Ооганстан: тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыгабы?

Taliban fighters seen during a ceasefire in Nangarhar province, Afghanistan, 16 June 2018 Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption АКШ Ооганстандан чыгып кетүү күнүн белгилегенден кийин гана Талибан кыймылы Ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз деп айтты

АКШ расмийлери менен Ооганстандагы талиптер ортосунда алты күнгө созулган сүйлөшүүлөрдү өттү. Эки тарап жолугушуу ийгиликтүү болгонун айтууда.

Бирок талиптер "чечиле элек маселелерден" улам ооган расмийлери менен бетме-бет жолугуудан баш тартууда.

Би-Би-Синин Ооганстандагы кабарчысы Секундер Кермани менен өлкөнүн белгилүү журналисти Сами Юсуфзай Катардагы сүйлөшүүлөрдө кандай көйгөйлөр көтөрүлгөнүн жана жолугушуу 17 жылга созулган согушту токтото алабы деген суроолорго жооп издеди.

Сүйлөшүүлөр эмнеге маанилүү?

АКШ менен Талибан кыймылы Катардагы сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун белгилеп жатат. Ооганстанда салгылашуулар уланып жатканы менен, тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыштар бар.

Саясат таануу боюнча адис Ахмед Рашид сүйлөшүүлөр абдан маанилүү болгонун жана эки тарап "Ооганстанда жарандык согушту токтотууга мурда болбогондой жакындаганын" билдирди.

Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда согушкерлер Катардагы Талибан кыймылынын кеңсесин Мулла Абдул Гани Барадер жетектейт деген билдирүү таратты. Ал буга чейин Пакистанда камакта болчу.

Талдоочулардын айтымында, Мулла Барадер көптөгөн жылдан бери "тынчтык жана туруктуулукту" каалап келген. Ошондой эле анын Ооганстандагы радикал лидерлерди тынчтыкты кабыл алууга көндүрүүгө таасири жетет деп айтылууда.

Катардагы сүйлөшүүлөрдө кандай көйгөйлөр көтөрүлдү?

Эки маселе боюнча жылыштар болду деп жоромолдонууда:

  • АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы боюнча маселе;
  • Талиптер келечекте Ооганстандын аймагында ал-Каида сыяктуу жихадчыл топторго баш калкалоочу жай түзүп бербейт;

Талиптердин жогорку даражадагы расмийлеринин билдиришинче, эки тарап атайын комитет түзүп, келишимдерди ишке ашыруунун үстүндө иш алып барышат.

Атын атагысы келбеген Талибан расмийи: "Аскерлерди чыгарып кетүү, ага канча убакыт керек экени талкууланат. Биз алты ай жетиштүү деген пикирдебиз. Бирок ийкемдүүбүз",-деп Би-Би-Сиге айтты.

Ошондой эле комитет бир нече аптанын ичинде Талибан кыймылы ал-Каида менен байланышын үзүү боюнча так кадамдарды иштеп чыгат. Талибан кыймылы менен АКШ расмийлери февраль айында кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү ыктымал.

Ок чыгарбоо келишими сүйлөшүүлөрдө талкууландыбы?

АКШ менен Талибан кыймылы көптөгөн көйгөйлөр сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек экенин айтышты.

Бирок ок чыгарбоо келишими сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн жок. АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарган күнү такталгандан кийин гана талиптер ок чыгарбоо боюнча келишим тууралуу сөз кылса болот деген саясатты карманат.

Талдоочулар белгилегендей, талиптер ок чыгарбоо келишиминен кооптонот. Себеби куралдарын таштаган согушкерлер аскердик аракеттерге кайра кошулбай коюшу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Талиптер үч күндүк ок чыгарбоо келишими учурунда Ооган аскери менен сүрөткө түшкөн

Андан тышкары талиптер Ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү качан өткөрүүгө макул болоору белгисиз бойдон калууда. Согушкерлер президент Ашраф Ганинин өкмөтүн "марионетка" деп атап, АКШ расмийлери менен жолугуп келет.

Ооган өкмөтүнүн пикири кандай?

Давос шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда президент Ашраф Гани 2014-жылдан бери 45 миң ооган коопсуздук кызматкерлери набыт болгонун айтты.

"Бул статистика ким согушуп жатканын көрсөтөт", -деди ал.

Давосто Катардагы сүйлөшүүлөр тууралуу суроолор берилгенде, Гани АКШ расмийлери биринчи кезекте "талиптерди ооган өкмөтү менен бетме-бет жолуктурууга умтулуп" жатканын, андан кийин гана башка көйгөйлөр боюнча талкуу болоорун айткан.

Ооган лидеринин сөзүнөн кийин президент Гани олуттуу сүйлөшүүлөрдө четте калганына нааразы болуп жатканын көрсөттү, деп талдоочулар тыянак чыгарышты. Ал эми АКШ президенти Трамп америкалык аскерлерди Ооганстандан тез арада чыгарып кетүүнү көздөйт.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын президент Ганиге айтып берүү үчүн Кабулга баратканын жана келишимге жетүү үчүн "оогандар өз ара диолог" башташы зарыл экенин "твиттерге" жазган.

Ооган өкмөтү менен талиптердин ортосундагы сүйлөшүүлөр катаал болот деп күтүлүүдө. Эки тарап согушту токтоткондон тышкары, аялдардын укугу, демократия, талиптердин саясатка аралашуусу боюнча көйгөйлөр боюнча мунаса табышы керек.

Өткөн сүйлөшүүлөрдө эмне болду эле?

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыккан эмес.

2015-жылы Пакистан ортомчу болгон сүйлөшүүлөр Талибан кыймылынын башчысы Мулла Омар көз жумгандан кийин үзгүлтүккө учураган. Талиптер Ооган өкмөтү менен Мулла Омардын башкаруусу алдында макул болгону айтылган.

2013-жылдагы сүйлөшүүлөр мурдагы президент Хамид Карзай нааразы болгону үчүн үзгүлтүккө туш болгон. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар