Бизде кычыраган кыш, Австралия рекорддук ысыктан айласы кетүүдө

Австралияда соңку эки аптадан бери күн өтө катуу ысып, Цельсия боюнча 45 градустан жогору болду. Кишилер жана жаныбарлар мындай аптаптан кантип жан сактоонун айласын издеп жатат.

Подростки на пляже Гленелг в Аделаиде в Австралии Сүрөттүн автордук укугу EPA

Бейшембиде Аделаидада Цельсия боюнча 47,7 градус температура катталды. Аба ырайына байкоо салган жылдардан бери мындай рекорддук ысык болгон эмес эле.

Тургундардын көпчүлүгү суу жээгине барып, эптеп ысыктан качууда.

Кенгуру Сүрөттүн автордук укугу ANDREW CORRELL

Аделаида тургуну Эндрю Корелл кенгуру анын участогуна кирип келгенин айтып берди. Жаныбар көлөкө издеп жүргөн. Эми аны саат сайын суу чачып, сергитип жатышат.

Кенгуру Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Айрым жаныбарлар ысыкта араң жашап жатышат. Жердин катуу ысыгы, нымдуулуктун жетишсиздиги аларды өлтүрүп салышы да мүмкүн.

Пожарные Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тасманияда өрт өчүргүчтөр катуу ысыктан улам тутанган токойлордогу 50гө чукул өрттү өчүрүүгө аргасыз болду.

Вертолет Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бир нече шаарда тургундар өрт коркунучунан улам үйлөрүн таштап чыгып кетти.

Дети играют в фонтане Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мельбурндагы Australian Open деп аталган теннис мелдеши ысыктан улам бир нече ирет токтотулду. Күйөрмандар мындан пайдаланып, сууга түшүп жеңилдеп алышты.

Шимпанзе Сүрөттүн автордук укугу ADELAIDE ZOO

Аделаида зоопаркында жаныбарларга тоңдурулган азыктарды берип жатышат. Бул күндүн ысыгынан күйүп кетпесин деген арга.

Панда принимает ванну Сүрөттүн автордук укугу ADELAIDE ZOO

Башка жаныбарлар, мисалы пандалар тынымсыз сууга түшүп турууга аргасыз болуп жатат.

Собака Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эгерде сууга түшүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, башты сууга малып дагы жеңилдеп алса болот.

пляж Бронте в Сиднее Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Сидней тургундары дагы суу жээгинде көп убактысын өткөрүшөт. Бирок башка аймактарга салыштырмалуу күн өтө ысык эмес.

Swimmers at Bronte Rock Pool in Sydney on Tuesday Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул жолку январда Австралиянын аба ырайына байкоо салган учурунан бери бешинчи ирет катуу ысык катталды. (AbA)

*