Кашмир кризиси: Индия колго түшкөн учкучун бошотууну талап кылды

Индиянын өкмөтү Пакистандын күчтөрү атып түшүргөн аскер учактагы пилотту өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Пакистандын Маалымат министрлиги учкуч колго түшкөн маалда тартылган тасманы жарыялады. Тасмадан көзү таңылган, бети-башы канжалаган учкучту көрүүгө болот.

Сүрөттүн автордук укугу PAKISTAN INFORMATION MINISTRY
Image caption Пакистандын Маалымат министрлиги учкуч колго түшкөн маалда тартылган тасманы жарыялады. Тасмадан көзү таңылган, бети-башы канжалаган учкучту көрүүгө болот

Муну индиялык бийлик "жарадар жоокерге жасалган өтө осол, уятсыз мамиле" деп сындады.

Учурда Индиянын түндүгүндөгү жарандык аэропорттордун көбү жабык турат. Аба каттамдары башка аэродромдорго жылдырылууда.

Кризисти тереңдеткен окуя

Шаршембиде эрте менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал-майор Асиф Гафур индиялык эки аскер учагын атып түшүрүшкөнүн кабарлаган.

Окуя Кашмирдин пакистандык бийлик көзөмөлдөгөн аймагында болгон. Учактардын бири Пакистан аймагына, экинчиси Индиянын чек арасына барып түштү деген Асиф Гафур.

"Индиялык учкучтардын бири кармалды, дагы экөө учак кулаган аймакта",-деп кошумчалаган генерал. Көп өтпөй эки учкуч кармалып, бирөө ооруканага жеткирилип, экинчиси сурак берип жатканын билдирди.

Индия болсо МиГ-21 аскер учагын жоготконун ырастап, анын учкучу дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат таратты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Пакистан өзүнүн согуштук авиациясын Индия тараптагы аскер объектилерине сокку уруу үчүн колдонду деген билдирүү жасады.

"Биздин кыраакылыгыбыз, жогорку даярдыгыбыздан улам Пакистандын аракети ишке ашкан жок",-деп айтылат билдирүүдө.

Ушул эле билдирүүдө "аба кармашында пакистандык бир учакты атып түшүрүшкөнү, өздөрү дагы бир учагынан айрылганы" айтылган. Бирок Исламабад болсо учагы атып түшүрүлгөнү тууралуу маалыматты четке кагууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пакистанда демонстранттар Индия премьер-министри Нарендра Модинин сүрөтүн өрттөп жатат

Учкучтун тагдыры

Башында Индия бийлиги Абхинандан ысымдуу учкучу дайынсыз болуп жатканын айткан. Кийин интернетте анын Пакистанда туткунга алынганы тууралуу тасма пайда болду. Көп өтпөй тасманы өчүрүп салышты.

Андан кийин индиялык учкучтун чай ичип олтурган тасмасы коюлду. Анын бети-башы жуулганы көрүнүп турат. Мурдагыдай көзү таңылган эмес. Ал бир катар суроолорго жооп берүүдө.

Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал-майор Асиф Гафур индиялык учкучка аскердик этиканын нормаларына ылайык мамиле жасалып жатканын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шаршембиде эрте менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү, генерал-майор Асиф Гафур индиялык эки аскер учагын атып түшүрүшкөнүн кабарлаган

Пакистан башында эки учкуч колго түшкөнү тууралуу айтып жаткан. Кийин экинчи пилот тууралуу ооз ачпай калды. Алгач айтылган маалыматтарга тактоо дагы киргизген жок.

АКШ эки өлкөнү мындан кийинки аскердик аракеттерден карманууга чакырды.

Теле аркылуу кайрылуусунда Имран Хан мындан кийинки эскалация өтө опурталдуу экенин айтты.

"Эгерде биз мындайга жол берсек, анда Нарендра Моди [Индиянын премьер-министри] экөөбүз кырдаалды көзөмөлдөөнү колдон чыгарып жиберебиз",-деди ал.

Пакистан лидери алардын максаты Индия сыяктуу эле "чек араны кесип өтө алаарын көрсөтүү" болгонун айтты.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Мунун алдында эле индиялык аскер учактары көзөмөл чегинен өтүп, Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн аймагына сокку урган

Кашмирде кайрадан эскалация. Мунун дүйнөгө коркунучу?

Кашмир бул - дүйнөдөгү эң аскерлешкен чөлкөм. Ошондой эле ядердик эки өлкө карама-каршы турган, тынчы жок, кооптуу аймак саналат.

Индия Кашмирдин Пакистанга таандык аймагына аба соккуларын жолдогону абалды андан бетер курчутту.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кашмирде кырдаал курчуп кеткен учурда коменданттык саат киргизилет

Индия бийлиги аба соккулары "Жаиш-э-Мухаммад" ("Мухаммеддин армиясы") тобунун жоочулары машыккан лагерге багытталганын билдирди. Аталган топ 14-февралдагы жардыруунун жоопкерчилигин өзүнө алган эле. Бул кол салуудан индиялык 46 аскер кызматкери мүрт кеткен.

Пакистандын Улуттук коопсуздук комитети аба соккусуна өзүнө ылайыктуу учурда жооп берерин айткан.

Чөлкөмдөгү кырдаалдын курчушу дагы бир кооптуу учурга туура келүүдө. 2018-жылы Кашмирде 500 киши, анын ичинде жайкын тургундар, коопсуздук кызматкерлери, мигранттар бейажал каза тапты. Соңку он жылда мындай болгон эмес.

Эмне үчүн Кашмирдеги чыңалуу кооптуу?

Индия менен Пакистан ортосундагы биринчи жаңжал 1947-1948-жылдары пайда болду. Анда Индия Британ тактысынан бөлүнүп, эгемендик алган эле. Пакистан болсо дүйнөнүн картасында пайда болгон учуру.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Индия менен Пакистандын чек арасында эл аралык тынчтык күчтөрү жайгашкан

Азыр бул аймак бир нече зоналарга бөлүнгөн. Индия менен Пакистан чөлкөмдүн ар башка бөлүктөрүнө ээлик кылат. Ошондой эле анчейин чоң эмес аймак Кытайга таандык.

Алдыдагы жылдарда Пакситан менен Индиянын ортосундагы мамиле жакшырып кетет деп айтуу кыйын. Коңшулаш өлкөлөрдүн ортосундагы жаңжалды өзгөчө жергиликтүу тургундар жон териси менен сезүүдө. Карама-каршылыктан көп кан төгүлдү. Эки жолку согуш (1947-1965-жылдары), бир нече жолку аскердик операция, майда-барат кагылышуулар, аскерлерге жана жайкын тургундарга жасалган чабуулдар.

Мунун кесепетинен чөлкөмдүн экономикасы саясий кырдаал сыяктуу эле туруксуз абалга келди. Кашмирде жумушсуздук кеңири кулач жайган. Британ парламентинин мүчөсү Назир Ахмеддин пикиринде, Кашмир терроризмдин булагы дагы болуп калды. Чөлкөмдү кылдат байкоого алып жүргөн эксперттер деле ушундай эле пикирде. Буга көз жумду мамиле кылуу радикалдуу, диний топторго каршы күрөштү татаалдаштырмак.

Кашмир кимдики?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индия менен Пакистандын чек арасын чийген ким?

Индия Британ башкаруусунан чыга элек кезде, 1947-жылы эле Кашмир талаштуу аймак болуп калган. Британдыктар субконтинентти экиге бөлгөн - мусулмандар көп жашаган аймакка Пакистан, индустар үстөмдүк кылган аймак Индиянын көзөмөлүнө өттү.

Кашмирдин башкаруучусу аймагы кайсыл өлкөгө биригерин чече албай туруп калды. Рефрендум өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле. Кийин Индия менен союз түзүүгө ыктап, бирок кечигип калган. Чөлкөм үчүн Индия менен Пакистан ортосунда согуш тутанып кетти.

Өлкөлөр жарашуу боюнча келишимге жеткенде, Пакистан аскер күчтөрүн чыгарып кетүүдөн баш тарткан. Ошентип Кашмир экиге бөлүнүп калды. Кашмирдин чыгыш бөлүгү Аксайчин деп аталып, 1950-жылдардан бери Кытайдын башкаруусунда. Бул жерге дагы Индия доомат коюп келе жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ондогон жылдардан бери уланган жаңжалдар Кашмирдин туристтик өндүрүшүн дээрлик жок кылды

Индия менен Пакистан ортосундагы экинчи согуш 1965-жылы башталды. 1980-жылдан 1990-жылдарга чейинки бийликке болгон нааразылыктар чөлкөмдө ар кандай каршылык кыймылдарынын түзүлүшүн шарттады. Куралдуу кол салуу, массалык каршылыктар жана Пакистан колдогон куралдуу топтор өөрчүдү.

1999-жылга барып Индия менен Пакистан өзөктүк куралы бар экенин жар салды.

Кашмир үчүн болгон күрөштүн биринчи күнөн тарта эле бир нече миң кишинин өмүрү кыйылды.

Кашмирликтер эмнени каалайт?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 14-февралдагы индиялык аскер кайгуулуна кол салуу соңку жылдардагы эң кандуу окуя болуп калды

1950-жылдардан тарта эле БУУ саясий чечим кабыл алууда Кашмирдеги тургундардын пикирин эске алуу керектигин айтып, референдум өткөрүүгө чакырып келет.

Индия башында бул идеяны колдогон. Кийин референдум керек эмес деп калды. Пакистан дагы буга макул эмес. Чөлкөмдөгү тургундардын көбү Индиянын башкаруусу алдында жашагысы келбейт, анын ордуна Пакистанга карап же эгемен өлкө катары жашаганды артык коюшат дейт пакистандык бийлик.

Кашмирдин "индиялык" бөлүгүндөгү калктын 60 пайызы мусулмандардан турат. Бул Индиядагы мусулмандар көп жашаган жападан жалгыз штат. (AbA)

Тектеш темалар