155 тонна кокаин: Белгилүү наркобарон сот алдында

"Кортогой" каймана аты менен таанылган мексикалык наркобарон Хоакин Гусман АКШда соттолуп жатат. Жалпысынан ага он кылмыш иши боюнча айып тагылды.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Хоакин "Кортогойду" аткезчилик жана кылмыш жолу менен келген акчаны адалдоо боюнча айыпташууда

Бруклиндин федералдык соту Гусманга байланышкан ишти төрт айга чукул карады. Хоакин Гусман мурда мексикалык "Синалоа" деп аталган наркокартелди жетектеген.

Ага тагылган айыптардын бири - 25 жыл ичинде АКШга 155 тонна мыйзамсыз баңгизатын ташып өткөнү боюнча.

61 жаштагы Гусман 20 жыл бою АКШ тарабынан эң көп изделген кылмышкер болуп калды. Аны 2016-жылы январда камакка алышып, АКШга экстрадициялашкан.

Гусман ким?

Гусман 1957-жылы фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал баңгизат бизнесине марихуана жана апийим талаасында иштеп жүрүп аралашкан.

"Гвадалахара" деп аталган картелдин анабашы Мигель Анхель Феликс Гальярдонун тобунда такшалып, колумбиялык наркодилерлер менен байланыштарга жооп берген.

Анын кылмыш дүйнөсүндөгү таасири өтө тездик менен өскөн. 1980-жылдардын этегинде өзүнүн "Синалоа" наркокартелин түзгөн. Мексика аркылуу АКШга ташылган баңгизаттардын төрттөн бири ушул жол менен кирип турган.

Гусмандын мексикалык абак жайлардан качып кеткен учурлары көп болгон. Ал 2001-жылы абак кызматкерлерин сатып алып, эң катаал кайтаруудагы түрмөдөн качып кеткен деп айтылып жүрөт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2014-жылы Синалоа штатында кайра кармалган

2014-жылы Синалоа штатында кайра кармалган. Бир жылдан кийин "№1 наркобарон" эсептелген Хоакин Гусман жер астындагы бир чакырымдай өтмөк аркылуу түрмөдөн качкан. Ага жардам берген деп алты киши камакка алынган.

Гусман жарым жылдан кийин кайра кармалды. Көп өтпөй ал Мексикадан АКШга экстрадицияланат. Нью-Йорктогу сотто "Кортогой" тагылган айыптардын бирин дагы мойнуна алган жок.

Узакка созулган соттук териштирүүгө 56 күбө тартылды. Алардын он төртү кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү. Булар укук коргоо органдары менен кызматташууга өз ыктыяры менен макул болгон кишилер.

"Коомдун биринчи душманынын" сот ишин алдыңкы маалымат каражаттарынын баары чагылдырды.

АКШда соттук иштер жабык өтпөйт. Бул жолу дагы каалоочулар үчүн сот залында орундар болду.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Хоакиндин жубайы Эмма Коронель дагы сот ишине катышты

Прокуратура тарабынан Гусманга жашы жете элек кыздарды зордуктоо боюнча айып коюлду. "Кээ бир учурда 13 жаштагы өспүрүм кыздарды дагы зордуктап, аларды "витаминка" деп атаган" деди прокуратура.

Мурда Гусмандын оң колу болуп жүргөн Алекс Сифуэнтес 2007-2008-жылдары өспүрүм кыздарды зордукташканы тууралуу көрсөтмө берген. Сифуэнтес ошондой эле "Синалоа" саясатчыларды сатып алып турушканын, ал тургай Мексиканын президенти Энрике Пенья Ньетого "Кортогой" жүз миллион доллар бергенин айткан.

Гусман бардык он айыптоо боюнча тең күнөлүү деп табылды. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. (AbA)