Экстремисттик топ барымтага алган журналист тирүү болушу мүмкүн

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган эстремисттик топ алты жыл мурун Сириянын аймагынан туткундап кеткен британдык журналист тирүү болушу мүмкүн деп билдирди Улуу Британиянын ички иштер министринин орун басары Бен Уоллес.

Сүрөттүн автордук укугу Aamaq News Agency/AFP/Getty
Image caption Жон Кэнтли

Фотожурналист Жон Кэнтли 2012-жылы согушкерлер тарабынан кармалып, кийин туткундан качып чыккан. Бир нече айдан кийин кайра кармалганы белгилүү болгон эле. 2016-жылы "ИМ" тобу британдык журналист тартылган тасманы интернетке жарыялаган.

Британ расмийинин журналисттин көзү тирүү болушу мүмкүн деп айтканы күтүүсүз болду. "Туугандары үчүн да күтүүсүз, бирок кубанычтуу кабар болду",- дейт Би-Би-Синини коопсуздук боюнча баяндамачысы Фрэнк Гарднер.

Жон Кэнтли каза тапкан болушу мүмкүн деп түңүлүп калышкан эле. Аны тирүү деп билдирүү жасаганга эмне негиз болгонун британ расмийи ачык айткан жок.

Кэнтли өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган эстремисттик топтун колундагы акыркы туткун эле.

Анын Сирияда тартылган сүрөттөрү Sunday Times басылмасынан тартып Sun жана Telegraph гезиттерине чейин жарыяланган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Фотожурналист Жон Кэнтли согуш тилкесинде жүрүп, сүрөттөрдү тарткан

Жон Кэнтли экстремисттик топтун колуна биринчи жолу 2012-жылдын июль айында түшүп калат. Көп өтпөй "Сириянын эркин армиясынын" жардамы менен качып чыккан. 2012-жылдын соңунда Сирияга кайра кайтып келип, дагы кармалып калат.

"ИМ" тобу 2016-жылдын мартында Кэнтли тартылган тасманы интернетке жарыялаган. Тасма Мосулда тартылган болушу мүмкүн деп болжонгон эле. 2017-жылдын июль айында Ирактын армиясы Мосулду бошоткондо, Кэнтли каза тапканы тууралуу кабарлар чыккан.

Ушул эле жылы Paris Match француз журналы Кэнтли тууралуу "ИМ" экстремисттик тобунун ысымын атабаган согушкерине шилтеме берип, жазып чыккан. Анда согушкер жети, сегиз ай мурун Кэнтлини көргөнүн, ал "ИМ" тобуна иштеп жүргөнүн айткан.

2019-жылдын башында сириялык оппозиция болжолу Кэнтли тирүү экенин, согушкерлер көзөмөлдөп турган өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хажин шаарында болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. (AbA)

Тектеш темалар