Талиптер Москвада: Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр

е Шер Мохаммад Аббас Станикзай Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дохадагы "Талибандардын саясий бюросунун" өкүлү Шер Мохаммад Аббас Станикзай өткөн жылы Москвадагы сүйлөшүүлөргө катышкан эле. Бул жолу дагы сүйлөшүүгө келет

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) 5-6-февраль күндөрү Москвада өтө турган тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөргө катыша турганы белгилүү болду.

Ага "Талибандын" Дохадагы кеңсесинин өкүлдөрү менен ооган саясатчылары, партия өкүлдөрү жана өлкөнүн мурдагы президенти Хамид Карзай катышат.

Би-Би-Синин Ооган кызматынын редактору Давуд Азам сүйлөшүүлөрдү ооган диаспорасы уюштурду деп айтылганы менен, Москванын колдоосу сөзсүз мааниге ээ дейт.

"Расмий булактар сүйлөшүүлөрдү Орусиядагы ооган диаспорасы уюштурганын айтууда. Бирок сүйлөшүүлөр Москванын колдоосу болбосо өтмөк эмес. Алар сүйлөшүүлөргө түздөн-түз катышкысы келген жок. Бирок Кремль региондогу ири оюнчу экенин жана Ооганстандагы окуяларга таасири бар экенин көрсөткүсү келет. Ошондой эле бул кадамды америкалыктарга да кыр көрсөтүү катары түшүнсөк болот. Учурда АКШ талиптер менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Ал эми Москва Ооганстандагы оюнчулар ортосунда диологду баштап жатат. Бир гана маселе, ооган өкмөтү сүйлөшүүлөргө катыша албайт. Себеби "Талибан" кыймылы алар менен сүйлөшүү өткөрүүдөн баш тартууда",-деди Азам.

Сүйлөшүүлөргө Тынчтыкты орнотуу кеңешинин өкүлдөрү менен ооган өкмөтү катышпай турганы белгилүү болуп калды. Демек, өткөн аптада АКШ менен талиптердин ортосунда Дохада өткөн жыйынга салыштырмалуу, Москвадагы жолугушуудан натыйжа аз болушу мүмкүнбү?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өткөн жылдын ноябрындагы жолугушуу

Москва тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан оюнчулардын баары менен байланышы бар. Бирок алардын баарына бирдей таасир эте албайт. Айталы, Кабулдагы расмий өкмөткө Москванын таасири чектелүү. Ошол эле учурда АКШ ооган өкмөтүнө эмне кылыш керектигин так буйрук менен бере тургандай таасирге ээ. Ушунун баарын эске алганда, бир эле учурда бир нече сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандай таасир калтырып жаткан жокпу?

Давуд Азам түшүндүргөндөй, америкалыктар демилгелеген сүйлөшүүлөр оогандагы "Талибан" кыймылы менен өтүүдө. Буга чейин төрт ирет жолугушуу болгон.

"Алар эки маанилүү маселени талкууга алууда. Биринчиси, талиптер талап кылып жаткан чет элдик аскерлерди Ооганстандан чыгаруу. Экинчиси, АКШ келечегинде өзүнүн жана союздаштарынын коопсуздугуна Ооганстандан коркунуч жаралбайт дегенге кепилдик сурап жатат. Башкача айтканда, "Талибан" эсктремисттик, террордук уюмдар, "Аль-Каида" сыяктуу топтор менен байланыш түзбөшү керек. Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топко каршы күрөш жүргүзүшү зарыл. Бул эки маселе "Талибан" менен АКШ ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизи болуп жатат. Алар Ооганстандын келечегин же саясий түзүмүн талкуулап жаткан жери жок. Ал эми Москвадагы сүйлөшүүлөр оогандардын ички диалогунун башталышы болуп калмакчы. Ооба, ооган өкмөтү бул сүйлөшүүлөргө катышпайт. Бирок келечегинде мындай сүйлөшүүлөр Ооганстандын өзүндө өтөт. Мына ошондо сөзсүз катышат. "Талибан" бул жолу Москвага 10 кишиден турган делегациясын жөнөтүүдө. Андан сырткары 40ка чукул таанымал саясатчылар, экс-президент Хамид Карзай баштаган мурдагы бийлик өкүлдөрү келишет",-деди Азам.

Өткөн апталарда АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Катардагы жолугуп, алты күнгө созулган сүйлөшүүлөр өткөн эле.

2001-жылы АКШ башында турган коалиция Ооганстанга аскерлерин киргизгенден бери абал турукташа элек. 17 жыл мурун бийликтен кулатылган "Талибан" кыймылы кийин жоготкон аймактардын көбүн кайрадан көзөмөлүнө алган.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Талиптер үч күндүк ок чыгарбоо келишими учурунда ооган аскери менен сүрөткө түшкөн

АКШнын аскердик аракеттери менен 2001-жылдан бери он миңдеген талип куралчандары кармалып же жок кылынды. Бирок ага карабастан "Талибан" кыймылы алсырап калды деп айтууга болбойт. Он жыл мурун АКШ менен ооган өкмөтү өлкөдө 15 миң согушкер бар деп болжогон. Бүгүнкү күнү согушкерлердин саны 60 миңге жетти деп айтылууда.

Өткөн жылы талиптердин чабуулдары көбөйүп, ооган армиясы кыйынчылыкка туш болду. Ооган аскерлери туруштук берүүгө аракеттенип жатат. Бирок кишилей жоготуулар көп болуп, аскер башчыларынын жөндөмдүүлүгү чоң маселе бойдон калууда. Ошондой эле армияда коррупция күч алды, логистикалык көйгөйлөр чечиле элек.

Өлкөдөгү саясий топтордун тирешүүсү дагы коопсуздукка терс таасир этүүдө. 2014-жылы президенттик шайлоодон кийин эки атаандаш топ Бирдиктүү улуттук өкмөт түзгөн. Ага карабастан эки саясий күч көптөгөн маселе боюнча мунаса таба албай келет.

Андан тышкары регионалдык мамлекеттер дагы кызматташуусун күчөтүшү керек. Ооганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн АКШ, Кытай, Орусия сыяктуу ири державалардан тарта Индия, Пакистан, Иран жана Сауд Арабия сыяктуу регионалдык оюнчулар дагы бири-бири менен мунаса табуусу өтө маанилүү. Ошондой эле Ооганстандын ички оюнчулары дагы кызматташууга жол ачышы зарыл. (AbA)

Тектеш темалар