Венесуэла: Саясий кризис тереңдеди

Венесуэлалык оппозициянын лидери Хуан Гуайдо эл аралык коомчулукка кайрылып, Николас Мадурону президенттиктен кетирүү үчүн "болгон чараларды" көрүүгө чакырды.

Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео "Мадуронун бийликте саналуу күндөрү калды" деп билдирген.

Улуттук гвардия менен демонстранттар ортосундагы кагылышуу Сүрөттүн автордук укугу JUAN BARRETO/AFP/Getty Images
Image caption Улуттук гвардия менен демонстранттар ортосундагы кагылышуу

Президент Николас Мадурону жактаган аскер күчтөрү менен оппозиция тарапташтары ортосунда кагылышуудан кеминде эки киши каза тапты. Алардын бири 14 жаштагы өспүрүм экени айтылууда. Кан төгүлгөн кагылышуулар чек ара тилкесиндеги аймактарда орун алды. Оппозиция коңшулаш өлкөдөн гуманитардык жардам алып өтүүгө аракет кылган эле.

Николас Мадуро өлкөнүн аймагына гуманитардык жардам алып кирүүгө тыюу салды.

Жаңжалдын башы

Венесуэла экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Көптөр бул үчүн 2013-жылдан бери бийликте турган Мадурону жооптуу деп эсептейт. Гиперинфляция, азык-түлүк каатчылыгынан миллиондогон жаран миграцияга чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Апта соңунда оппозиция лидери Хуан Гуайдо Колумбиядан жана Бразилиядан гуманитардык жардам жеткирүүгө ыктыярчыларды жардамга чакырган. Бирок аскер күчтөрү аларды көздөй желим ок атып, кийин кадимки окторду колдогону айтылууда.

Колумбия менен чек арада Сүрөттүн автордук укугу LUIS ROBAYO/AFP/Getty Images

Күч колдонууну айыптап сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео: "Мадуронун бийликте саналуу күндөрү калды",- деп билдирүү жасады. Ошондой эле АКШ буга чара көрүүгө даяр экенин айткан. АКШ президенти Дональд Трамп дагы Вашингтон аскердик күчтөрүн колдонушу мүмкүн деп эскерткен эле.

Жекшембиде Европа Кеңеши дагы Мадуронун администрациясынын аракетин сынга алды. Amnesty International ок атуучу куралды колдонуу менен эл аралык укукту бузду деп, бийликти айыптады.

2018-жылдын соңунда өткөн шайлоого оппозициянын негизги талапкерлери катыштырылбай калган. Ошондон улам оппозициялык топтор бойкот жарыялаган эле. Шайлоону Мадуро утуп чыгып, бирок өлкөнүн оппозициясы шайлоо тыянактарын тааныган жок. Айрым Латын Америка өлкөлөрү дагы Мадуронун жеңишин тааныган эмес.

Ушундан кийин өлкөдө массалык акциялар башталды. Январдын соңунда парламенттин спикери Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Аны АКШ жана бир катар Түштүк Амкерика, Европа өлкөлөрү тааныды. Мадурону Орусия менен Кытай колдоп жатат. Бул эки өлкө Венесуэланын жана Боливия, Куба, Никарагуа экономикасынын активдүү инвесторлору.

демонстрация Сүрөттүн автордук укугу JUAN BARRETO/AFP/Getty Images

Президент Мадуро АКШга иштейт деп Гуайдону айыптады. Хуан Гуайдо болсо Латын Америка өлкөлөрүнүн лидерлеринин Колумбия баш калаасы Боготада өтө турган жыйынына катыша турганын билдирген. Мадуронун администрациясы өлкөдөн чыгууга тоскоолдук кылса деле, ал жакка барам деди Гуайдо.

Гуманитардык жардам

Оппозиция өздөрүн колдогон өлкөлөрдөн Венесуэлага гуманитардык жардам алып келүүгө аракет кылууда. Мадуро болсо тескерисинче, өзүн колдогон өлкөлөрдөн жардам алууга даяр. АКШ гуманитардык жардам деген шылтоо менен оппозициянын колуна курал бергени жатат, деди Мадуро.

АКШдан 300 тонна жардам келгени кабарлангандан кийин кырдаал курчуп кетти. Гуайдо жүз миңдеген ыктыярчы азык-түлүк жана дары-дармекти элге таратууга жардам берет деп убада кылган. Бирок Мадуро Колумбия менен чек арадагы айрым өтмөктөрдү жаап салууга буйрук берди. Ошого карабастан Гуайдо өзүнүн тарапташтары менен Колумбия аймагынан өтүп, гумжардам салынган унааларга жетти. Дем алыш күндөрү оппозиция жардам жүктөлгөн унааларды Венесуэлага алып кирүүгө аракет кылган. Бир эле учурда гумжардамды Бразилиядан дагы алып өтүү аракети болду. Бирок ок атылып, кагылышуу орун алды.

Айрым кабарларда ишембидеги кагылышуудан эки киши мүрт кеткени айтылууда. 300дөй киши жаракат алган. Алтымышка чукул аскер кызматкери башаламандыктан пайдаланып, коңшу өлкөгө өтө качканы айтылды.

Аскер кызматкерлери башаламандыктан пайдаланып, коңшу өлкөгө өтө качканы айтылды Сүрөттүн автордук укугу SCHNEYDER MENDOZA/AFP/Getty Images
Image caption Аскер кызматкерлери башаламандыктан пайдаланып, коңшу өлкөгө өтө качканы айтылды

Венесуэла менен Бразилия чек арасында кырдаал андан дагы курч. Митингчилерге атылган октон бир аял жана 14 жаштагы өспүрүм каза тапканы айтылды.

Эта женщина и группа людей пытаются убедить Национальную гвардию Венесуэлы пропустить их на территорию Колумбии Сүрөттүн автордук укугу JUAN BARRETO/AFP

Венесуэла бийлиги азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Колумбия менен чек арадагы кагылышууда гумжардам жүктөгөн эки унаа күйүп кетти. Оппозиция бул үчүн Мадуронун тарапташтарын айыптаса, бийлик муну ЦРУ агенттери уюштурду деп жатат. Калган жүк жүктөгөн унаалар артка кайтып кетти. Бразилиядан келген унаа кербени дагы чек араны кесип өтө алган жок.

Мадуро Колумбия менен дипломатиялык мамилелердин баарынан кол үзгөнүн жарыялады. Дипломаттарды 24 саат ичинде Венесуэладан чыгып кетүүнү талап кылды. Колумбия бийлиги жакынкы күндөрдө дипломаттарын чыгарып кетерин айтууда. Ошондой эле кагылышуулар орун алган аймактардагы чек арасын жаба турган билдирди.

Симон Боливар көпүрөсү Сүрөттүн автордук укугу SCHNEYDER MENDOZA/AFP/Getty Images

Каракас өткөн аптанын жума күнү эле чек аранын көп өтмөктөрүн жаап салган. Бразилия менен чек араны толугу менен жапты. (AbA)

*

Тектеш темалар