Ооганстандагы согуш тууралуу советтик жана британдык жоокердин эскерүүсү

2 десантника

Ооганстандагы согуш 40 жылдан бери уланууда. Бул мезгил аралыгында ар кайсыл өлкөлөрдөн бир нече муун согушка катышты.

Биз эки десанттын - британдык жана советтик жоокердин алыскы тоолуу өлкөдөгү аскер кызматы тууралуу эскерүүсүн сунуштайбыз.

Жон Дэвис, Улуу Британиянын Аба күчтөрүнүн десанттык бригадасы. 2010-2014-жылдары Ооганстандын Гильменд провинциясында кызмат кылган

Image caption Жон Дэвис британ армиясынын десанттык аскер бөлүгүнүн офицери. 2010-2014-жылдар аралыгында үч ирет Ооганстанга командировкага жөнөтүлгөн

Ооганстанга алгачкы ирет келгенде 22 жашта элем. Ооганстанда кызмат кылууну өз ыктыярыбыз менен тандаганбыз. Десанттык бөлүктө кызмат кылуу менин кыялым болчу. Албетте, элиталык бөлүктө кызмат кылуунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот эмеспи.

Жарым жылдык даярдыктан кийин мени Ооганстанга жөнөтүштү. 2010-жыл кирип келген. Мен бул командировкамды аябай күттүм. Бул деле спортчулардыкы сыяктуу эле сезим. Анткени алар жөн эле машыкпайт да, кайсыл бир учурда жарышка чыгуу үчүн тер төгөт. Биз дагы ушул сыяктуу өз жумушубузду аткарууну каалаганбыз.

Менимче көпчүлүгүбүз үчүн Ооганстан позитивдүү эле тажрыйба болду. Биздин Десанттык аба күчтөрүндө жогорку мотивация жана мыкты даярдык бар. Өзүбүзгө ишеним бийик эле.

Кармаштар жана жоготуулар

Албетте, согуш деген согуш! Ошондуктан үрөй учурган көрүнүштөр болбой койбойт. Октон жарадар болуп, ал тургай мерт кеткендер болот. Бул тозок. Бирок, экинчи жагынан алганда, өзүбүз ушул тобокелчиликти тандап алып, өзүбүз чечим кабыл алып, кол коюп бергенбиз да. Жарадар болуп калган учурда деле чечимине өкүнгөндөр болгон жок. Мен деле Ооганстандагы согушка катышып калганыма эч качан өкүнгөн эмесмин. Буга аралашып калганымдын өзү мага оңдой берди болду деп ойлойм.

Кайсыл бир кармашты өзүнчө бөлүп айтып бере албайм. Албетте, биринчи жолку ок атышууга катышканым эсимден кетпейт. Эмоциялар көп болду, кулак тундурган ачуу үндөр, душман кайда экенин, кийинки аракеттериң кандай болорун түшүнбөйсүң.

Жалпысынан үч ирет Ооганстанга командировка менен келдим. Биринчи жолу жети ай, кийин эки ай, үчүнчүсүндө жарым жыл жүрдүм. Ооба, кырдаал курч. Бирок акырындап тажрыйба топтоп, эмне болуп жатканын аңдап түшүнүп, кырдалага көнүп баштайсың.

Мага оңдой берди болду. Анткени менин кол алдымдагы 18 жоокер эч кандай жоготууга учураган жок. Башка бөлүктөрдөн жоготууларды көрдүк. Рациядан "Бизде жоготуу бар" деген сөздү угуу өтө оор эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

СССРдин тажрыйбасы тууралуу

Командировкага даярданып жаткан учурда бизге окуй турган адабияттардын тизмесин беришти.

Тизмеде "The Bear Went Over the Mountain" - Ооганстандагы советтик армиянын тажрыйбасы тууралуу китеп дагы бар экен. Ал китептен Ооганстанда советтик аскерлер кандай кыйынчылыктарга туштукканы тууралуу маалымат алдык.

Менин түшүнүгүмдө, СССР салттуу аскердик операцияларга басым жасаган. Масштабдуу чабуулдар көп болуп, жайкын тургундар арасында жоготуулар болуп турган. Биз башка тактиканы колдонуп, так соккуларды жасоого аракеттендик. Тактика татаал деле эмес, биз белгилүү бир аймаккка келебиз, аны тазалап чыгып, анан кармап турабыз. Кийин ошол жердеги жашоону калыбына келтирүү. Ошону менен бирге эле биз Гильмендде ордубуздан жылбай туруп калдык. Согуш Батыштын ресурстарын жана адам өмүрлөрүн алды.

Мотивация. Баарыбыз эле жаштык жигер менен Ооганстанга келдик. Мага команданын бир бөлүгү болгон жакты. Албетте, биздин Ооганстандагы кийгилишүүбүздүн арты жакшылык алып келишин каалайт элек. Бирок биз реалист болчубуз, эч кандай өзгөчө деле идеалисттик көз караштарыбыз болгон эмес.

Мынтип ой жүгүртөт элем: Мен бул жердемин, эмне болуп жатканын көрүп турам, позитивдүү өзгөрүүлөргө жетише алам, менин аскердик наамым өз кишилеримди аман-эсен үйгө алып кеткенге мүмкүнчүлүк берет. Эгерде бул жакка мен келбесем, башка бирөө келмек. Балким ал киши туура эмес чечим кабыл алып калышы да мүмкүн эле.

Эч качан сыйлык, медалдардын артынан түшкөнүм жок. Командир болуп туруп, сыйлык жөнүндө ойлосоң, анын арты бир эле сенин эмес, аскерлериңдин дагы өмүрүнө кооптуу болуп калышы мүмкүн. Бул туура эмес стратегия экенин Ооганстанга келе электе эле түшүндүм.

Сүрөттүн автордук укугу AFP / Getty Images

Ооган жери жана маданияты тууралуу

Менимче, Ооганстан - укмуштуу жана абдан кооз өлкө. Албетте, Англиядан келгенде "маданий шокту" башыңан өткөрөсүң. Биз буга даяр эле келдик. Болбой эле алгачкы жолу башкача албалда жүрөсүң. Оогандарды жакшы түшүнөм деп айта албайм. Бирок британдыктарга окшош жагы, оогандар дагы тамашакөй эл. Чынында Ооганстанда өзгөрүүлөрдү каалаган жакшы кишилер көп.

Сүрөттүн автордук укугу THOMAS COEX/AFP/Getty Images

Үй-бүлөсү тууралуу

Үйгө кайтып келгенден кийин гана сенин ал жакта жүргөнүң жакындарына кандай таасир эткенин түшүнөсүң. Ооганстанга жөнөп жатканда, менин жоктугум алар үчүн өтө оор болорун ойлобоптурмун. Айрым учурда менин абалымдан дагы оор болгон экен. Биринчиден, мен ал жакка барууну өзүм тандадым. Экинчиден, кандай коркунуч бар экенин ошол жерде жүрүп билип турасың. Жакындарым болсо, жети ай боюу коркунуч жана санаа менен уктап жүрүштү. Азыр ким кирип келе калып, "Уулуңуз каза тапты" деген сөздү айтат деген коркунуч менен жашашты.

Үйгө кайтуу

Вьетнамдын мисалы бар, аскер кызматкерлери үйүнө кайтканда каякта жүргөнүн айтышкан эмес. Бул абдан жагымсыз көрүнүш. Болжолу советтик аскерлер деле Ооганстандан кайтканда, ушундай абалга туш келсе керек.

Бирок британдык коом негизинен бизди колдоду. Кишилер саясатчылардын максаты менен жоокерлердин ынтаасын ажырата билет. Негизи жоокерлер бооркердикке муктаж эмес. Ар бир жолу үйүнө жоокердин табыты келгенде ызы-чуу көтөрүп, жаңылыктарды эмоцианалдуу сүрөттөлүштөр чыгат. Бул айрым жагдайда жаңы контингентти жөнөтүү ишин кыйындатат.

Бул кишилерди түйшөлткөнү жакшы. Деген менен жоокер өз тандоосун өзү жасап жатпайбы. Ал өлүмгө алып келгенде күндө дагы. Биз боор ооруганды эмес, сыйды каалайбыз.

Британияда так кайсыл аскер өнкөтүгүнө катышууну тандап туруп, анан армия катарына келбейсиң. Саясатчылар бул ресурсту кандай пайдаланат, ошого ишенесиң.

Наиль Каюмов, СССРдин десанттык батальонунда кызмат өтөгөн. Ооанстандын Пактия провинциясы, 1985-1986 -жылдар

Image caption Наиль Каюмов, СССРдин десанттык батальонунда кызмат өтөгөн. Ооанстандын Пактия провинциясы, 1985-1986 -жылдар

Наиль Каюмов аскерге чакырылган учурда Десанттык аба күчтөрүнүн катарына кабыл алынган. Ооганстанга өз ыктяры менен жазылып, жарым жыл кызмат өтөгөн

Армияга мектепти бүтүп эле бардым. Элиталык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгүм келчү. Ошондуктан Десанттык аба күчтөрүнүн катарына алышканына кубандым.

Бизди чогултушкандан кийин эле офицерлердин бири "даярдоо базасына" алып кетерин айтты. "Эгерде ким Ооганстанга барууну каалабаса, ушул жерде баш тартса болорун" эскертти. Эч ким баш тарткан жок. Биз милдеттүү армия кызматында болгонубуз менен Ооганстанды өзүбүз тандадык.

Даярдык тууралуу

Даярдык үч айга созулду. Баары эле эртерээк Ооганстанга жөнөп кетүүнү каалап жатты. Анткени машыгуулар өтө эле оор болчу. Сержанттар бизди атайын эле мазактап жатат деп ойлоптурбуз. Кийин Ооганстанда жүргөндө аларга ичибизден миң мертебе ыраазычылык айтык. Бизди ушундай даярдап, тарбиялаганы үчүн. Бирок, албетте, ооган жерине өткөндө апкаруу болбой койгон жок. Ооганстан - таптакыр башка өлкө эле да. Бизди машыктырган учурда көп жагдайларды бизге жеткире алышкан эмес. Бул түшүнүктүү, анткени сержанттардын өзү бул өлкөдө болгон эмес. Алар бизге согуштук кырдаалда болушунча тирүү калууну үйрөтүшкөн. Ошол жакка баргандан кийин акырындап жаңы жашообузга көнүшө баштадык.

Image caption Каюмов кызмат кылган бөлүктөгү жоокерлер колго түшкөн можахеддер менен, 1985-жыл

Согуш жана жоготуу

Жеке мен кан төгүлгөн кармаштарга көп катышканым жок. Ооганга 1986-жылдын августунда барып, кийин ооруп калып февралда кайра СССРге кайтып келдим.

Өзүм катышпай калган кармаш түбөлүк эсте калды. Баарыбыз чогуу жөнөп жатканбыз, бирок кийин бир нече кишини лагерге калтырып коюшту. Арасында мен дагы калып калдым. Мына ушул операцияда чоң жоготуу болду. Кийин биз канга чыланган брондолгон кемселдерди жуудук. Ооган жерине жаңы эле баргандыктан бул көрүнүш эсибизди оодарды. Биз согушка баратканыбызды билгенбиз, бирок согуш ушундай экенин ойлобоптурбуз. Ушундай кийин биз кадимки согуш талаасында экенибизди аңдадык.

Бир жолу тик учакка чыгып жатканыбызда туш тараптан миналар жарылып калды. Азыр ошондогу кырдаалды башкача баалайсың. Бирок ошол кезде биз койлор сыяктуу эле баш оогон жакка кетип, эмне кылышты билбедик. Азыр ойлосом, бизден улуулар тез жана туура чечимдерди кабыл алган экен. Көп нерсе унутулду.

Эсимде, тик учакта баратабыз. Бут алдыбызда каза тапкан жолдошубуз жатат. Биз сөөктү алып келе жатабыз. Үн, сөз жок, эч ким сүйлөбөйт... Мындай кайгылуу окуяларды эстегиң келбейт.

Үй-бүлө тууралуу

Ооганстанда кызмат кылып жүргөнүмдү ата-энем билген эмес. Биз кат жазганда даректери жазылчу эмес. Мен ар дайым "ГДР" деп көрсөтүп койот элем. Бизге каттарды талаа почтасы аркылуу алып келип беришчү.

"Силер кайсыл шаардасыңар?",-деп апам кат жазчу. Мен болсо Берлинден башка шаар тууралуу билбейт элем. "Апа, бир талаадабыз, билбейм",-деп жооп жазам. Аба-ырайын сурайт. Олтуруп алып, оюмдан токуп жооп берем.

Союзга келгенден кийин гана, бир тууган эжеме болгонун айтып, апама түшүндүруп кой дедим. Алты саны аман, кабатыр болбосун деп айттырдым. Албетте, апам уккандан кийин ыйлап-сыктаптыр.

Оогандан келген соң

Келгенден кийин "ооганчыларга" жакшы көңүл бурушары дароо байкалды. Каттоого коюп, медициналык комиссияга жөнөттү. Ошол маалда азык-түлүк алуудан маселе бар эле. Биз ай сайын таңкыс болгон азык-түлүктөрдү алып турганбыз. Төрт жылдан кийин эки бөлмөлүү батир беришти.

Советтер союзу учурунда бизге жакшы кам көрүштү. СССР ыдырагандан кийин, көңүл бурулбай калды. Ал учурда мен өзүмчө соодага аралашып, мамлекеттик жардамга муктаж болбой калдым. Мен бул согушка саясий баа бере албайм.

Бирок, эгерде Ооганстансыз эле мүмкүн болсо, ошол жол жакшы болмок деп айтам. Балдар даяр эмес эле, психика бузулду, канчасы майып болду. Бир үй-бүлөнүн жалгыз балдары окко учту. Бул эмне деген трагедия!

Менин бир досум бар эле. Бир күнү мага келиптир. "Мына сага сүрөттөр, каза болуп калсам, апама жөнөтүп жибер",-деди. Кийин ал каза болуп калды. Менде болсо анын 40 даана сүрөтү калган. Мен аны төрт беш конвертке бөлүп жөнөттүм. Ал үй-бүлөсүндөгү жалгыз бала эле...мындайлар көп болду. (AbA)