Рак илдети менен күрөшкөн тооктор

GM Сүрөттүн автордук укугу Norrie Russell, The Roslin Institute

Эдинбург университетинин окумуштуулары генетикасы өзгөртүлгөн тоокторду өстүрдү. Тоок жумурткалары айрым рак илдеттерине туруштук бере алат.

Жумуртканын белогунда вуристар менен күрөшө алган IFNalpha2a жана макрофаг-CSF аттуу заттар бар. Алар жабыркаган клеткаларды калыбына келтирет.

Тооктордун ДНКсына адамдын белокту иштеп чыккан гени кошулган. Буга чейин окумуштуулар эчки, коён жана тооктордун генетикасын өзгөртүп, белокторду иштеп чыгууга аракеттенишкен. Бирок бул изилдөөдө белоктун көлөмү кыйла жогору болгон.

"Үч эле жумурткада дарынын көлөмүндөгүдөй белок бар", -деп айтылат изилдөөдө.

Сүрөттүн автордук укугу Norrie Russell, The Roslin Institute

Организмге кандайдыр бир элемент, айрым учурда белок жетпей калганда, илдет өөрчүп кетет деп айтылат. Бул оорулардын алдын алуу үчүн түрдүү дары-дармек колдонулат. Белокту дары кылып чыгаруу да мүмкүн. Бирок тооктордун жумурткасын колдонуу жүз эсе арзан.

"Тооктордун жардамы менен мындай дарыларды өндүрүү жүз эсеге чейин арзан болот", -дейт дарыгер Лисса Херон.

Бирок бул жумурткаларды жалпы элге жеткирүү үчүн текшерүүлөр он жылдан жыйырма жылга чейинки убакытты талап кылышы мүмкүн. Изилдөөчүлөр биринчи кезекте жаныбарларга мындай дарыларды даярдоону көздөп турат.

Ошондой эле бул ыкма антибиотик көйгөйүн да чечет. Буга чейин окумуштуулар антибиотиктерге туруштук бере алган бактериялар чоң маселеге айланышы мүмкүн экенин айтып, коңгуроо кагып келишкен. Эгерде жаңы антибиотиктер ойлоп табылбаса, 2050-жылы супербактериялардын таасиринен дүйнөдө жыл сайын 10 миллион адам каза табышы ыктымал.

Дарыгерлер антибиотиктерди түрдүү илдеттерге жана инфекцияларга каршы колдонот. (AT)

Интернеттеги тектеш шилтемелер

Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.