башка мамлекеттерде кескин сынга алынууда. Негизинен Сорос ыңкылаптарды каржылайт деген сөздөр айтылып келет.

Сорос Кыргызстанга 1993-жылы келген. Ал өлкөдө укук, билим берүү, экономикалык реформа, саламаттык сактоо, маданият жана массалык маалымат каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга колдоо көрсөтөт. Бул багыттагы ар кандай демилгелерди каржылоо үчүн жыйырма жылдай убакытта 79 миллион доллар акчаны Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө которгон. Фонддун өзү билдиргендей, булардын баары коомдогу ачыктыкты, демократиялык процесстерди камсыздоо максатында жасалууда.ди. (AT)

Тема боюнча башка макалалар