"Мен дагы уйгурмун": Кытай бийлигине жолдонгон кайрылуу

Two children holding up #MeTooUyghur posters Сүрөттүн автордук укугу Halmurat Harri
Image caption Жакындарын издеген уйгурлар

Кытайдын мамлекеттик медиа агенттиги белгилүү уйгур музыканты тирүү экенин көрсөткөн видео жарыялады. Буга чейин музыкант "тарбиялоо лагеринде" каза тапты деген сөз тараган.

Кытай бийлигинин кадамынан кийин дүйнө жүзүндөгү уйгурлар жакындарын издеп, коомдук медиа аркылуу кайрылуу жолдоп жатышат.

Түркия бийлиги уйгурларга кысым жасап жатат деп Бээжинди кескин сынга алып, атактуу музыкант Абдурахим Хейит "тарбиялоо лагерлеринде" каза тапты деген билдирүү тараткан эле. Андан көп өтпөй, 10-февралда Кытай музыкант тууралуу видео жарыялаган.

Айрым уйгур активисттери тасма качан тартылганын текшерүү мүмкүн эмес деп айтышууда. Дүйнө жүзүндөгү уйгурлар коомдук медиада #MeTooUyghur хэштег колдонуп, жакындарынын аман-эсендигин далилдеп берүүнү кытай бийлигинен талап кылууда.

Кытайдын "тарбиялоо лагерлеринде" миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка этникалык азчылыктары кармалып турганы боюнча маалыматтар бар. Сотсуз жана тергөө жок эле мусулмандарды эркинен ажыратып жатат деген дооматтарды бийлик четке кагып келет. Бээжин бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын айтууда.

Алфред аттуу колдонуучу ата-энеси 11 ай мурун дайынсыз жоголгонун жазып, Кытай бийлигинен аларды көрсөтүүнү талап кылды.


Кытайдын батышындагы Шинжаңда он миллион чамалуу уйгур жашайт. Түштүктөгү Кашкар шаары болсо географиялык жактан Бээжинге караганда Багдадга жакын деп айтышат. Бул алардын маданиятынан да байкалып турат.

"Шинжаң" маданият журналынын мурдагы башкы редактору Бахрам Курбан да 2007-жылдан бери дайынсыз жоголгон атасын издеп, "твиттер" баракчасына мындайча жазды:

"Менин атам Курбан Мамутту көрсөткөн видеону да жарыялагыла! Бир жылдан бери байланыша элек".


Финляндиядагы уйгур активист Халмурат Харри бир нече кишинин ысымын атап, алар дайынсыз кеткенин билдирди.

Шинжаңда кытай бийлигине каршы көтөрүлүштөр көп болгон. Бул чөлкөм ири көлөмдөгү жаратылыш байлыктарына ээ. Өзгөчө мунай жана газ Кытайдын чоң инвестициясын өзүнө тартты. Экономикалык жактан өсүү болуп, өлкөнүн башка аймактарынан дагы көчүп келгендер көбөйгөн.

Кытай бийлиги тарабынан узун сакал өстүрүүгө, жүзүн жапкан жоолук салынууга, балдарды мусулманча тарбиялап, мусулманча ысым берүүгө тыюу салынган.

Тема боюнча башка макалалар