Борбор азиялык жихадчылар "Аль-Каидага" ант беришти

"Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары Сүрөттүн автордук укугу moderndiplomacy.eu
Image caption "Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары

Борбор Азиядан барып, Сирияда Башар Асаддын режимине каршы согушуп жаткан жихадчыл топтордун "Аль-Каидага" ак кызмат кылууга ант беришкени жөнүндө АКШдагы диний экстремизм боюнча эксперт, саясат таануучу Уран Ботобековдун макаласы moderndiplomacy.eu сайтында жарык көрдү. Ошол макаланы айрым кыскартуулар менен жарыялайбыз.

2019-жылдын январь айынын башында борборазиялык террордук топ "Катибат таухид валь джихад" (КТЖ) "Аль-Каиданын" башкы жетекчиси Айман аль-Завахариге эл алдында ант берүүнү кайрадан жандантты. Айтмакчы, аталган топ "Аль-Каидага" 2015-жылы ант бергени белгилүү. Абу Салохтун берип жатканы тартылган аудиокассета Telegram аркылуу таркатылган. Бул өзбек жихадчыларынын "Аль-Каида" менен байланыштары ого бетер бекем болуп баратканын жана Айман аль-Завахири өзү менен байланыштагы топтор аркылуу Борбордук Азиядагы диний кырдаалга дагы деле таасир берип жатканын көрсөтөт.

"Катибат таухид валь джихаддан" сырткары Борбор Азиядан "Катибат Имам аль-Бухари" (КИБ) жана Түркестан ислам партиясы (ТИП) дагы "Аль-Каидага" ант берген. Азыр алардын баары Сирияда Идлиб провинциясынын түндүк-батышында жихадчылардын суннит тобу Хаят Тахрир аш-Шамдын (ХТШ) жетекчилиги алдында Башар Асаддын режимине каршы согушуп жатат.

ХТШ бир катар стратегиялык билдирүүлөрдөн кийин өзүн "Аль-Каида" менен байланышпаган көз каранды эмес уюм экенин айтып жаткан чакта, анын күжүрмөн отряды КТЖ Айман аль Завахириге берген антын жарыялап жатат. Ошол себептүү Сириядагы борборазиялык топтор "Аль-Каида" менен ХТШты байланыштырган звено болуп калды. Алар мамилени үзгөнүн айтып келаткан менен салафизм боюнча көп эксперттер, анын ичинде мен дагы буга көп ишенбейбиз.

Аль-Каиданын агрессивдүү идеологиясын жана анын Жакынкы Чыгыш менен Борбордук Азияга тараган кара таасирин аныкташ үчүн биз КТЖнын антын терең талдоого алдык.

Өзбек жихадчылары "Аль-Каидага" эмнеге ант берип жатат?

Өзбек жихадчыларынын ант берүү салтанаты аудиого жазылып, андан кийин Телеграммдагы Абу Салохтун барагына "Аль-Каидага ант берүү" деген тема менен жарыяланат. Окулган дуба сөздөргө караганда өзбек жихадчылары "Аль-Каидага" исламдагы маанилүү күн болгон жума намаз убагында беришкен.

Хутбанын 14-мүнөтүндө Абу Салох "Аль-Каидага" ант берүүнүн идеологиялык жана саясий себептерине токтолду. "Исламды ички жана жана сырткы душмандардан туруктуу жана токтобогон жихад коргойт деп Жараткан Алла айткан, ошондуктан мусулмандар биригип мушриктерге (бутпарастарга) жана каапырларга каршы (динсиздер, анын ичинде еврейлер менен христтиандар) күрөшүшү керек",-деп баштады ал сөзүн. - Негизги каапырлар Америка менен Россия, алар мусулмандарга кастык саясатын жүргүзүп жатат. Ошондуктан моджахеддер Жараткандын буйругун аткарып, америкалыктар менен орустарга каршы жихадга аттанышы керек."

КТЖнын лидеринин бул позициясы Аль-Каиданын АКШны мусулмандардын биринчи душманы санаган идеологиялык доктринасына туптуура келет.

Абу Салох андан кийин сөзүн мындай улантты: «Мусулмандар ичтен ыдыраганды токтотуп, Уммага биригиши керек. Биздин күчтөр бириккенде Насрдын келишин тездетет (өзбек тилинде Наср деген сөз жок, ал Курандагы жеңиш же Алланын жардамы деп которулган Ан-Наср сүрөөсү жөнүндө айтып жатат. Ал араб тилиндеги ушул сүрөөнү келтирип жатат.) Абу Салохтун айтымында, "эгер моджахеддер чын жүрөктөн Аллага берилсе, дайыма тобо кылып турса, Ал үчүн шахид болууга даяр болсо, андан Ал сөзсүз Наср берет".

Ошондой эле ал Ан-Насрдын келишин тездетип, каапырларга каршы жихад жарыялаш үчүн биздин жамаат "Аль-Каидага" ант берди деп эмоциялуу сөз айтты. Топтолгондордун ичинен бирөө "Такбир" деп кыйкырды. Андан кийин өзбек террористтери баары "Аллах Акбар" жабыла кыйкырышты.

Ант берүү бүткөндөн кийин Абу Салох "Аль-Каиданы" даңазалап сүйлөдү: "Бул топ исламдын душмандарына алардын өздөрүнүн аймагында бир нече жолу катуу сокку урду, чырымчылар аны азыркыга чейин унутпай заарканышат". (Бул жерде 11-сентябрдагы террордук чабуулду айтып жатат). Өзбек жихадчыларынын лидери АКШ исламдын эң башкы душманы жана эң чоң шайтан деп атап, анын көзүн тазалоо керек деп баса белгиледи.

Абу Катада аль-Фаластини борборазиялык жихадчылардын руханий шыктандыруучусу

Борборазиялык салафиттик-жихаддык топтор "Аль-Каидага" эки этапта биригишкен. Биринчи толкун 90-жылдары Афганистанда башталган, ошондо Чыгыш Түркестан ислам кыймылы менен Ɵзбекстандын ислам кыймылынын салафиттери "Аль-Каидага" ант беришкен. "Аль-Каиданын" постсоветтик Борбор Азия менен Кытайдын Шинжан аймагындагы идеологиялык жүрүштөрүндө башкы ролду Усама бин Ладен ойногон. Чыгыш Түркестан ислам кыймылынын лидери Абул Хак 2005-жылы "Аль-Каиданын" элиттик Шуралар кеңешинин мүчөсү болгон.

Борборазиялык салафит топторунун "Аль-Каидага" биригишинин экинчи толкуну Сириядагы согуш башталгандан кийин болду. Анын айкын далили катары азыр биз карап жаткан КТЖнын "Аль-Каиданын" лидери Айман аль-Завахириге ант бергенин айтсак болот.

Залкар руханий лидер, Аль-Каиданын пропагандисти жана финанисти атыккан салафит динаятчы Абу Катада аль-Филистини Борбордук Азиядан чыккан согушкерлердин "Аль-Каидага" жана "Джабхат аль Нусрага" кошулушунда маанилүү роль ойноду. Азыркы күнү эки миңдей уйгур, өзбек, кыргыз жана тажик жихадчылары "Аль-Каиданын" мүчөлөрү. Салафит-жихадчылардын дүйнөлүк кыймылынын таасирлүү идеологу катары Абу Катада исламдан кеткен мусулмандарды, алардын аялы менен балдарын, еврейлер менен алардын балдарын өлтүрүүнү актаган фатваларды чыгарган.

Абу Салох өзү дагы Абу Катада менен кеңешип-кесип, КТЖнын "Аль-Каидага" биригишине анын батасын алганын айтууда. Өзбек согушкерлеринин лидерлери Абу Катадуну "жихад жолуна нур чачкан Улуу Аалым "(ислам доктринасы менен укугун чечмелеген окумуштуу) деп аташат.

Абу Салох өзүнүн сөзүнүн аягында "Жабхат ан-Нусранын" лидери Абу Мухаммед аль-Джулани менен соңку кездешүүсү, Дамаскыны жеңип алгандан кийин Палестинаны боштондукка чыгаруу боюнча биргелешкен келишими жөнүндө айтты. Айтмакчы, Иерусалимди Израилден бошотуп алуу дагы Айман аль-Завахиринин программасынын максаттарына кирерин айта кетели, анткени Палестина сунниттик салафит-жихадчы топтордун "Аль-Каиданын" айланасына биригишин шарттаган себеп бойдон калууда.

Абу Салох өзүнүн согушкерлерин "Аль-Каидага" өтүшү менен куттуктап, сөзүн аяктады "Бүгүн биздин жамаат Улуу Умманын мүчөсү болуп калды, эми биз ыйык жихаддын жолуна түштүк. Эми биз биздин жамаат үчүн эле эмес, Улуу Умма үчүн да жоопкербиз. Биздин антыбызды Кудай кабыл кылсын".

Жыйылган согушкерлер ичинен "Такбир" деген сөздөр жаңырды. Баары берген антын бекемдеп "Аллах Акбар" деп кыйкырышты.

Тектеш темалар