Комада жаткан аялдын боюна бүтүргөн медкызматкер кармалды

Натана Сазерленда шектүү Сүрөттүн автордук укугу MARICOPA COUNTY SHERIFF'S OFFICE
Image caption Шектелип жаткан Натана Сазерленда

АКШнын Аризона штатынын полициясы 15 жылдан бери комада жаткан аялдын боюна бүтүргөн медкызматкерди кармады. Аял вегетативдик абалда жатып көз жарган.

Американын маалымдоо каражаттары 36 жаштагы Натан Сазерленд бейтапка сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталып жатканын жазып чыкты.

Кырсыкка кабылып, он жылдан ашык комада жаткан аял 29-декабрда төрөгөн. Бала жаңы төрөлгөндө дем алган эмес. Учурда ымыркай дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Аризондогу Hacienda клиникасы оор илдетке кабылган ымыркайларга, өспүрүмдөргө жана жаштарга паллиативдик жардам көрсөтүп келет.

Си-би-эс телеканалы булактарга шилтеме берүү менен дарыгерлер аялдын кош бойлуу экенин билген эмес деген маалымат таратты. Клиника болгондор үчүн абдан кабатырлануусун билдирген. Маалымат берген киши бейтап дайыма жардамга муктаж болгондуктан, анын палатасына көпчүлүк дарыгерлер кирип турганын айткан.

Бейтаптын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Джон Майклстын айтымында, аялдын туугандары анын абалы өтө оор болгон дешет.

"Үй-бүлө кызы зомбулукка кабылганда өтө жапа чегишти жана нес болуп калышты. Алар Hacienda клиникасы жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганына нааразы",- деп айткан булак Эн-би-сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Google Street View
Image caption Аризона штатындагы Hacienda клиникасы

Аялдын туугандары коомдук билдирүү жасоого даяр эмеспиз дейт. Бирок алардын адвокаты үй-бүлө төрөлгөн ымыркайга кам көрүүгө даяр экенин айтты.

Жабырланган бейтаптын өзү тууралуу толук маалымат берилген эмес. Аял боюнча аз гана маалыматтар ачык айтылган. Ал сууга чөккөндөн кийин жасалма дем алдыруу жолу менен жашап калган. Сан-Карлостон чыккан индей уруусунан, түпкү-теги Америкадан деп айтылды.

"Биздин тууганыбыз ушундай абалга туш келгени менин үрөйүмдү учурду. Жакын адамың паллиативдик жардам алып жатканда ал башкалардын кам көрүүсүнө, жардамына муктаж. Биз аны ишенип камкорлордун колуна тапшырдык. Бирок алардын арасында ишенимге арзыбай тургандар дагы бар экенин билбептирбиз",- деди туугандарынын бири Терри Рамблер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Hacienda клиникасынын кызматкерлери аял кош бойлуу экенин билишкен эмес

Полиция клиникада иштеген эркек дарыгерлердин ДНКсын текшерген. Оорукананын жетекчилиги полициянын иликтөө иштери тез арада жыйынтыкталышына көмөк көрсөтө турганын билдирген.

"Бардыгыбызды мөгдүрөткөн болуп көрбөгөн окуянын аягына чыгуу үчүн полиция жана башка тергөө органдары менен кызматташууга даярбыз", - деген оорукана жетекчилиги.

Аризонанын Саламаттык сактоо департаменти, бейтап кандай шартта кармалып жатканын текшерүүгө алып, анын коопсуздук чараларын күчөткөнүн айтты.

Окуя катталгандан кийин клиниканын Аризон боюнча жооптуу аткаруучу директору Билл Тиммонс иштен кетти. Ал эми компаниянын директорлор кеңешинин вице-президенти Гари Орман иш аягына чейин чыгат деп сөз берди.

"Биздин бейтаптардын жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн колубуздан келген бардык нерсени жасайбыз", - деди ал. (VA)