Украинадагы шайлоо: Алдыңкы беш лидер ким?

Ушул апта соңунда Украинада президенттик шайлоо өтөт. 39 талапкер шайлоо жарышына чыгууда. Социалдык сурмажылоолор талапкерлердин рейтингдери тууралуу божомолдорду берүүдө.

Талапкерлердин арасында парламенттин депутаттары, Коопсуздук кызматынын мурдакы эки жетекчиси, актер жана "Ю.В.Тимошенко" ысымдуу эки киши бар.

Эмне үчүн президент болом дегендер саны көп?

Биринчиден, талапкерлерди каттоо эрежелери жөнөкөй: шайлоочулардын колун топтоо деген баш оору жок. Болгону электрондук декларацияны толтуруп, керектүү документтерди берип, андан соң 2,5 млн гривен (100 миң АКШ доллары) күрөө төлөсөң бүттү, талапкерсиң.

Экинчиден, жакында парламенттик шайлоо өтөт. Президентикке талапкерлердин айрымдары өздөрү тууралуу шайлоочулардын эсине салып коюш үчүн эле чыгууда. Жогорку Радага шайлоо октябрда болмокчу.

Кийинки жүйөө, шайлоо өнөктүгүндө "техникалык" ролду аткарып эле талапкер болуп чыккандар дагы бар дейт талдоочулар. Биз соңку сурамжылоолор боюнча алдыңкы талапкерлер тууралуу айтып беребиз.

Владимир Зеленский, 41 жаштагы куудул жана актер

Кинокомедияларда Наполеонду жана украин президентинин ролун ойногон актер эми чындап эле, тамашасы жок президент болууга умтулууда.

Кесиби юрист, бирок бул тармакта бир күн дагы иштеген эмес. КВНде ойноп жүрүп Александр Масляков менен араздашып кетет. Ушундан кийин өзүнүн командасын "95-квартал" деген студияга айлантып, популярдуу шоу программаны негиздеген. "Слуга народа" сериалында башкы ролдо ойнойт. Анда ал аткарган каарман тарыхчы мугалимдиктен Украина президенттигине чейин жетет.

Серепчилер анын саясый жана коомдук иштердеги тажрыйбасы жок экенине көңүл бурууда. Аны белгилүү бир олигарх менен байланыштырып караган, Орусиядагы бизнеси тууралуу айткан каңшаар кептер дагы бар.

Петр Порошенко, 53 жашта, Украинанын президенти

Евромайдандагы окуяларга чейин бул ири бизнесмен жана депутат Януковичтин ордун алмаштырат деп эч ким ойлогон эмес. Бирок ал кезексиз президенттик шайлоону утуп алган. Порошенко азырынча бир дагы шайлоо өнөктүгүнөн утулбаганын айтып, жеңип чыгам деген үмүттө.

Ал өзүн орус президенти Путин каалабаган талапкер катары атады. Акчалуу талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысы, Ющенконун бийлиги учурунда тышкы иштер министри, Януковичтин учурунда экономика министри болгон. Бизнесин сатуу жана өз алдынчалыгын жарыялаган аймактар боюнча маселени бир нече сааттын ичинде чечүү убадасын берген. Бирок бул убадаларын аткара албай, ал тургай экинчи убадасын аткара албаганы үчүн элден кечирим да сураган.

НАТО жана ЕБга мүчө болуу - биздин негизги миссиябыз деп айтты. 2023-жылы уюмга өтүү боюнча арыз беребиз деп билдирүү жасады. Шайлоочуларга буга чейинки башталган реформаларды аягына чыгаруу убадасын берүүдө.

Юлия Тимошенко, 58 жашта, Жогорку Раданын депутаты

Тимошенкону өлкө тарыхындагы эң күчтүү оппозиционер деп аташат.

Эки жолу премьер-министр кызматын аркалап, үч жолу президенттикке талапкер болду. 2004-жылы Виктор Ющенкону колдоп чыгып, "саргылтым ыңкылаптын" лидерлеринин бири болгон.

2011-жылы октябрда Виктор Януковичтин президенттиги учурунда жети жылга абакка кесилген. Ага "Орусия менен газ боюнча келишимдерде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айыптар тагылган. 2014-жылы бийлик алмашкандан кийин, боштондукка чыгат.

Юрий Бойко, 60 жашта, Жогорку Раданын депутаты

Чачыранды болуп кеткен Региондор партиясынын сакталып калган эң чоң бутагынан көрсөтүлгөн. Шайлоо жарышында анын экинчи айлампага өтүшүнөн күмөн санаган пикирлер үстөмдүк кылууда. Бирок барандуу талапкерлердин катарында.

Москвадагы химиялык технологиялар институтун бүтүргөн. Өндүрүштө көп жылдар иштеп, Виктор Янукович жана Николай Азаровдун өкмөтүндө министр, вице-премьер болуп турган.

Донбасстагы жаңжал боюнча бардык тараптар менен сүйлөшүүгө барып, тынчтык жолу менен жайгаруу убадасын берүүдө. Орусия менен үзүлгөн мамилени жандантуу убадасын берди.

2014-жылы президенттик шайлоого катышып, 14-орунду алган (0,2%)

Анатолий Гриценко, 61 жашта, "Граждандык позиция" партиясынан

Ющенконун президенттиги учурунда Коргоо министри болгон. Ал батышчыл талапкерлердин ичинен рейтинги жогору эсептелгендердин бири. Анткени Порошенко менен Тимошенкодон көңүлү калгандардын колдоосуна ээ болушу мүмкүн экени айтылууда.

АКШда окуган, украиналык ири аналитикалык борборлордун бирин жетектеген.

Ющенко президент болуп турганда коргоо министри болуп, НАТО менен тыгыз кызматташкан.

2010-жылы 1,2% (9-орун) жана 2014-жылы 5,5% (4-орун) президенттик шайлоого катышкан. (AbA)

Тектеш темалар