Кош жатын шумдугу же ойдо жок жерден төрөп койгон Эбони

"Баламды биринчи жолу колума алганда мен буга түк ишенген жокмун",-дейт Эбони Стивенсон Сүрөттүн автордук укугу SWNS
Image caption "Баламды биринчи жолу колума алганда мен буга түк ишенген жокмун",-дейт Эбони Стивенсон

Британиялык бир кыздын турмушунда үч уктаса түшкө кирбеген окуя болду. Ал кокустан эле өзүн начар сезип төшөккө жатып, төрт күндөн кийин эне болуп ойгонду. Көрсө, ал өзүнүн кош бойлуу экенин түк билген эмес экен.

Эң кызыгы, Олдем шаарынын 18 жаштагы тургунунун эки жатыны бар болуп чыкты. Анын бирөө кадимкидей эле менструалдык цикл менен иштеп, этек кирип келип аткандыктан Стивенсон өзүнүн кош бойлуу деп эч ойлогон эмес.

Андан да кызыгы, бала жаткан экинчи жатыны анын аркасына жакын жайгашкан экен. Ошол себептүү кош бойлуулук билинбей калган.

Стивенсон экинчи декабрда өзүн начар сезип, башы ооруп баштагандыктан төшөккө жаткан. Андан кийин уйку-соо арасында деми кыстыгып, дене бою ооруй баштаган. Дарыгерлер аны предэкламсия, башкача айтканда кош бойлуулуктун абдан оор, коркунучтуу учуру болгон деп жатышат. Стивенсон кантип туруп, ваннага кандай жеткенин эстей албайт. Так ошол жактан талмасы кармаган.

Эбонинин энесинин айтымында, кызынын курсагы кокустан эле чоңое баштаган. Ошондо ал тез жардам чакырган.

Ошондон үч сааттан кийин аны ооруканага алып барышып, шашылыш түрдө операция жолу менен төрөтүшкөн.

"Чыныгы керемет"

Эбони Стивенсон алтынчы декабрда эс-учуна келип, салмагы 3,45 кг болгон кызды төрөгөн. Дарыгерлердин айтымында, ымыркай өз маалында тогуз айга жетип төрөлдү. Анын атын Элоди деп коюшту.

"Биринчи жолу ымыркайды көргөндө мен өз көзүмө ишенген жокмун",-дейт Стивенсон.- Мен балама мээрим төгө албай каламбы деп корктум, анткени мен адегенде бала төрөгөнүм жөнүндө ойго көнүшүм керек эле".

Ал көзүн ачкандан кийин дароо эле кызын көрдү, Элоди анын көкүрөгүндө жаткан эле.

"Мен адегенде баланы алып кеткиле деп айттым, анткени жаңылышып алып келишти деген ойдо болдум",-дейт бул кыз. -"Энем мага ошондо түшүндүрдү, ошондон кийин гана мага кызымды кайра алып келишти. Мен аны биринчи жолу колума алдым".

Тектеш темалар