Британия: "ИМ" согушкеринин аялы жарандыгынан айрылды

Шамима Бегам
Image caption Шамима Бегам Сириядагы качкындар лагеринде төрөдү. Ал Британияга кайтып келгиси келет

Шамима Бегум 15 жашында эки курбусу менен Лондондон Стамбулга учуп кеткен. Андан ары Сирияга өтүп, экстремисттерге кошулган.

Жакында эле 19 жаштагы кыз Сириянын түндүгүндөгү качкындар лагеринен Британияга кайткысы келээрин айткан болчу. Өз ыктыяры менен экстремисттерге кошулган Шамиманын окуясы Британияда кызуу талкууга түрткү болду.

Шамима Бегумдун Бангладеш жараны экенин эске алып, өкмөт аны британ жарандыгынан ажыратты.

Бегумдун үй-бүлөлүк адвокаты Тасним Акунджи өкмөттүн чечимин жокко чыгаруу үчүн бардык мыйзамдуу чараларды колдонорун айтып жатат.

"Эч өкүнбөйм"

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ он миңдеген адамдын өмүрүн кыйды. Бир учурда халифат жарыялаган топ азыр чакан кыштакты көзөмөлдөп, курчоодо калды.

Британиядагы жайбаракат турмушун чанып, Сириядагы экстремисттерге кошулуп, жакын курбусунан, эки баласынан айрылганына карабастан Шамима экстремисттерге кошулганына өкүнбөйт.

Сүрөттүн автордук укугу Met Police
Image caption 15 жаштагы Шамима Бегум жана Амира Аббаси, 16 жаштагы Кадиза Султана Лондондон учуп кетишкен

The Times басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып, Шамима экстремисттерге кошулганына "эч өкүнбөйм" деп айтты.

"Коррупция жана мыкаачылык көп болду. Алар жеңишке татыктуу эмес", -деди Шамима Бегум.

Шамима он миңдеген кишилердин тагдыры тууралуу эч үн каткан жок. Жаш кыз аларды ойлобосо деле керек.

Британиянын коопсуздук бонча министри Би-Би-Сиге берген маегинде Шамима сыяктуу мурдагы жихадчыларды издеп, өлкөгө алып келүү боюнча аракеттер болбойт деп айтты.

"Мен британиялыктардын коопсуздугуна коркунуч жаратып, мурдагы террордук мамлекеттин өкүлдөрүн издеп, артка алып келбейм. Өкмөт так айткан - мындай кадамдардын оор кесепети болот",-деди Британиянын коопсуздук боюнча министри Бен Уоллас.

19-февралда ITV News каналы Ички иштер министрлиги Шамиманын энесине жөнөткөн катты жарыялады. Анда ИИМ Шамиманын британ жарандыгын жокко чыгарганы, бирок ал сотко арызданса болоору айтылган.

Сот Шамиманын жарандыгын артка кайтарып берсе, ал Британияга кайтып келген күнү жоопко тартылат. Талдоочулар жихадчылардын мурдагы жубайлары абакка кесилген учурлар көп болгонун айтышууда. Алардын көбү "террордук топту" колдогону үчүн түрмөгө камалган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Багуз кыштагынан качып чыккан аялдар менен балдар

Мекенине кайткан "ИМ" согушкерлери жана алардын жубайлары

Радикализация боюнча Эл аралык борбордун айтымында (ICSR), 2013-жылдын апрелинен 2018-жылдын июнь айына чейин сексен өлкөдөн 41,490 киши Сирия менен Ирактагы экстремисттерге кошулган.

Аталган уюм расмий маалыматтарга таянып иликтөө жүргүзгөн.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко кошулгандардын үчтөн бири эркектер, 13 пайызы аялдар. Экстремисттик аракеттерге байланышы бар делген балдар 12 пайызды түздү. Андан тышкары 730 бала Сирия же Иракта төрөлгөн.

Эң көп киши Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан экстремисттерге кошулган (18,852). Борбордун маалыматына ылайык, Батыш Европадан 5,904 киши барды.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы өткөн жылы 850 кыргызстандык Сириядагы согуштук аракеттер үчүн барганын, анын 150 согушта каза тапканын жарыялаган. "ИМ" тобуна кошулган кыргызстандыктардын 140 чукулу аялдар экени да айтылган. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же Сирияда балалуу болушкан.

"Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 18-30 жашка чейинки адамдар. Бул катмар кандайдыр бир үгүткө бат алданат. Биринчи кезекте, алардын диний сабаттуулугун текшерип көрүп эле, үгүттөп башташат. Бул коомдук сайттар аркылуу дагы жүрүп келген. Эң негизги маселе - бул диний сабаттуулук. Социалдык көйгөлөр дагы бар. Кээси акча табууну көздөп барышат",-деген эле УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Канча согушкер кайтып келди?

"ИМ" тобуна кошулгандар эки толкун менен кайтып келишкен: 2014-жылдын июнь айында экстремисттер "халифат" жарыялаганга чейин жана 2015-жылы аскердик аракеттер күчөгөндөн кийин. Чет өлкөлүктөрдүн көбү согуш учурунда өлтүрүлүп же камакка алынган.

Батыш Европага 1765 жаран кайтып келгенин Радикализация боюнча эл аралык борбор билдирди. Европа парламенти жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Британияга эң көп сандагы согушкерлер кайтып келген.

Европа мамлекеттери криминалдык иликтөө жүргүзүп, согушкерлерди жоопко тартат. Түрмөдөгүлөрдү коомго аралаштыруу, радикалдуу идеяларынан баш тарттыруу үчүн атайын программалар түзүлгөн. Азырынча алар канчалык натыйжалуу болуп жатканын айтуу кыйын. Андан тышкары согушкерлердин кыймыл-аракетин чектөө, жарандыгын алып салуу сыяктуу чаралар да каралган.

Европа парламенти ар бир согушкердин балдарынын тагдыры өз алдынча каралып жатканын билдирүүдө. Бул балдардын көбү Ирак менен Сирияда 2012-жылдан кийин төрөлгөн. (AT)

Тема боюнча башка макалалар