Австралияда белгилүү динаятчы сексуалдык кылмыш боюнча соттолду

Австралиянын соту кардинал Жорж Пеллди сексуалдык кылмыштары үчүн айыптуу деп тапты. Ал мындай кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылган чоң даражалуу католик динаятчысы болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Сот аны 1996-жылы Мельбурндагы собордун хорундагы эки балага карата ыдык көрсөткөн үчүн айыптуу деп тапкан. Кардинал күнөөнү мойнуна алган жок.

Сот чечими 2018-жылдын декабрында чыккан экен. Бирок юридикалык себептерден улам учурунда маалымат таратылган эмес.

Кардинал күнөөсүз экенин айтып, каралоонун курмандыгы болуп калдым деген.

77 жаштагы Ватикандын казыначысы өтө таасирдүү динаятчылардын бири саналат. Аны көп учурда Рим католик чиркөөсүндө даражасы боюнча үчүнчү орунда деп мүнөздөшөт. Өткөн жылы анын иши боюнча эки жолу сот жыйыны өткөн. Себеби биринчи курамдагы соттор чечим кабыл ала алган эмес.

Экинчи соттук коллегия бир добуштан Пеллди айыптуу деп тапкан. Сот жабырлануучулардын биринин көрсөтмөсүн уккан. Экинчи жабырлануучунун көзү өтүп кеткен экен.

Соңку жылдарда католик чиркөөсү сексуалдык зомбулукка байланыштуу бир нече айыптоолорго кабылды. Муну жаап-жашырууга аракет кылат деп Ватиканды дагы сынга алышкан.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Кардинал күнөөсүз экенин айтып, каралоонун курмандыгы болуп калдым дейт

Рим Папасынын кайрылуусу

Өткөн апталарда мындай көйгөй тууралуу Рим Папасы өзүнүн Жакынкы Чыгышка болгон сапары учурунда билдирүү жасаган эле. Рим Папасы Франциск католик чиркөөсүндөгү кечил аялдар бир учурларда динаятчылар тарабынан сексуалдык ыдык көрүп келгенин ачык айткан. Анын айтымында, мындай көйгөй азыркы күндө дагы кездешип келүүдө.

Динаятчылар кечил аялдарды сексуалдык кулчулуктагыдай кармаган учурлар бар деген Рим Папасы. Өзүнөн мурун католик чиркөөсүнүн башында турган Папа Бенедикт XVI аялдардын кечилканаларынын бирин дал ушул себептен - аялдар сексуалдык зомбулукка көп кабылгандан улам жоюп салганын эске салды.

Рим Папасы Францисктин билдирүүсү католик чиркөөсүндө кечил аялдарга карата динаятчылар зомбулук көрсөткөнүн расмий моюнга алган биринчи учур болуп калды. Анын айтымында, бул маселени чечүү үчүн чиркөө чараларды издеп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кардинал Пеллди Рим Папасы Францисктин жакын кеңешчиси деп аташат

Рим Папасы "сексуалдык кулчулукка кабылган аялдардын кечилканасын жоюп салууга убагында Бенедикттин эрки жеткенин" баса белгилеген. Ватикандын басма сөз катчысы Алессандро Жизоттинин айтымында, кеп бул жерде Франциядагы аялдардын кечилканасы тууралуу жүрүүдө.

Мындай мүнөздөгү зомбулуктар көбүнчө жаңы конгрегацияларга жана айрым гана кечилканаларга мүнөздүү деген Франциск.

Бир нече күн мурун Ватиканда жарык көргөн аялдарга арналган Women Church World журналы чиркөөдөгү зомбулукту айыптаган.

Журналда жарык көргөн макалада айрым кечил аялдар зомбулукка кабылганын жашыруу үчүн аборт кылганга мажбур болушканы айтылат. Католик чиркөөсү болсо бойдон алдырууну оор күнөө деп эсептейт. (AbA)

Тектеш темалар