Жылдын эң мыкты фоторепортажы аныкталды
Эң престиждүү World Press Photo эл аралык фото сынагы 2019-жылдагы жеңүүчүлөрдү атады. Сыйлыктар бир нече номинациялар боюнча берилген. Анын ичинде "жылдын сүрөтү" дагы бар.
Эң мыкты сүрөт боюнча алты автор ат салышып жатат.
Сүрөттүн булагы, Mohammed Badra/European Pressphoto Agency
Мохаммед Бадрдын бул эмгеги "Чыгыш Гутада жаракат алгандар дарыланууда" деп аталат. Сүрөт 2018-жылдын февраль айында тартылган. Дамасктын чет жакасында жайгашкан Чыгыш Гутада чечүүчү чабуул учурунда жайкын тургундарга ок атылганы айтылган. Ошондой эле кеминде бир жолу газ чабуулу болгон деген божомолдор бар.
Сүрөттүн булагы, Marco Gualazzini/Contrasto
"Алмажирлик бала" деп аталган Марко Гуалаззини тарткан сүрөт. Чаддагы Бол шаарында тартылган. Баланын артындагы дубалда кол менен тартылган гранатометтун сүрөтү. Бул аймакта Чад көлүнүн соолуп калганы оор абалды жараткан. Анын жээктеринде калган фермелер ортосунда тынымсыз жаңжалдар болуп, жакырчылык кеңири кулач жайган. Бул райондо "Боко Харам" тобу активдүү жана катарын жергиликтүүлөр менен толуктап турат.
Сүрөттүн булагы, Catalina Martin-Chico/Panos
Колумбиялык ФАРК тобунун мурдагы жоокери болгон кош бойлуу аял. Көтөрүлүшчүл топ өз катарына аялдарды көп кошушкан. Бирок аларга төрөгөнгө тыюу салышкан. Бул аял буга чейин төрт ирет боюнан алдырган экен. Автор Каталина Мартин-Чико.
Сүрөттүн булагы, Chris McGrath/Getty Images
Крис МакГраттын "Жамал Хашоггинин жоголушу" деген сүрөтү. Сүрөттө бир киши (болжолу күзөт кызматкери) Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келген журналисттерди киргизбөөгө аракет кылып жатат.
Сүрөттүн булагы, John Moore/Getty Images
"Чек арада ыйлап турган кыз" деп аталган Жон Мурдун эмгеги. Анда гондурастык наристенин апасын Техаста америкалык чек арачылар тинтүүгө алып жатат. Өткөн жылы АКШда мигранттарга карата мамиле катаалдашып, чек араны мыйзамсыз өткөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттери башталган эле.
Сүрөттөгү окуя тууралуу кеңири баяндаманы бул жерден окуңуз.
Сүрөттүн булагы, Brent Stirton/Getty Images
Брент Стиртондун сүрөтүндө "Эр жүрөктөр" аталган топтун 30 жаштагы өкүлү Петронелла Чигумбура. Жалаң аялдардан турган бул топ Зимбабведе браконьерлерге каршы күрөшөт.
World Press Photo сүрөттөрү