Азия кубогу: Футбол талаасына жеткен саясат

Азия кубогунун жарым финалында Катар менен Бириккен Араб Эмираттары бет келип, талаа ээлери 4-0 эсебинде утулуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Катар болсо ийгиликтүү оюндан соң Азия кубогунун финалына чыкты. Эми Жапония менен чемпиондук үчүн беттешет.

Бирок оюн учурунда БАЭ күйөрмандары Катар курама командасынын оюнчуларын көздөй бут кийимдерин жана бөтөлкөлөрдү ыргытты.

Жакынкы Чыгышта бут кийимди адамды көздөй ыргытуу шылдыңдоонун бир түрү. Бут кийим тийген адам "жердеги топурактан да төмөн" дегенди билдирет.

Абу-Дабиде беттеш башталганда Катардын улуттук гимни жаңырып жатканда жергиликтүү күйөрмандар кыйкырып, тоскоолдук жаратууга аракеттенди.

Буга эки өлкөнүн ортосундагы саясий тирешүү себеп болгондой. Катар коңшу Араб мамлекеттери тарабынан кысымга алынып келүүдө. Мындан эки жыл мурун Перс булуңдагы өлкөлөр Катар террордук уюмдарды колдойт деген нааразылыгын айтып, Доханы экономикалык блокадага алган.

"Бизге оңой болгон жок. Бирок оюнчулар кысым болорун билген. Алар мүнөзүн көрсөтүп, чагымчыл аракеттерге алданган жок. Мен сыймыктанып турам", -деди Катар курамасынын башкы машыктыруучусу Феликс Санчес.

Сүрөттүн автордук укугу Etsuo Hara/Getty Images

"Бул шерменде окуя жакын арада унутулбайт"

Би-Би-Синин спорт кабарчысы Мани Жазми

Оюндун алдында жергиликтүү күйөрмандардын ызырынган маанайы көп деле байкалган эмес. Кыязы, стадиондогу жаңырган музыка фанаттардын кыйкырыктарын басып кетип жаткан окшойт.

Качан гана Катардын улуттук гимни ойнолуп жаткан, БАЭ күйөрмандарынын кыйкырыктары угулуп, тоскоолдук жаратып жатты. Дал ошондо оюндагы курч абал дароо сезилди.

Оюн башталганда жергиликтүү фанаттар өз курамасын колдоп, беттеш тынч өтөт деген үмүттөр жаралды. Бирок мындай маанай 37 мүнөткө гана созулду. Катар эсепти ачып, алдыга чыкты.

Азия кубогунун эң мыкты чабулчуусу Алмоез Али эсепти 2:0 кылганда, фанаттар бут кийимдерин талаага ыргыта баштады. Оюндун аягында талаадагы бут кийимдер жана бөтөлкөлөр көзгө урунуп турду.

Бул шерменде окуя Жакынкы Чыгышта чукул арада унутулбайт жана Катардын блокадага алган мамлекетти жеңип алганы да талаш-талкууга жем таштамакчы. (AT)