М. Шеримкулов: Иранда демократиялык өзгөрүүлөр бар

Иран Ислам Республикасы экономикалык потенциалы жагынан Жакынкы Чыгыштагы эң күчтүү мамлекет катары каралат, ошондой эле демократия жагынан да араб өлкөлөрүнөн алдыда турат. Кыргызстандын Ирандагы мурдакы элчиси Медеткан Шеримкулов Би-Би-Сиге маегинде Ирандын саясий-экономикалык жана маданий өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

М. Шеримкулов: Иранга каршы жарыяланган эмбарго, санкциялар алына турган болсо, мен дайыма биздин жетекилерге айтып келе жатам, эң биринчи кезекке туруп Ирандын эшигин кага турган бул Европа болот. Себеби, Европа менен Ирандын байланышы өтө тыгыз. Европа Ирандын нефтиси жана чыгарып жаткан товарлары менен жашайт. Илгертен бери Иранда Европанын өнүккөн өлкөлөрүнүн бардыгынын тең өзүнчө бир орду бар болчу. Мына, бүгүнкү күнгө чейин Ирандын Франция менен болгон мамлеси жакшы. Мисалы Франциянын Renault деген жеңил машинасы бар эмеспи, ошону Ирандан чыгарышат. Ирандын өздөрүнөн чыгарган заводу да бар. Франция Иран менен болгон экономикалык байланыштарын сактап калды.

Сүрөттүн автордук укугу STR
Image caption Renault Logan автомобилдери 2007-жылы Иранда чыгарыла баштаганда аны биринчи эле жумада 100 миң ирандык сатып алган.

Би-Би-Си: Мына азыр АКШ Ирандын өзөктүк программасын дүйнөгө чоң коркунуч катары көрсөтүп келе жатпайбы. Бул коркунуч канчалык деңгээлде реалдуу деп ойлойсуз?

М. Шеримкулов: Биздин эч бир убакта атом бомбасын чыгаралы деген оюбуз жок, себеби, ал исламга туура келбейт деп айтып жатышат өздөрү. Ошого карабастан зордук кылып эле, "силердин ядорлук программаңар бар, силер ушуга багыт алдыңар" деп жагдайды өзгөчө күчөтүп жаткан Израиль мамлекети болуп жатат. Эгерде эмбарго жана санкциялар алына турган болсо, Иран гүлдөп өсө турган мамлекеттердин бири. Мына ушул Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ичинен эң күчтүү мамлекет Иран болот.

Негизи Иран мамлекети биз эң бай деп эсептеген Жакынкы Чыгыштагы Сауд Аравиясынан финансылык жана экономикалык жагынан өтө жогору турат. Ал эле эмес, чындыгын айтканда, демократия жагынан да жогору турат. Мисалы, Сауд Аравиясында аялдар машина айдай албайт, шайлоого катышууга укугу жок.

Тегеранда 15 миллион эл жашайт, көчөгө чыксаңыз эч кимге жол бербей машина айдап жүргөн эле аялдарды көрөбүз. Бардык окуу жайларында окуган кыздар. Медицина жана билим тармактарында иштеп жаткандардын көпчүлүгү аялдар, бардык министерство-ведомстволордо иштеп жаткандардын көпчүлүгүн аялдар түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу BEHROUZ MEHRI
Image caption Тегеранда көчөдө машина айдаган айымдар жайнайт

Би-Би-Си: Анда эмне үчүн Иранды адам укуктары аябай бузулган, тебеленген, ички нааразылыгы чыңалган жабык өлкө катары көрсөтүп жатышат деп ойлойсуз?

М. Шеримкулов: Менин оюмча бул образдын түзүлүп калышына ирандыктар өздөрү түрткү берди. Анткени, 1979-жылы февраль айында Имам Хомейни Парижден келгенде шах качып кетти жана бийликке исламисттер келип калды. Келгенде дагы Аятолла, диний кызматкерлер, динде жүргөн адамдар келип калды, себеби Хомейни өзү диндин эң жогорку баскычы деп эсептелген "Аятолла" болуп эсептелет. Булар келгенден кийин эле аялдардын баарына жоолукту салдырды жана ислам динин киргизди.

Чындыгында ислам динин түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Көбүнчө Европа өлкөлөрүндө ислам дини агрессивдүү, реакциондук дин катары каралып жатпайбы. Мына биз дагы ислам динин колдогон мусулмандарбыз, анан бизди дагы "силер мусулман экенсиңер" деп четке кагып койгон сыяктуу болуп калат.

Чындыгын айтканда Ирандын азыркыдай портрети биринчи революциядан кийин башталды жана дүйнөдө ушундай кабыл алынып калды. Светтик бийлик эмес диний бийлик келди, бул деген артка кеткендик, орто кылымга кеткендик, бул деген демократиядан артка чегингендик деген ой-пикир ошондон калыптанып калды жана ушул убакка чейин уланып келе жатат. Ал эми Иран мамлекетинин ичиндеги болуп жаткан өзгөрүүлөр, өзгөчө демократиялык өзгөрүүлөр элге жетпей жүрөт.

Сүрөттүн автордук укугу Franco Czerny
Image caption Соңку жылдары аялдарда таш бараңга алып жазалоо сыяктуу патриархалдык көрүнүштөр Иранда тыйылып калды дешет.

Би-Би-Си: Бийликтин ырайымсыздыгы, массалык дарга асуулар, аялдарды таш бараңга алуу сыяктуу көрүнүштөр бул өлкөнү дүйнө элинин көз алдында жаман көрсөтүп коюп жатпайбы.

М. Шеримкулов: Туура айтасыз. Чындыгында Ирандын мамлекеттик системасына сөз келтирген, тескери маанидеги образ түзүп жаткандардын бири мына ушул сиз айтып жаткан сот системасындагы дарга асуу. Туура эмес жүрүш- туруш такталган болсо, аялдарды таш менен уруп өлтүрүү сыяктуу көрүнүштөр болгон. Ал нерсени болгон эмес деп айтууга болбойт.

Кийинки жылдары аялдарды таш менен уруп өлтүрүү токтотулду. Акырындап эл алдындагы жазалоо да токтотулуп баратат.

Ирандыктар мына ушул нерсеге өздөрү да басым жасашууда. Себеби, дүйнөлүк коомдон чыгып калат экенбиз деп мына ушул кемчиликтерине көңүл буруп жатышат.

(Маек 2015-жылы жазылып алынган)

Тектеш темалар