Климаттык өзгөрүүлөр таасирин тийгизе баштадыбы? Айрым өлкөлөр аязга тоңду

АКШнын көп аймактарын рекорддук суук аба ырайы каптап, кар калың түштү. Метеорологдор айрым жерлерде күндүн суугу Цельсия боюнча -53 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн экенин эскертүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
АКШдагы катуу суук

Айова штатынын бийлиги болсо жергиликтүү тургундарга көчөдө сүйлөбөө жана терең дем албоо кеңешин берген.

Өлкөнүн Висконсин, Мичиган жана Иллинойс штаттарында, ал эмес түштүк тараптагы Алабама жана Миссисипиде өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды.

Адистер мындай суукта он эле мүнөттүн ичинде үшүккө алдырып коюу мүмкүн деп эскертүү берди. Сууктун жеткен чеги шейшемби менен бейшемби күндөрү болот деп айтылган. Бул күндөрү Чикагодо Антарктидадан дагы катуу суук болот. Көчөдө суук -46 градуска чейин болушу күтүлүүдө.

схема
Image caption Ызгаар суук Кыргызстанга дагы жетеби?

Шейшембиде АКШда 1100 ички аба каттамы токтотулду. Көпчүлүк штаттарда мектептер жабылды.

Климаттык өзгөрүүгө скептиктик көз караштагы АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттер" баракчасына: "Глобалдык жылуулукка эмне болду? Бизге өтө керек болуп жатасың, тезирээк кайтып кел",-деп тамашалап жазды.

Шейшембиде АКШда 1100 ички аба каттамы токтотулду Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шейшембиде АКШда 1100 ички аба каттамы токтотулду

АКШдагы кыргыздар кантти?

АКШнын Чикаго шаарында жашап, эмгектенген Кыргызстандын жараны Айнура Давлетбекованы кепке тартып, катуу аяздагы шаар турмушу кандай болуп жатканын сурадык.

Айнура Давлетбекова: 1994-жылдан бери биринчи жолу ушундай ызгаар суук болуп жатат. Жаңылыктарда андан бери ушундай суук боло элек болчу деп кабарлашты. Бул жакта азыр мектептер, ишканалар жабык турат. Оорукана сыяктуу эде мекемелер иштебесе, башкалары бүт жабык. Шаардын мэри улам-улам кайрылуу жасап, үйдөн чыкпагыла, жылуу болгула деп эскертүүдө. Жаңылыктарда он мүнөттөн ашуун эшикте жүрбөгөнгө аракет кылгыла деп айтып жатышат. Себеби он мүнөттөн кийин дене тоңо баштайт экен. Бирок үйлөрүбүз жылуу, свет өчпөйт.

Айнура Давлетбекова
Image caption Айнура Давлетбекова

Би-Би-Си: Жергиликтүү бийлик темир жолдор тоңуп калбашы үчүн от жагып, аны жылытып жатат деген жаңылыктар да чыкты. Коомдук транспорт үзгүлтүккө учураган жокпу?

Айнура Давлетбекова: Жакшы эле иштеп жатат. Темир жолдордун тоңуп калган жерлерин ысытып жатышат. Бирок иштегени иштеп жатат, автобустар, метролор токтогон жок.

Би-Би-Си: Дүкөндөр ачыкпы? Азык-түлүк алууга мүмкүн да?

Айнура Давлетбекова: Ачык, унаага түшүп барып керектүүнү алып жатабыз. Машиналар эшиктин алдында эле турат. Жылытып алып эле жылып кетебиз. Кадимки эле жашоо. Бирок мурдагыдай көптөр унаалары менен жүргөн жок. Суук болордун астында жаңылыктардан улам эскертүүлөр айтылган. Эл керектүү азык-түлүгүн алып алган болуш керек. Биз ошенткенбиз.

Би-Би-Си: Ызгар суук кыргызстандыктарга, жалпы чикаголуктарга кандай кыйынчылыктарды алып келди?

Айнура Давлетбекова: Американы билесиздер да, бул жерде токтобой иштөө керек. Айлык саат сайын төлөнөт. Бул жактагы кыргыздарга оор эле болуп калат. Анткени саатка иштеп айлык алгандар, ишке чыга албай калышты. Эң чоң проблема ошол, акча маселеси.

Мичиган штат Сүрөттүн автордук укугу AFP

Уюлдук бороон түштүккө кайдан жетти?

Жөнөкөй тил менен айтканда, уюлдук бороон - түндүктөн келген ызгаар суук.

Соңку элүү жыл ичинде парник газдарынын абага бүркүлүшүнөн улам Жердеги температура орточо алганда Цельсия боюнча бир градуска ысыды. Бирок башка чөлкөмдөргө салыштырмалуу Арктика өтө тездик менен жылып жатат. Ал жерде мөңгү жана кар бат ээрип, мөңгү ээригенден кийинки карайган жер күндүн нурун өзүнө көбүрөөк сиңирип алууда. Бул болсо андан ары дагы катуу күндүн ысышына себеп болот.

автобуска күтүү Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Уборка снега в Онтарио Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мына ушундай абалдан улам уюлдук бороон бузулду дейт адистер. Окумуштуулардын көпчүлүгү глобалдык жылуулануудан улам кыш катаал боло бериши мүмкүн деген пикирде.

АКШ кар жана аяз алдында жүдөп жатканда, Австралия ысыктан айласы кетүүдө. Өткөн аптада бир нече рекорддук температура катталды: Аделаидада термометр Цельсия боюнча 46,6 градуска чейин көрсөттү.

Суук Кыргызстанга дагы жетеби?

Бишкек Сүрөттүн автордук укугу Nargiza Ryskulova
Image caption Бишкек

Океандын аркы тарабында ызгаар суук, Орусияда болсо бир нече күндөн бери калың кар жаады. Кыргызстанда быйыл кыш жылуу болуп жатат. Бул аба ырайы жазга чейин сакталабы? Би-Би-Си Кыргызстанжын Метериологиялык болжолдоолор боюнча бөлүм башчысы Махбуба Касымовага кайрылы:

"Биздин болжолдоолор боюнча азыр Кыргызстандын аймактарына шамаал түштүк-батыш тараптан келип жатат. Февралдын бешинен баштап бизге дагы батыш-түндүк тараптан суук аба ырайы келет. Көпчүлүк аймактарда 5-6-февралда кар жаайт. Абанын температурасы абдан төмөндөшү күтүлүп жатат. Түндүк райондордо, Чүй, Талас областарынын дыйканчылык аймактарында абанын түнкү температурасы 15-20 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Абанын күндүзгү температурасы 5-10 градуска чейин төмөндөшү күтүлүп жатат. Ошондой суук аба ырайы түштүк райондордо да күтүлөт. Түштүк аймактарында абанын түнкү температурасы 10-15 градус суук, күндүзгү температура 3-8 градуска чейин төмөндөйт", -деди Махбуба Касымова. (AbA, AT)

тоолор Сүрөттүн автордук укугу Nargiza Ryskulova

*

Тектеш темалар