Индия Кашмирдин Пакистан аймагына абадан сокку урду

Индия Кашмирдин Пакистан аймагындагы жоочулардын лагерлерине абадан сокку урганын билдирди.

Өткөн апталарда Кашмирдин индиялык бөлүгүндө жанкечти жардыруусу орун алгандан кийин эки өлкөнүн мамилеси курчуп кеткен эле. Анда индиялык аскер кайгуулуна кол салуу болгон.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Виджай Гокхале ырастагандай, аба соккулары Балакот шаарынын аймагына жасалып, бир нече жоочу өлтүрүлдү.

Аба чабуулу "Жаиш-э-Мухаммад" ("Мухаммеддин армиясы") тобунун жоочуларына багытталган. Аталган топ 14-февралдагы жардыруунун жоопкерчилигин өзүнө алган эле.

Буга чейин Пакистандын аскер жетекчилиги Индиянын аба күчтөрүнө таандык учактар өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп киргенин кабарлаган. Бирок жердеги эч кандай объектилерге сокку урулбаганын жана курмандыктар жок экенин айткан эле.

Чек арадагы көзөмөл чеги Кашмирди экиге бөлүп турат. Бир тарабын Индия, экинчи тарабын Пакистан көзөмөлдөйт. Бул чек шарты катаал аймактарды аралап өткөндүктөн, эч кандай белги коюлган эмес.

Көзөмөл чегинен сырткары аймакка жолдонгон сокку 1971-жылдагы Индия-Пакистан согушунан кийин биринчи ирет катталды.

Буга чейин Индия радикалдуу топторго каршы кургакта операция өткөргөн.

Кескин курчуган кырдаал

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында болгон жанкечти кол салуусунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кескин курчуп кетти.

Пакистан өзүнүн Индиядагы элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Индиялык элчи андан мурун эле Исламабаддан чыгып кеткен. Индия кол салууга катыштыгы болгон деп, Пакистан бийлигин айыптап жатат. Исламабаддын бул окуяга аралашканы боюнча далилдер бар дейт индиялык бийлик.

Пакистан бул айыптоолорду четке кагып, далилдерди көрсөтүүнү талап кылган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан "Жаиш-и-Мухаммед" радикал тобу мойнуна алган

Ким күнөлүү?

Кол салууну моюнуна алган "Жаиш-и-Мухаммед" радикал тобунун лидери Масуд Азхар эч кандай жаап-жашырынбай эле Пакистандын Пенжаб аймагында жүрөт дейт индиялык бийлик.

Пакистан болсо топтун ишмердүүлүгүнө (БУУ, Индия, АКШ жана Улуу Британия топту террордук уюм деп эсептейт) тыюу салган. Бирок радикал топ башкача аталыш менен аракетке өтүп алганы тууралуу маалыматтар бар. Исламабад Масуд Азхарды камакка алууга жетиштүү далилдер жок дейт.

Би-Би-Синин урду кызматынын редактору Фараз Хашминин пикиринде, пакистандык атайын кызмат бир гана себеп менен согушкерлердин ишмердүүлүгүнө көз жумуп коет. Мисалы, бул топ "Талибандан" айырмаланып Кашмирде, болгондо да индиялыктарга каршы аракеттенет.

Жаштардын радикалдашуусу

Индия чек араны кайтаруу үчүн израилдик технолгияларды сатып алган. Чек аранын бул аймагындагы өтмөктөрдүн татаалдыгы дагы согушкерлерди токтото албай жатат.

Андан сырткары, Кашмирдеги чек аранын эки тарабында тең жаштар радикалдашып жатат дейт аналитиктер. Мындан бир нече жыл мурун эле Кашмирдеги каршылык жүрүштөрү тынч маанайда өтчү. Азыр болсо жаштар дароо эле куралга чуркайт деди Би-би-синин урду кызматынын редактору Хуссейн Аскари.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индия менен Пакистандын чек арасын чийген ким?

Кашмирде бир нече жылдан бери кырдаал курчуп келет.

Кашмир боюнча Индия менен Пакистан өкмөтү түз сүйлөшүүлөрдү токтотконуна эки жылга аяк басты. Бирок чек аранын эки тарабындагы аскер кызматкерлери байланыштарды сактап келүүдө.

Өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүлөр 2009-жылкы Мумбайдагы кол салуудан кийин токтогон. Нарендра Моди өкмөттүн башына келгенден бери Кашмир боюнча катаал позицияга өтүп алды.

2016-жылы Кашмирдеги индиялык аскер базасына кол салуудан кийин, Моди Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагында дагы операция өткөрүүгө уруксат берген.

"Моди өзүнүн генералдарынын колун байлады",-дейт Би-би-синин Индия кызматынын редактору Кинджал Пандия.

Бейшембидеги кол салуудан соң, Моди болгон дипломатиялык ыкмаларды колдонуп, Пакистанды эл аралык коомчулуктан обочолонтуп "изоляцияда" калтырам деп убада берди.

Жазында Индияда парламенттик шайлоо болорун эсепке алганда, Модинин катуу кеткенин дагы түшүнсө болот.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индия - Пакистандын бөлүнүшүнө 70 жыл

Дипломатияга басым жасоо менен маселе чечилет дегенге ишеним азыраак. Кашмир үчүн эки өлкөнүн айрым аскердик кагылышууларын эсепке албаганда, эки жолу согуша кеткен.

Учурда эки өлкө тең өзөктүк куралга ээ. Исламабад аны колдонууга даяр экенин да билдирген. Талдоочулар болсо өзөктүк курал эки тараптын согуша кетишине жол бербейт деп эсептейт.

Азырынча Дели Пакистанды "приоритетүү өнөктөш" макамынан ажыратуу тууралуу айтып жатат. Албетте, мунун экономикалык кесепети болот.

Исламабаддын жакын союздашы Кытай бул жоготуунун ордун канчалык толтуруп бере алат? Бул суроо дагы ачык бойдон калууда.

Буга чейинки жаңжалдарда Кытай нейтралдуу позицияны карманып келген.

Дагы бир маанилүү жагдай - суу.

Инд дарыялар ситемасы үч батыш дырыялардан - Инд, Желама, Чинба жана үч чыгыш - Сатлежа, Биаса, Рави дарыяларынан турат.

Сууларды пайдалануу боюнча Индия менен Пакистан ортосундагы келишимге 1960-жылы Дүйнөлүк банктын ортомчулугу менен кол коюлган. Индия суу пайдаланууда Пакистан менен чек арага чейинки чыгыш дарыяларын колдонууга укук алган.

Пакистан болсо батыш дарыяларын колдоно алат.

Бирок батыш дарыялары Индиянын аймагынан агып чыгат. Жаңжал болуп кетсе, индиялыктар сууну бөгөп салат деген кооптонуу бар. Муну менен өлкөгө жасалма кургакчылыкты алып келиши мүмкүн. Бирок буга чейинки жаңжалдардын биринде дагы Индия келишимди бузган эмес. (AbA)

Тектеш темалар