Соода согушунан Кытайдын коңшулары жабыр тартабы?

Дональд Трамп менен Кытайдын ортосундагы соода согушу кытайлык экономиканын өсүшүнө кесепетин тийгизди. Ошол эле учурда америкалык компаниялар жабыр тартты.

Image caption Кытай Трамптын айткандарына өзүндөй жооп кайтарууда

Бирок мындан пайда тапкандар болобу? Ырас, АКШ же Кытай мындан эч нерсе утпашы турган иш. Импортко салынган кошумча салыктан улам америкалык компаниялар Кытайдан товар алууну кыскартты. Кытайдын абалы деле ушундай.

Ортодо буларга товар жеткире турган башка өнөктөр керек болуп турат.

БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын докладында АКШ менен Кытайдын ортосундагы талаштан "америкалык жана кытайлык фирмалардын товарын ташып жеткирүүгө технологиялык жана экономикалык дарамети бар өлкөлөр утуп чыгары" айтылды.

АКШ Кытайдын жылына акчалай наркы 250 миллиард долларлык товарына кошумча бажы тарифин киргизген. Кытай болсо акчалай наркы 85 миллиард долларлык америкалык товарларга кошумча бажы төлөмүн салды. Эгерде 1-мартка чейин мунаса табылбаса, АКШ Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча бажы тарифтерин 10 пайыздан 25 пайызга көтөрөт. Президент Трамп 257 миллиард долларга тете товарга бажы төлөмдөрүн жогорулатам деп опузалаган эле.

Соода согушу компанияларды башка өлкөлөрдөн товар жеткирип бере турган өнөктөрдү издөөгө аргасыз кылууда. Бирок БУУнун эсеби боюнча, башка өлкөлөрдүн үлүшү баары бир 5 пайыздан ашпайт.

Жалпы суммасы 300 млрд долларга барабар болгон Кытай менен АКШ ортосундагы калган кыскарып кеткен 90 пайыз экспорттун ордун ким жабат? Болжолу 70 млрд экспорт Европа Биримдигинин 28 өлкөсүнө, 20 миллиард ашууну Жапония жана Мексика, Канадага туура келет деп айтылат докладда.

Айталы, эки өлкөнүн соода согушу Мексика менен Вьетнамдын товар сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешесин өстүрөт деп күтүлүүдө. Бирок бул өлкөгө өткөн бизнестер келечектеги экспорттун 5 гана пайызын камсыздай алат деп болжойт БУУ адистери.

Мындан эч ким утпайт

БУУнун эксперттери эки ири экономиканын соода согушу дүйнөгө чоң эле сокку урат деп эсептейт.

"Мунун кесепети бүтүндөй эл аралык соода системасына тескери таасирин тийгизет",-деди басма сөз жыйынында БУУнун Соода жана өнүгүү конференциясынын жетекчилеринин бири Памела Кок-Хамильтон.

"Биз азыр валюталык согушту жана девальвациянын толкунун, жумушсуздук менен стагфляцияны көрүп жатабыз. Бирок негизгиси, мунун баары чегинен ашып кетип, башка тараптарга дагы коркунуч туудурат".

Биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыркайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытай - дүйнөдөгү эң ири экспортчу

Кытайдын АКШга экспортунун чоң бөлүгү, дээрлик 40 пайызы андан ары америкалыктар жасап чыккан товардын тетиктери эсептелет. Кытай болсо тетиктерге керектелгендердин көбүн коңшуларынан сатып алат. Эгерде кошумча бажы төлөмдөрү бул сатууларды кыскартса, анда Кытай дагы коңшуларынан сатып алууларын кыскартат. Өндүрүш чынжыры ошентип андан ары улана берет.

БУУнун эксперттеринин баасында, бул домино эффектиси Түштүк-Чыгыш Азияны 160 млрд доллар кирешесинен кол жуудурат.

Экономисттер өткөн жыл соңунда эле соода согушу Кытай экономикасына кесепетин тийгизет деп бир ооздон айтып жатышкан.

"Тынчсызданууга себеп боло турган дагы бир жагдай, Кытай менен АКШнын артынан башка өлкөлөр дагы ээрчип, протекционизм дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Мындан болсо алсыз өлкөлөр биринчилерден жабыр тартышат. Ошондуктан көп тараптуу эл аралык соода системасын коргоп калып жана анчейин бай эмес өлкөлөргө дүйнөлүк базарга жол ачышыбыз керек",-деп эскертти БУУ. (AbA)

Тектеш темалар