Жаш канды куюп, карылык ооруларын жеңүүгө болобу?

Плазма Сүрөттүн автордук укугу PA

АКШнын бийликтери өлкөнүн жашоочуларын жаш канды куюуга кынык алууну токтотууга чакырууда. Анткени, Паркинсон, Альцгеймер, склероз жана башка ооруларга каршы күрөшүүдө жаш кандын пайдасы чоң деген реклама болуп жатат.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөл агенттиги жарыялаган билдирүүдө мындай дарылануу ыкмасынын эффективдүүлүгү эч кандай илимий изилдөөлөр менен такталбагандыгы айтылат.

Ал түгүл, кан куюнун кандай түрү болбосун, (плазма түрү айтылып жатат) өзгөчө чоң өлчөмдө болсо, ден-соолук үчүн тобокели бар деп айтылууда.

Ошого карабастан, мындай кызмат көрсөткөн клиникалар АКШнын бир нече штатында иштеп жатат жана алардын кызматына суроо-талап чоң.

Business Insider жарыялаган маалыматка караганда, жаш кандын ар бир инъекциясы сегиз миң доллардан он эки миңге чейин барат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Инъекция жана плазма куюу медицинада көп колдонулат, мисалы боор ооруганда оорулуунун өзүнүн канында керектүү белоктор жетишпей атканда ушундай кан куюшат. АКШда жылда ушул сыяктуу 14 млн операция жасалат.

Бирок мындай процедура менен жашарууга болот деп ишенүү - илимий негизи жок жомок дешет.

"Жаш донорлордун плазмасын куйганда карыганда акылынан айнуу, деменция, Паркинсон, склероз, Альцгеймер, жүрөк ооруларына даба болот дегенди ырастаган клиникалык изилдөөлөр жок, -деп баса белгилеген регулятор.

"Жөнөкөй айтканда, - дейт FDA комиссары Скотт Готтлиб, - шылуун агенттер плазманы дары катарында оорулууларга сунуштап, пайда таап жатышат деп чочулап атабыз".

Амброзия - кудай тамагы

FDA уюмунун билдирүүсүндө плазманын жардамы менен жашартуу кызматын көрсөтүп жаткан конкреттүү клиникалар жана компаниялар аталган эмес. Бирок регулятор ошондой кампаниянын өзүнө түздөн түз кайрылып, оорулууларды алдоону токтотууну талап кыларын билдирген.

Ошол эле учурда америкалык ММКлар жана илимге жакын басылмалар, анын ичинде, National Post, Business Insider жана MIT Technology Review Ambrosia кампаниясы сунуштаган кызмат жөнүндө ачык эле жазып жатышат.

Байыркы грек мифологиясында олимпиадалык кудайларды өлбөс кылган тамактар амброзия деп аталган.

Ambrosia 2016-жылы Калифорнияда Стэнфорд медициналык мектебинин бүтүрүүчүсү Джесси Кармазин тарабынан негизделген. Анын бизнес-идеясы 16 жаштан 25 жашка чейинки донорлордун канын каалоочуларга куюу жөнүндө экени белгилүү.

Кармазиндин өзүнүн айтымында, бул идея ага студент кезинде эле келген. Ошол убакта ал жаш адамдардын каны куюлган орулуулар ыкчам айыгып, жакшы болуп кеткендигин байкаганын айткан.

Анын кампаниясы ошону менен катар бул процедуранын пайдасын текшериш үчүн клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзөрүн жарыя кылган. Башында 600 волонтер менен иш баштоо пландалып, бирок иш жүзүндө 200 волонтер эле болгон.

Стенфорд университетинин профессору Тони Уайсс-Кори дагы ушуга окшогон изилдөөлөрдү чычкандарга да жүргүзгөнүн Science журналы белгилейт.

"Мунун эч кандай клиникалык далилдери жок, ошондуктан бул адамдардын ишенимине кыянаттык кылуу",-деген профессор Тони Уайсс-Кори.

«Амброзия» жүргүзгөн изилдөөлөдүн натыйжасы азыркыга чейин жарыялана элек. Бирок Business Insider бул кампаниянын клиникалары АКШнын беш шаарында иштеп жатканын жазды. (КС)