Түркмөнстанда аялдар унаа башкара албай калабы?

Ashgabat shopping centre, 2017 Сүрөттүн автордук укугу Valery Sharifulin\TASS via Getty Images
Image caption Ашхабаддагы соода борбору

Жол кайгуул кызматы түрдүү себептерге таянып, кыз-келиндердин айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгарып жатканына нааразылык күчөдү. Түркмөн бийлиги аялдардын машине айдоосуна тыюу салууну көздөп жатат деген сөздөр айтылууда.

"Хроника Түркменистана" агенттиги маалымдагандай, дем алыш күндөрү Ашхабадда Жол коопсуздук кызматы унаа башкарган аялдарды токтотуп, көп машинени айып короого киргизүү үчүн түрдүү себептерди издеген.

"Жол коопсуздук кызматкерлери аялдар тууралуу эч нерсе айткан жок. Бирок себеп таап, унааны айып короого киргизип жатышат",-деди окуяга күбө болгондордун бири.

Ашхабаддын негизги көчөлөрүндө бир күндүн ичинде 120дай унаа айып короого киргизилген деп айтылды. Окуяга күбө болгон кишинин айтымында, бир эле милиция аялдар башкарган жыйырма машинени текшерген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Түркмөн кызматы коопсуздук кызматкеринен интервью алып, анын "аялдардын негизги көчөлөрдө унаа айдоосуна тыюу салынып жатат" дегенин жазып чыкты.

"Хроника Түркменистана" агенттиги кабарлагандай, мындай мыйзамдар жазылбаса да, алар иш жүзүндө аткарылып жатат. Өлкөдө "кондиционер орнотуу", "сакал өстүрүү" сыяктуу "кызыктай" мыйзамдар бар.

Буга чейин түркмөн аялдары айдоочулук күбөлүк алууда жасалма тоскоолдуктар чыгып жатканын айтып, нааразы болушкан эле. Бул иштердин артында ким турганы белгисиз.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов машине айдаганды жакшы көрөт, бул жалпыга маалым. Президент өткөн жылы эл аралык унаа жарышына жолдомо алуу үчүн мелдешке катышып, биринчи болуп келген.

Сүрөттүн автордук укугу Turkmen Government
Image caption Музыкант, мыкты велосипедчи жана чабандес болгон президент унаа жарыштарына да катышат

Бердымухамедов министрлердин бири менен жолугушууга келип эле күтүүсүз жерден жарышка катышууну чечкен экен. Ырас, расмий кабаларда ушунтип айтылган.

Бердымухамедов жарышка даярдыктар кандай өтүп жатканы боюнча баяндама укмак. Бирок калыстардын биринен жарыштын эрежелерин жана "мелдеш болчу күнү жаңы спортчу кошулса болобу" деп сураган. Оңдой берди болуп, ага уруксат беришкен.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары болгон президент Бердымухамедовдун уулу жарышта атасынын жанында отуруп, багытты көрсөтүп турган. Президент профессионал спортчулардан 12 секунд алдыда келген.

Гурбангулы Бердымухамедов 2007-жылы бийликке келгенде көптөр өзгөрүүлөрдү күткөн. Бирок Түркмөнстандын мурдагы президенти Сапармурат Ниязов сыяктуу эле Бердымухамедов дагы диктаторго айланып, бир адамдын керт башына сыйынуу саясатын улантты.

Түркмөнстан газ кендерине бай болгонуна карабастан, калктын көбү жакыр жашайт. Amnesty International уюму Түркмөнстанды адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча дайыма сынга алып келет. (AT)