“ИМ” тобунун 30 миң жоочусу кайда барат?

Жихадчылар башында турган "халифат" түп-тамырынан урады. Алар оожалып турган учурунда Сирия менен Ирактын аймагында болжолу сегиз миллиондой киши жашаган аймакка ээлик кылган.

Эгерде аймактан Батыш өлкөлөрүнүн аскер күчтөрү чыгып кетсе, экстремисттик топтор кайра жаралышы мүмкүнбү? Ооба, бирок мындай формада эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption "ИМ" тобу "борбор" кылып алган Ракка 2017-жылы октябрда бошотулган

Жеңишке жетүү оңой болгон жок. Радикалдуу топторго каршы күрөш төрт жарым жылга созулду. 79 өлкө биригип, коалиция түзүп, миллиарддаган доллар сарпталды. Бул жеңишке жетүү үчүн миңдеген киши ажал таап, Ирак жана Сириядагы жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

Бирок өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган топтун (террористтик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө , анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) аракеттери боюнча кабары бар кишилер жеңишти майрамдоого ашыкпай турууга чакырууда.

Жакында эле Мюнхендеги коопсуздук боюнча жыйында британдык МИ-6 чалгын кызматынын жетекчиси Алекс Янгер: "Аскердик жактан "халифаттын" талкаланышы террорчулардын коркунучу жоюлду дегенди түшүндүрбөйт. Биз алардын түрүн өзгөртүп, туш тарапка кетип жатканын байкап турабыз. Сирияга жана андан тышкары аймактарга тарады. Бул террордук уюмдун салттуу формасы",-деди.

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен ушул эле жыйында "ИМ" тобу жашыруун аракетке өтүп алып, башка террордук уюмдар менен байланыштарды түзүп жатканына токтолду.

АКШнын Батыш Азия күчтөрүнүн кол башчысы генерал Жозеф Вотелдин айтымында, террордук топтун түзүмү талкаланганы менен анын негизин түзгөн бөлүктөрү менен күрөш улана бериши керек. Антпесе алар кайрадан биригип кетиши мүмкүн.

Ар кандай маалыматтар боюнча Сирия менен Иракта 20 миңден 30 миңге чейинки "ИМ" жоочулары элге сиңип кетти. Алардын көбү өз өлкөсүнө келүүнү каалабаган же келе албаган чет өлкөлүктөр. Өз мекенинде аларды абак жазасы күтөт.

Ирактан келген кабарларга караганда, өлкөнүн түндүгүнө "ИМ" жоочулары кирген фактылар көбөйө баштаган.

"ИМ" менен байланышы бар фанаттардын кайсыл бир саны Ливия, Мысыр, Батыш Африка, Ооганстан жана Филиппиндин түштүгүндө десек болот.

Жалпысынан абал жакшы деле эмес.

"ИМ" тобунун 2013-2014-жылдары өөрчүп кетишине кандай шарт жаралды эле? Кайра ошондой масштабга чыга алабы? Ушуну түшүнүүгө аракет кылалы.

"ИМ" тобу ирактык Аль-Каидадан (террористик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өсүп чыккан.

Бул топ ызаланган жана жумушсуз калган ирактык аскер кызматкерлери менен ар кайсыл араб өлкөлөрүнөн, дүйнөнүн булуң-бурчунан агылып келген идеалист-жихадчылардын ортосундагы кырдаалга жараша түзүлгөн альянс сыяктуу эле.

"Аль-Каида" лидерлеринин Ирактагы америкалык оккупацияга каршы күрөшүү үчүн жардам берүү ар бир мусулмандын милдети деген чакырыгына жихадчылар үн кошту.

Алардын катаалдыгы жана сабырсыздыгы, айталы, тамеки чеккендердин манжасын кескени сыяктуу катаал мамилеси элди өзүнө каршы коюп алды. Элдин көбү борбордук бийлик тарапта болуп, "Аль-Каиданы" Ирак чөлүнө сүргөн.

Бирок Ирактын шийит өкмөтү суниттерге карата кодулоону системалык жүргүзгөнү - эл арасындагы түрдүү топтордун нааразылыгын тутандырды. 2014-жылдын жай айына барып, борбордук бийликке каршы маанай күчөгөн. Ушундай кырдаалда сунниттик экстремисттик кыймыл саналган "ИМ" өлкөдөгү экинчи ири шаар Мосулду каршылыгы жок ээлеп алууга жетишти.

Буга офицерлер өз бөлүктөрүн таштап, "ИМге" качып өткөн Ирактын жаңы армиясынын деми сууганын кошуңуз. Ошондо Ирактын үчтөн бир аймагын ээлеп алган экстремисттик топтун тез жайылганынын себептери белгилүү болот.

Бул маалда коңшулаш Сирияда жарандык согуш күчөп бара жаткан. Мына ушул кандуу башаламандыктан пайдаланып, "ИМ" тобу чоң аймакты басып алды.

Мындай көрүнүш кайра кайталанышы мүмкүнбү? Ооба десе да, жок десе да болот.

"Халифаттын" мурдагы формасында кайра жаралышы күмөндүү. Андайга жол беришпейт. Бирок бир нече жыл мурун "ИМдин" ийгилигине шарт түзгөн факторлордун көбү күчүндө кала берет.

Иракта куралдуу шийит кошуундары көбөйдү. Алардын кайсыл бир бөлүгүн Иран куралдандырып, каржылайт. Айрым келип жаткан кабарларга караганда, бул кошуундар кээ бир учурда далили жок эле сунниттерди "ИМ" тобу менен кызматташкан деп айыптап, үйүнөн кууп жиберген учурлар болгон. "Ислам мамлекети- 2" түзүлүп кетпесин десе, Ирак чукул арада жарашуу жараяндарын жүргүзүп, бардык элдик топтордун өкүлдөрү кирген өкмөттү түзүшү керек.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“ИМ” тобунун согуш тилкеси: кармашка тартылган балдар

Сирия болсо жарандык согуштан зоругуп бүттү. Орусиялык жана ирандык союздаштары тарабынан куткарылган Башар Асаддын позициясы жетишерлик бекем көрүнөт. Бирок Асаддын режими көрсөткөн мыкаачылык дале көптөрдү курал менен каршы турууга аргасыз кылууда. Бул да болсо, "ИМ" тобуна өзүнчө бир мүмкүнчүлүк.

"ИМдин" катарына жаңы күчтөрдү тартуу мүмкүнчүлүгү кала берет. Анткени дүйнө жүзүндө мусулмандар реалдуу ыдык көргөн же өзүн ошондой сезген, жаштары келечегин бүдөмүк көргөн, бийликтен көңүлү калган өлкөлөрдөгү кырдаалды алар пайдаланбай койбойт.

"Халифат" талкаланды, бирок анын коркунучтуу жана жугуштуу идеологиясы али тирүү. (AbA)