Швейцариянын "бейтараптуулук принциби" жана жоопко тартылган армия офицери

Johan Cosar is photographed in military fatigues with a scarf wrapped around his head Сүрөттүн автордук укугу Christophe Petit Tesson / PA
Image caption Жохан Косардын 2015-жылы Сирияда тартылган сүрөтү

Жохан Косар өздөрүн "Ислам мамлекетине" (террористтик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө , анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) каршы күрөшүү үчүн Сирияга барган. Швейцариянын мурдагы офицери эми аскер трибуналы тарабынан соттолууда. Буга Швейцариянын бейтараптуулукту сактоо принциби себеп болду.

Жохан Косар "чет өлкөлүк армияга кошулуп, өлкөнүн бейтараптуулугун бузуп, коопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айыпталууда. Ал дооматтарды четке каккан жок, бирок өз кадамын "туура" болгон деп эсептейт.

Швейцария армиясынын өкүлүнүн айтымында, өлкө мыйзамдарында чет өлкөлүк күчтөргө кошулууга тыюу салынган.

"Анын кандай күчтөргө кошулганы маанилүү эмес, мыйзам алдында жооп бериши керек".

Жохан Косар Швейцария жараны, ушул өлкөдө туулуп-өскөн. Бирок анын чоң атасы Сириядан Европага көчүп барган. Үй-бүлөсү христиан.

37 жаштагы Косар Сирияга журналист катары барган. Бирок өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ христиан коомчулугун мыкаачылык менен кырып жатканына күбө болуп, аларды коргоого аракеттенген.

Ал "Сириялык аскер кеңешин" түзүп, Швейцариянын армиясынан үйрөнгөн ыкмаларды колдонуп, сириялыктарды күжүрмөн даярдыкка келтирген. Косар мырзанын буйругу менен атайын көзөмөлдөп өткөрүүчү жайлар да курулган. Салгылашуулар тынымсыз жүрүп жатканда швейцариялык офицер беш жүз куралчанды башкаркаган экен.

Сүрөттүн автордук укугу Shutterstock
Image caption Соттук угуунун алдында тартылган сүрөт. Косар мырза журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө

Швейцариянын бейтараптуулугуна шек жаратуу

Жохан Косар Швейцарияга кайтып келгенде, дароо камакка алынган. Чет өлкөлүк армия же куралчан топко кошулуу армия тарабынан тыюу салынган.

Мунун тарыхый себеби бар. Миңдеген жылдар бою швейцариялык жаштар жумуш издеп, чет өлкөлүк армияга кызмат кылган. Тоолуу аймакта туулуп-өскөн жигиттердин ар түрдүү шартка чыдамкайлыгы Европада бааланчу. Швейцариянын жалданма жоокерлерин учурунда Наполеон дагы кызматка алган. Ошондой эле Испания, Голландия жана Британиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат кылышкан. Швейцария бутуна туруп, бейтараптуулук саясатын карманууну тандап алгандан кийин, чет өлкөнүн армиясында кызмат кылган жарандары маселе жарата баштады. Европанын эки мамлекети согушуп жатса, эки каршылаш тарапта швейцариялыктар курал кармап турса, бейтараптуулукка шек жаралат деген тыянак чыгарылган. Жохар Косар ошол тарыхый мыйзам боюнча сот алдында жооп берүүдө.

Бүгүнкү күнү бир гана Рим Папасын кайтарган швейцариялык гвардияга чет өлкөдө кызмат кылууга уруксат берилген. Гвардиянын Ватикандагы коопсуздукка жооп бергени көп жылдардан бери салтка айланып калды окшойт.

Тарыхый мыйзамды бузган Косарды аскердик сот жазага тартат. Соттук угуу башталышы демонстрациялар менен коштолду. Акцияга чыккандар "Экстремисттер менен күрөшүү кылмыш эмес" деген ураандарды көтөрүп турушту.

Жохан Косар болсо террордук топтун баскынчылыгынан сириялыктарды куткарууга салым кошкон үчүн Швейцария медал бериши керек эле дейт.

Биринчи соттук угуу жеңил маанайда өттү. Ал тургай адвокаттар бири-бирине тамашалап отурду. Бирок Косар үчүн күлө тургандай деле абал эмес, үч жылга чейин абак жазасына кесилиши мүмкүн. Швейцариянын өкмөтү Жохан Косар "туура кадамга" барса да, мыйзам бузулганын жана ага жол берсе болбойт деген принципти карманууда.

Швейцариянын миңдеген жарандары экстремисттик топтордун катарында согушканы тууралуу маалыматтар бар. Ондогон жарандары Сириядан кайтып келип, жыйырма жылга чейин абакка кесилишти. Бирок көптөрү дале Сириядагы качкындар лагеринде кармалууда. Эгереде алар артка кайтып келсе, экстремисттерге кошулганы үчүн жоопко тартылат. (AT)