Бразилиядагы дамба кырсыгы: 58 киши набыт болуп, жүздөгөнү дайынсыз

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Бразилиядагы кырсыктан алтымыштай киши набыт болду

Бразилиянын түштүк-чыгышында дамбадагы кырсык 58 кишинин өмүрүн алып, 300дөй киши дайынсыз болуп жатат. Куткаруучулар дайынсыз кеткендерди тирүү табуу мүмкүнчүлүгү улам азайып жатканын айтууда.

Прорыв дамбы в Бразилии Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Дамба жырылып кеткен кырсык ишембиде Брумадинью шаарына жакын жердеги шахтада катталган. Кырсыктын себеби тактала элек. Эки күндүк куткаруу иштеринин жүрүшүндө 192 киши табылды.

"48 сааттык издөө иштеринен кийин тирүү калгандарды табуу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Бирок биз тирүү кишилерди таап калабыз го деген үмүт менен ишти улантып жатабыз",-деди куткаруу операциясын башкарып жаткан Эдуардо Анжело.

Прорыв дамбы в Бразилии Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Куткаруу иштеринин жүрүшүндө тик учактар колдонулуп жатат
Бразилиянын түштүк-чыгышында дамбадагы кырсык 58 кишинин өмүрүн алып, 300дөй киши дайынсыз болуп жатат Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Кен иштеткен жердеги таштандылар топтолгон дамба жырылып кеткенден кийин жүздөгөн кызматкер тамактанып жаткан кафени басып калган. Андан соң жакынкы үйлөргө чейин жетип, унаа жана жолдорду басты.

15 метрге чейин жеткен баткактан улам, бир нече райондорго баруу кыйын болууда. Татаал жерлердеги издөө иштерин куткаруучулар тик учактын жардамы аркылуу ишке ашырууда.

дамба кырсыгы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
дамба кырсыгы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жергиликтүү куткаруучуларга Израилден аскер суучулдары жана инженерлер бригадасы жардамга келди.

Өлкө бийлиги кен байлыкты иштетип жаткан Vale компаниясынын 2,9 млрд доллар каражатын тоңдуруу чечимин кабыл алды.

15 метрге чейин жеткен баткактан улам, бир нече райондорго баруу кыйын болууда Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 15 метрге чейин жеткен баткактан улам, бир нече райондорго баруу кыйын болууда
Бразилиядагы дамба кырсык Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Vale директору Фабио Шварцман компания коопсуздук чараларын сактоо боюнча берилген көрсөтмө, кеңештердин баарын аткарып келгенин айтты.

2015-жылдын ноябрында дагы Vale жана BHP Billiton компаниясына таандык шахтанын дамбасында кырсык болгон эле.

Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин BHP Billiton жана Vale өкмөткө эки миллиард доллар төлөп бермек болгон. (AbA)

*

Тектеш темалар