Акчага азгырылган шайлоочулар: 28 доллар үчүн жолугушууга келет белеңиз?

Fake election rally in Kiev, February 2019 Сүрөттүн автордук укугу 1+1 TV/Utkin TV/YouTube
Image caption Киевдеги демонстрацияга келгендер акция түз эфирде көрсөтүлүп жатканын билген эмес

Украиналыктар марттын соңунда өлкөнүн жаңы президенти үчүн добуш беришет. Мунун алдында, албетте, коомдун көңүлү шайлоодо болот эмеспи. Жергиликтүү активист президенттикке талапкер менен жалган жолугушууга тургундарды чакырып, акча убада кылган. Жыйынтыгы абдан кызык.

Олексей Уткин суук аба-ырайына карабай президенттик талапкер менен жолугушууга келгендерге бир миң гривен же 28 доллар сунуштап, анысын коомдук тармакка жазган. Активист "президенттикке талапкер Филатов" менен жыйынга үч саат катышып берүүнү өтүнгөн.

Эгерде жолугушууга тааныштарын ээрчите келсе, андан да көп акча алат деп айтылган.

Иш жүзүндө "президенттикке талапкер Филатов" мындай жолугушууну уюштурган эмес. Каттоодон өтпөсө, каяктагы жолугушуу. Ал болгону мурда "президенттик шайлоого катышуу кыялын" башкалар менен бөлүшкөн эле. Ага карабастан Киевдеги кууш көчөлөрдүн бирине эки жүздөн ашуун киши жыйналып, "талапкерди" катуу колдошту. Шайлоочулар Филатовдун атын кыйкырып, ураан таштар турушту.

Жалган жолугушууга акчага азгырылып келген шайлоочуларды активисттер жашыруун видеого да тартып алышкан. Аларга акча төлөнгөн эмес.

"Биз жыйырма киши келет деп ойлогонбуз. Чынында Киев шаарында эки жүзгө чукул киши акчага азгырылат деп ким ойлоптур", -дейт Уткин.

Сүрөттүн автордук укугу 1+1 TV/YouTube
Image caption Уткин: 200 киши келет деп ойлогон эмесмин

Активисттер жолугушууга келгендерден президенттикке талапкер тууралуу пикирин да сураган.

Уткиндин айтымында, "Филатов, Фролов, кимиси болсо да колдоп берем. Бир гана мага акча бергиле" деп айткандар көп болуптур. Башкалар жөн гана "жалган талапкерди" көбүртүп-жабыртып макташкан.

Кеч кире баштаганда топтолгон эл өзүнөн-өзү эле тарай баштаптыр. Алар акча берилбей турганын сезип калышкан окшойт.

Ал эми коомдук тармактарда Уткинди кубаттагандар болду, ошол эле учурда сөккөндөр да болду.

Украинада президенттик шайлоо марттын аягында өтөт. Шайлоодо талапкерлер саны 44 кишиге жетип, өлкөнүн шайлоо тарыхындагы алгачкы рекорд катталды. Талапкерлердин арасында парламенттин 16 депутаты, Коопсуздук кызматынын мурдакы эки жетекчиси, актер-комик, милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн полковниги, үй камагындагы саясий технолог жана "Ю.В.Тимошенко" ысымдуу эки киши бар. (AT)

Тектеш темалар