Трамптын жылдык кайрылуусу: Эң орчундуу төрт маселе

Дональд Трамп выступает перед обеими палата Конгресса 5 февраля 2019 года. На заднем плане вице-президент США Майк Пенс и спикер палаты представителей Нэнси Пелоси Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Трамп АКШнын ички саясаты, экономикалык көйгөйлөрү жана тышкы саясатына токтолду

АКШ президенти Дональд Трамп "Өлкөдөгү иштердин абалы тууралуу" (State of the Union) Конгресстеги жылдык кайрылуусунда келерки айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен саммит өтөрүн жар салды.

Бир саат жыйырма мүнөткө созулган кайрылуусунда президент Трамп АКШнын ички саясаты, экономикалык көйгөйлөрү жана тышкы саясатына токтолду.

Президент биримдикке чакырганы менен демократтардын "партизан иликтөөлөрү" АКШга коркунуч жаратып жатканын айтты. Ал эми демократтар Трамп Американын баалуулуктарын унутканын билдиришти.

Ошондой эле президент Трамп Мексика менен чектеш аймакта дубал куруу зарыл экенин баса белгиледи.

АКШ-Түндүк Корея саммити

Ким Чен Ын менен саммит 27-28-февралда Вьетнамда өтөрү пландалууда.

Трамп өзүнүн кайрылуусунда "туткунга алынган америкалыктар үйүнө кайтып келди, Пхеньян өзөктүк куралдарын сынабай калды, 15 айдан бери бир да ракета атылган жок" деп айтты.

"Кошмо Штаттары мени президент кылып шайлабаса, менимче азыр АКШ Түндүк Корея менен согушуп жатмак", -деди Трамп.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "Кошмо Штаттары мени президент кылып шайлабаса, менимче азыр АКШ Түндүк Корея менен согушуп жатмак", -деди Трамп.

Жаңы жылдын алдында Түндүк Кореянын лидери өзөктүк куралды жок кылууга даяр экенин айтып, бирок АКШ санкцияларды албаса, өзөктүк курал программасын кайра жандантарын айтты.

Андан бери Ким Чен Ындын "оң колу" аталган генерал Ким Ен Чол Вашингтонго келип, Трампка кат жеткирди. АКШнын лидери Ким Чен Ын менен мамилеси жакшы экенин, бирок алдыда көп иштер бар экенин кайрылуусунда белгилеп өттү.

Эки лидер өткөн жылы Сингапурда саммит өткөрүп, декларацияга кол коюшкан. Бирок анда Түндүк Корея өзөктүк куралынан кантип арылышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда Пхеньянга салынган санкциялар тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралынан баш тарта турган болсо, АКШ тарап буга жооп кылып Ким Чен Ындын коопсуздугуна кепилдик берерин белгилеген.

Ракеталык келишимдин денонсациясы

Президент Трамп СССР менен АКШнын ортосунда жетишилген орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгаруу, колдонуу жана жайгаштырууга тыюу салган келишимди денонсациялоо боюнча Вашингтондун позициясын айтып, "башка жол жок" деп билдирди.

Өткөн аптада АКШ 1987-жылы түзүлгөн келишимден чыгып жатканын жар салды. Орусия дагы жооп кайтарып, келишимди жокко чыгарды. Бирок Путин "мурдагы сунуштар дагы деле күчүндө" деп айтты.

Трамп Конгресстеги кайрылуусунда АКШ келишимди урматтап жатканда, Москва болсо аны бузду деп айыптады.

"Балким, биз башка келишимге жетебиз. Ага Кытай жана башка мамлекеттер да кошулат. Балким, мунаса таба албай калабыз. Андай жагдайда биз инновация жана каражат жагынан баарынан алдыга чыгабыз", -деди Трамп.

Орусия Вашингтондун дооматтарын четке кагып келет. Кытай болсо буга чейин АКШны көйгөйдү диалог аркылуу чечүүгө үндөп, келишимди урматтоого чакырды.

АКШнын чет өлкөдөгү аскердик аракеттери

Президент Трамп Ооганстандагы согушту токтотуу үчүн "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айтты.

Өткөн аптада АКШ расмийлери менен Ооганстандагы талиптер ортосунда алты күнгө созулган сүйлөшүүлөр өтү, эки тарап жолугушуу ийгиликтүү болгонун билдиришкен. Катардагы сүйлөшүүлөрдө АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы боюнча маселеде жана талиптер келечекте Ооганстандын аймагында "Ал-Каида" сыяктуу жихадчыл топторго баш калкалоочу жай түзүп бербейт деген көйгөй боюнча жылыштар болду.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Америкалык аскерлер Сириядан чыгып кетсе, Түркия күрддөргө согуш ачабы?

Ошондой эле АКШ лидери Сирия жана Иракта өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ көзөмөлдөгөн аймактардын дээрлик баары бошотулганын билдирди.

Трамп АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттеринде жети триллион доллар сарпталганын жана жети миң америкалык аскер каза тапканын белгиледи.

"Дөө-шаа мамлекеттер учу-кыйырсыз согушка барбайт", -деди Трамп. Президент шайлоо өнөктүгү учурунда америкалык аскерлерди Жакынкы Чыгыштан чыгарам деп убада кылган.

Трамптын чек арадагы "дубалы" курулабы?

АКШнын президенти Конгресстеги кайрылуусунда кайрадан Мексика менен чек арада "дубал" курулат деп айтты. Ал мыйзамсыз миграцияны "улуттук кризис" деп атады.

Мыйзамсыз миграцияны токтотуу, "гуманитардык кризисти жайгаруу" үчүн 3200 километрге созулган "дубал" тургузуу керек деген идеясын Трамп эки жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 5,7 млрд доллар талап кылынат. Бирок Сенаттагы демократтар президенттин долбооруна каражат бөлүүдөн баш тартууда.

Трамп жылдык кайрылуусунда америкалыктар мыйзамсыз миграциядан жапа чегип жатканын кайрадан белгилеп өттү. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар