"Жихадка кетти делгендер, биз ойлогондой бакырып кирип келбейт"

"Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары Сүрөттүн автордук укугу moderndiplomacy.eu
Image caption "Аль-Каидага" ант берген өзбек жихадчылары

Сириянын оппозициялык күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Ирак менен чек арада өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топтун көзөмөлүндөгү акыркы аймакты алууга умтулуп жатат.

АКШ колдогон "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" өкүлү Мустафа Бали "Ассошиэйтед пресс" агенттигине "алардын алдында эң тажрыйбалуу жихадчылар каршы турганын" айткан эле.

Биз Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Искендер Ормон уулуну кайрылып, "ИМ" талкаландан кийин Сириядагы кырдаал турукташабы? Жарандык согуш аягына чыкты деп айта алабызбы?,- деп суроо узаттык

Искендер Ормон уулу: Сириядагы жарандык согуш өлкөнүн ичиндеги маселесине байланыштуу эле чыга калган жок. Буга тышкы факторлор дагы чоң таасирин тийгизди. 2011-жылы башталган бөлүнүп жарылуунун арты согушка алып келди. Кандуу кармаштар тыйылбай, жаңжалдын бүтүшү дале бүдөмүк болуп турушуна ал жакка кийлигишип жаткан сырткы күчтөрдүн тең ата таасирде болуп калганына байланыштуу десек болот. Сирияда чоң державалардын күрөшү жүрдү.

Сүрөттүн автордук укугу Tass
Image caption Искендер Ормон уулу: Чоң күчтөрдүн кызыкчылыгынын тогошушу, кагылышы ушундай коогалаңдын алоолонуп турушуна өбөлгө түздү

Би-Би-Си: Чоң державалар деп калдыныз, талдап берсеңиз?

Искендер Ормон уулу: Тикелей катышкан чоң мамлекеттер Орусия, Кытай, Иран, албетте, АКШ менен батыш өлкөлөрү айрым учурларда чогуу аракеттеништи. Ошол эле учурда чөлкөмдөгү оюнчулар Түркия, Сауд Арабиясы дагы аралашты. Алардын кийгилишүүсүнө өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террористтик күчтөрдүн пайда болушу эле себеп эмес, башка дагы факторлор бар. Ошондуктан Сириядагы коогалаң биротоло жоюлду деп айтууга али эрте.

Би-Би-Си: Негизинен аймакты өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтон бошотуп алуу менен эле маселе чечилбейт деп калдыңыз, кырдаалды жайгара турган же тикелей таасир эте турган негизги факторлор кайсылар?

Искендер Ормон уулу: Мунун көп кырдуу себептери бар. Аны ички жана тышкы себептер деп бөлүп кароо керек. Ички себептер - ошол өлкөдөгү экономикалык көйгөйлөр, жумушсуздук, ошол эле учурда этникалык маселелер. Муну менен эле чектелбей эң маанилүүсү диний сабатсыздыкка кошул-ташыл болуп тышкы факторлордун ошол жагдайды ушундай кандуу калабага айландыргандыгы.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Сириянын демократиялык күчтөрү" тобу 2012-жылдын бери АКШнын колдоосуна таянып келет

Би-Би-Си: Сиз белгилеп жаткан күчтүү державалардын Сириядагы жаңжалга аралашуусуна кандай себептер бар эле?

Искендер Ормон уулу: Мисалы, активдүү катышкан Иран шийиттерди колдоп жатат. Сириянын азыркы жетекчилиги көбүнчө алавиттер тарабында. Булар шийиттерге үндөш ишенимди кармангандардан деп саналат. Ошон үчүн Иран ал жерде геосаясат эле эмес, диний факторлордун негизинде дагы өз кызыкчылыгын көздөп турат. Орусиялык эксперттердин айтуусунда, бул державанын ал жака киришүүсүндөгү эң чоң фактор катары мунай эсептелет. Алар ошол жерде өзүнүн кубатын, биз барбыз дегенди көрсөткүсү келет. Акыркы учурда дүйнөдө мунайзат аябай арзандап кетти. Негизги экономикасы мунайзатка гана таянган өлкөлөрдүн кирешеси азайгандыктан экономикасында оорчулук жаралды. Батыш менен тиерешип жатат. Бул Орусиянын мунайзатка, газга жана ар кандай чийки заттарга таянган экономикасына чоң сокку берди. Себеби алардын башкы кардары болгон батыш сатып алуулардан баш тартып келе жатат.

Батыш Европа өлкөлөрү жана АКШ мунайды Жакынкы Чыгыштан алууну ошол тарапка мунай жана газ түтүкчөлөрүн куруп, чоң долбоорлорду ишке ашырууга бел байлаган эле. Ал эми Орусия ошол каналдарды бууп, өзүнүн базарын жоготуп алууга далбастап "бул жакка киришти" деп орусиялык белдүү аналитиктер айтып келе жатат. Ошол эле негизде АКШ жана анын айланасындагы Европа өлкөлөрү дагы өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөбөй койгон жок. Геосаясат илиминде "Жакынкы Чыгышка, ошол жердеги ресурстарга таасир эте алган тарап дүйнөдө өз үстөмдүгүн коргой алат" деген түшүнүк бар. Ошол негизде алып караганда, АКШ дагы ошол жердеги өзүнүн күчүн, ошол жердеги таасирин жоготуп албоону негизги кызыкчылык катары карманып турат. Ошентип чоң күчтөрдүн кызыкчылыгынын тогошушу, кагылышы ушундай коогалаңдын алоолонуп турушуна өбөлгө түздү.

"Жихадчылардын басымдуу бөлүгү артка кайтууну эңсейт"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чабуул алдында миңдеген тургундар коопсуз жайга чыгарылган

Би-Би-Си: Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Сирия, Ирактын аймагынан сүрүлүп жататат. Бул топко кошулгандар арасында Борбордук Азиядан барган согушкерлер дагы бар. Эми алардын тагдыры, келечеги, коркунучу кандай болушу мүмкүн?

Искендер Ормон уулу: Албетте, кооптонуу бар. Биздин расмий тараптардын маалыматы боюнча Орто Азиядан барып, согушка катышкандардын саны аз эмес. Биздин эле Кыргызстандан, Өзбекстандан баргандар көп деп айтылат. Ошол эле Казакстандан баргандарын саны кеминде 700 дөн ашык экендиги маалым. Ал тургай Сиряда "Кавказ бөлүмү", "Түркистан бөлүмү" деп аталган, атайын буларга таандык бригидалар бар экендиги айтылып да, жазылып да жүрөт. Иранда болсо Түркия, Иран, Орусиянын катышуусу менен чоң жыйын болуп, атайын убакыттар белгиленген. Натыйжада ал жактан акырындап сүрүлүү жараяны болуп жатат. Соңку айрым видео тасмалардан да мунун далилин көрдүк десек болот. Ал жерде чегингендердин ордуна келген күрт күчтөрү, күрт кыймылдары ал жерде Орто Азия өлкөлөрүнө "өз жарандарыңарды алып кеткиле. Бул жакта камакта тургандарды бага албай калдык, багуусуз калды" дегенге чейин барды. Бул эмнени көрсөтөт? Бул коркунуч туудурат. Анткени ал жактан чыккандар бир аз бөлүгү балким Түркияда калышы ыктымал же болбосо Африка өлкөлөрүнө кайткандар менен чогуу кеткендер да бар деген маалыматтар бар. Бирок, баары бир басымдуу бөлүгү бул жакка кайтууну эңсейт. Кайтканда биз элестеткендей куралчан, узун сакалчан, өздөрүнө таандык символдор менен ачык-айкын бакырып кирип келбейт. Булар балким ошол жакка кетип жатканда, өткөөл территория катары Түркияны пайдаланган болсо кайра эле ошол жол менен Түркияда убакыт өткөзүшү мүмкүн. Кебетесин, тышкы формасын өзгөртүшү мүмкүн. Мурда сакалчан болсо, сакалын алып дегендей. Айрымдары Орусия млекети аркылуу же башка үчүнчү өлкөлөр аркылуу да келиши мүмкүн.

Image caption Искендер Ормон уулу

Ошондуктан коопсуздукка жооптуу органдарыбыз өтө кыраакы болушу абзел. Бирок, бул деле утурумдук ыкма. Башкача айтканда, күч менен болгон тоскоолдук же күрөш бул жоототуучу айла гана болот. Негизинен түпкүлүгүндө буларды жараткан, булардын ошондой жолду тандашына себеп болгон соцалдык, экономикалык, өзгөчө билим берүү анын ичинде диний билим берүүгө тиешелүү маселелер чечилмейинче бул маселелер беткаптын алдында жашынып кала берет. Буга тарых жана турмуш далил. Радикалдуу көз караш ар түрдүү форма менен, ар кайсы убакытта тышкы күчтөрдүн пайдалангысы келген учурда ар түрдүү ат менен чыга берээри турган иш. Бүгүнкү күнгө чейин алар мурда "Талибан" деп бираз радикалдуу күч болуп чыкты, андан кийин "Аль-Каида" деп чыкты мына андан кийин "Ислам Мамлекети" деп чыкты ал эми Африкада болсо "Боко Харам" деген ат менен чыкты.