Өзбекстандын атайын кызматына дайындалган жаңы жетекчи ким?

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption 59 жаштагы Абдусалом Азизов Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы катары дайындалды

Буга чейин Коргоо министрлигин жана Ички иштер министрлигин жетектеген 59 жаштагы Абдусалом Азизов Өзбекстандын атайын кызматынын башына келди. Саясат талдоочулар Азизовду президент Мирзиеёвдин ишенимдүү кишилеринин бири катары көрсөтүүдө.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматын көп жылдар боюу Рустам Иноятов жетектеп келген эле. Аны өткөн жылы кызматынан алышкандан кийин, коопсуздук кызматынын жетекчилигине 52 жаштагы Ихтиёр Абдуллаев дайындалган болчу. Бирок ал ден-соолугуна байланыштуу иштен кетип жатканы кабарланды.

Сүрөттүн автордук укугу Gazeta.uz
Image caption Ихтиёр Абдуллаев бир жылдан кийин атайын кызматтын башчылыгынан кетти

Азизов реформачыл жетекчиби же аткаруучубу?

Жаңы жетекчи Абдусалом Азизов буга чейин армия жана коопсуздук кызматын реформалап, ошонусу менен атагы чыккан. Ал ички иштери министри болуп турган мезгилде милициянын мурдакы кадыр-баркын ордуна алып келди дейт талдоочулар. Анткени Рустам Иноятовдун тушунда коопсуздук кызматы милициянын дагы милдеттерин өзүнө ыйгарып алган.

Көз карандысыз делген Qalampir.uz сайты Азизовдун реформаларынан кийин, аталган эки министрликтин иш-аракеттери медиада ачык чагылдырылып, журналисттер менен байланышка чыгып калганын жазды.

Түркияда бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салих, реформалар басаңдап калганы үчүн жаңы жетекчи дайындалды деген пикирде.

"Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик коопсуздук кызматына айлангандан бери системада эч кандай өзгөрүү болгон жок. Ушул жагдайды эске алганда, жаңы дайындоо үмүт берет. Абдусалом Азизов мурдагы жетекчинин каталарын кайталабайт деген үмүттөмүн. Азизов системаны өзгөртүп, ачык саясат жүргүзөт деп ойлойм. Элдин эркиндигине кысым кылуу туура эмес",-деди "Эрк" партиясынын лидери Мухаммад Салих.

Өмүр баяны

Абдусалом Азизов 1960-жылы 20-январда Ташкентте туулуп-өскөн.

Өзбекстандын Ички иштери министрлигинин академиясын бүтүргөн. 2003-жылы "Өзбекнефтьгаз" улуттук компаниясынын жетекчиси болгон.

2008-жылы Ички иштери министринин орун басары болуп дайындалган. Азизов 2017-жылы президент Мирзиеёвдун колунан генерал наамын алган.

Азизов Иноятовго каршы багытталган куралбы?

1995-жылдан бери Өзбекстандын коопсуздук кызматын башкарып келген Рустам Иноятов тууралуу соңку учурда ар кандай кеп сөздөр айтылып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу XS.UZ
Image caption Генерал-лейтенант Рустам Расулович Иноятов

Саясат талдоочулар Иноятов маркум Ислам Каримовдон кийинки эле бийликте эң көп кармалган таасирдүү фигуралардын бири эле деп баа беришкен. Иноятов Мамлекеттик коопсуздук кызматын бардык чөйрөгө таасир эткен, күчтүү структурага айлантып, Ислам Каримовдун тушунда түптөлгөн репрессиялык системанын борбордук түркүгү кылган. Режимди сындаган же башка ой жүгүрткөндүн баары мына ушул структуранын тегирмен ташынан өтүп турган.

2016-жылы Каримов көз жумгандан кийин Рустам Иноятов президенттикке негизги талапкерлердин бири катары аталган болчу. Бирок тыянагында анын оппоненти Шавкат Мирзиеёв утуп кеткен.

Президент Мирзиеёв бир катар реформаларды баштаганда, жергиликтүү ММКлар президенттин долбоорлорунун ишке ашуусуна Рустам Иноятов каршылык көрсөтүүдө деп жазышкан. Андан бери өзбек лидери Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлерине каршы катаал чара көрдү. Атайын кызматтын жогорку даражадагы бир нече офицери "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы" үчүн абакка кесилди.

Өзбек талдоочулар Азизовдун дайындалышын президент Мирзиеёв менен Рустам Иноятовдин ички кармашы менен байланыштырышууда.

"Мамлекеттик коопсуздук кызматына жаңы жетекчинин дайындалышы Мирзиеёвдин позициясын бекемдейт. Өз кишисин башкаруу оңой болот эмеспи. Ошол эле учурда президент жаңы жетекчини кандай багытта колдоноору белгисиз",-деди саясий талдоочу Алишер Илхамов.

Сүрөттүн автордук укугу PAVEL GOLOVKIN/AFP/Getty Images
Image caption Президент Мирзиеёв Facebook жана YouTube сыяктуу коомдук медианы эркин ачууга аракеттенүүдө

Учурда президент Мирзиеёв Facebook жана YouTube сыяктуу коомдук медианы эркин ачууга түртүп жатат. Өзбек лидеринин аракеттерине Мамлекеттик коопсуздук кызматынын офицерлери, анын ичинде атайын кызматынын мурдагы жетекчиси Иноятов каршы чыгып жатканы айтылууда.

"Жаңы жетекчи дайындалгандан кийин коомдук медиа эркин колдонулуп калышы мүмкүн. Эгерде андай болбосо, бул дайындоо жөн гана кадрларды алмаштыруу болуп калат. Ошондой эле Мирзиеёвдин реформалары артка кетип жатканынан кабар берет",-деп кошумчалады Илхамов.

Мирзиёев бийликке келгенден кийин Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматында чоң өзгөрүүлөр, анын ичинде кызматтын таасирин азайта турган мыйзамдар ишке ашат деп белгилеген. Бирок алдыда Мамлекеттик коопсуздук кызматында чыныгы реформалар болобу же мурдагы абалында калабы деген кооптонуулар дагы жок эмес. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар