Жасалма арактан массалык уулануу: 130 киши каза тапты
Индиянын түндүк-чыгышындагы Ассам штатында чай плантациясында иштеген кызматкерлер массалык түрдө ууланды. Кеминде 130 киши каза таап, эки жүзү ооруканага түшкөн. Алар жасалма алкоголдон ууланган деп айтылууда.
Уулангандардын көбү Голахат жана Жорхат райондорундагы чай плантациясында иштеген аялдар.
Сүрөттүн булагы, AFP
Жекшембиде Ассам штатында уулангандардын отуз беши каза болуп калган
Жекшембиде Ассам штатында уулангандардын отуз беши каза болуп калган. Андан үч күн мурун Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында жүзгө чукул киши мүрт кеткен эле.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 10 киши кылмышка шектүү катары кармалганы кабарланды. Жергиликтүү бийликтин айтымында, уулангандардын алды өткөн аптанын бейшембисинде каза тапкан.
Голахат райондук полициянын жетекчиси Голахат Пушкар Сингх Би-Би-Сиге билдиргендей, жасалма ичимдик чыгарган үй белгилүү болгон.
Дарыгерлер ичимдикке эмне кошулганын аныктай албай жатышат. Атайын эксперттер тобу изилдөө жүргүзүүдө.
Сүрөттүн булагы, Reuters
Индияда өндүрүлгөн алкоголь ичимдиктеринин дээрлик жарымы жасалма жана үй шартында жасалат
"Ооруканага кайрылгандар кусуп, деми кыстыгып, көкүрөк тушу катуу ооруп келишти",-деген "Франс пресс" агенттигине доктор Ратул Бордолой.
Индияда өндүрүлгөн алкоголь ичимдиктеринин дээрлик жарымы жасалма жана үй шартында жасалат.
Ууланып ооруканага түшкөндөрдүн бири Би-Би-Си менен маегинде, бейшемби күнү чай плантациясында иштеп жүрүп, алкоголь ичимдигин сатып алганын айтып берди.
"Мен жарым литр вино сатып алган элем. Аны тамактын алдында ичтим. Башында байкалган жок. Кийин башым ооруй баштады. Андан кийин оору катуулап, тамак жей албай, уктай албай калдым. Түнү көкүрөк тушум ооруй баштады. Андан соң аялым мени ооруканага алып келди",-деди ал.
Жасалма ичимдик бир топ арзан болгон үчүн Индиянын элет жеринде кеңири сатылат. Анын курамында метанол заты болгондуктан, боорго, көзгө өтө зыяндуу дейт дарыгерлер.
Массалык уулануу боюнча атайын комиссия түзүлдү.
2011-жылы Батыш Бенгалияда 170 киши жасалма ичимдиктен каза тапкан эле. (AbA)