Мадуро үчүн башын канжыгага байлаган топтор

Каракастын чет-жакасындагы эскирген, жупуну имаратта Уго Чавес дале көзү тирүү жашап жаткан сыяктуу сезилет. Имараттын чоң залында анын аскер кийимчен турган эстелиги келгендердин баарына салам айтып тосуп алып жаткан сыяктуу.

Демонстрация, 2014-жыл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар "колективосту" куралдуу уюшма катары мүнөздөйт

Дубалда мамлекеттик туунун фонунда тартылган Чавестин жылмайган сүрөтү илинип турат. Ушул эле жерде чоң үстөл турат. Анын тегерегине Суберо өз кишилери менен чогулат. (Ал өз ысымын жашырып, бизге өзүн ушундай тааныштырды).

Суберо ондогон жылдардан бери Чавесге берилген адам. Кеп бул жерде жалгыз эле идеологияда эмес. Азыр жашы 47ге таяган отставкадагы сержант 1992-жылы 4-февралда Чавес уюштурган төңкөрүш аракетине катышкан. Төңкөрүштүн максаты президент Карлос Андрес Перести бийликтен чететтүү эле. Бирок ишке ашпай калып, Чавес менен бирге Суберо сыяктуу көтөрүлүшчүлөр түрмөгө камалган.

Бирок бул оор күндөр Суберонун Чавес туура жолдо деген ишенимин ыдырата алган эмес.

Азыр ал венесуэлалыктар "колективос" (colectivos) деп атап койгон ондогон топтордун бирин жетектейт. "Колективостун" мүчөлөрү өздөрүн Чавес башында турган ыңкылаптын коргоочуларыбыз деп эсептешет. Ошондой эле ага берилген жана анын мураскери болгон учурдагы президент Николас Мадурону коргоого ант беришкен.

Суберо Сүрөттүн автордук укугу Kevin Jordan
Image caption "Мен кашык каным калганча туруп берем",-деди Суберо

Мадурону учурда оппозиция жана көптөгөн өлкөлөр катуу кысымга алып, отставкага кетүүсүн жана мөөнөтсүз шаайлоо өткөрүүсүн талап кылып жатат.

Дээрлик Түштүк Американын, Европанын көп өлкөлөрү, ошондой эле АКШ жана Канада Мадурону президент катары тааныбай турганын билдирди.

Бирок "4-февраль" деп аталаган комитеттин Суберо сыяктуу мүчөлөрү Мадурого тоо болуп туруп беребиз дешет.

"Мен кашык каным калганча туруп берем",-деди Суберо.

"Чет элдик кийгилишүү"

Венесуэлалык "колективос" Чавестин башкаруусу учурунда пайда болуп, бийликтин колдоосу менен бүтүндөй өлкөгө тездик менен жайылган.

Расмий түрдө аларды "калкка социалдык жардам көрсөтүүдө өкмөткө кол кабыш кылат" деп белгилешкен. Алардын катары миңдеп саналат.

Бирок оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар "колективосту" куралдуу уюшма катары мүнөздөйт. Алар "колективос" күч менен айрым аймактарды көзөмөлгө алып, өкмөттүн сынчыларына, каршы чыккандарга, журналисттерге күч колдонот деп айыпташат.

Хорхе Навас Сүрөттүн автордук укугу Kevin Jordan
Image caption Хорхе Навас

Өлкөдөгү оор экономикалык абал, азык-түлүк жана дары-дармектин тартышытыгынан улам Мадуронун өкмөтүнө каршы нааразылыктар күчөдү.

Көптөр эгерде бул кырдаалга "колективос" жана Мадурого жан тарткан коопсуздук күчтөрү аралашса, көчөлөрдө зомбулук күчөп кетпейби деп кооптонуп турушат.

БУУнун маалыматына караганда, январдын бир эле аптасында Венесуэлада кыркка чукул киши өлтүрүлдү. Мындай курмандыктардын көбү коопсуздук күчтөрүнүн аракеттеринен улам болгон.

Суберо өлкөдөгү кризис сырткы кийгилишүүлөрдөн улам жаралды деп эсептейт. Чет өлкөлөр Венесуэлага аскерин киргизүүгө камынып жатат деп ишенип алган.

"Мен согушууга даярмын",- деди Суберо.

Коңшулаш турган күңүрт бөлмөдөгү телевизордо мамлекеттик канал коюлуп турат. Анда ар дайым Николас Мадуро жана анын иштерин чагылдырышат.

Бул жолу берүүдө чавесчилердин бири Диосдадо Кабельонун күйүп-быша сүйлөгөнүн көрсөтүүдө. Экрандын маңдайдында олтурган Хорхе Навас дагы "колективос" мүчөсү жана Мадурого берилген киши.

"Биз куралдуу топторбуз, керек учурда колго курал алабыз",-деп кеп салды. Адатта "колективос" мүчөлөрү зомбулуктарга тиешеси бар экенин моюнуна алышпайт.

Бир нече күн мурун Николас Мадуро Венесуэла жарандык согуш коркунучунда турганын айтты. Ошондой эле оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдоп жаткан АКШ президенти Дональд Трампка кайрылып, эгерде аскердик кийгилишуу болсо жаңы Вьетнамды жаратып аларын эскертти.

Хуан Гуайдо болсо Вьетнамдагы согушка салыштыруу болбогон кеп дейт.

Төңкөрүш тууралуу сөздөр

Сомбра Сүрөттүн автордук укугу Kevin Jordan
Image caption Сомбра г

Сомбра (бул дагы өз ысымы эмес. Испан тилинен которгондо "көлөкө") дагы ушундай топтордун биринин мүчөсү. Алардын тобунун аталышы (Guerra a Muerte) - кашык каны калганча согушуу деген маанинин алып жүрөт.

Сомбранын пикиринде Венесуэланын азыркы көйгөйү, анын тили менен айтканда "керемет өлкөдөгү" маселе "түбөлүк кол башчы" Чавестин мурасын кишилер тааныбай койгондон жаралды.

"Биз бул маселени диалог жолу менен чечүүнү каалайбыз. Бирок, албетте, ыңкылап үчүн жанымды берем",-дейт ал. (AbA)

Муну дагы көрүңүз:

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Куба революционери Че Геваранын өмүр таржымалы

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар