Нур-Султан: Энелердин нааразылык жүрүшү

Бир катар басылмалар Казакстан баш калаасы Нур-Султанда көп балалуу жана жалгыз бой энелер нааразылык акциясына чыкканын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Казакстанда соңку айда нааразылык билдирип чыккан бир нече активист полиция тарабынан кармалды

"Алар менен Казакстандын премьер-министринин орун басары Гүлшара Абдыкалыкова, ошондой эле эмгек жана социалдык коргоо министри Бердибек Сапарбаев чыгып жолукту",-деп жазды "Азаттык".

Февралдын башында баш калаада болгон бир үй-бүлөнүн трагедиясы бүтүндөй көп балалуу бүлөлөрдүн көйгөйүн козгогон эле. Ошондон тарта нааразылык жүрүштөрү уланып келүүдө. Бул окуяны айрым аналитиктер Бакытжан Сагинтаев баштаган өкмөттүн отставкасынын себептеринин бири болуп калды деп чечмелеген.

Кырсыктан каза тапкандардын эң кичүүсү бир жашта, эң улуусу 12ге толгон беш бир тууган. Балдардын ата-энеси бул учурда түнкү сменадагы жумушунда болгон экен. Бул трагедиялуу окуяны бийлик өрт коопсуздугу кызматынын алешемдиги катары атаганы көптөгөн казакстандыктардын кыжырын келтирген.

Бул окуя Казакстанды солкулдатып, жакырчылык көйгөйүн ашкереледи. Башында массалык митингдер өлкө батышындагы Караганда, Актөбө жана Шымкент шаарларында өткөн эле. Жүздөгөн энелер бийликке көп балалуу үй-бүлөлөргө социалдык жардамды күчөтүү талабын коюшкан.

Бийлик энелердин арыз-муңун угуп жатканын, жардамга муктаж бүлөлөргө колдоо болорун убадалап жатат. Бул жолу дагы митингчилер алдына чыккан расмийлер берилген жардамдын көлөмү тууралуу маалымат беришкен.

Казакстан Борбор Азиядагы эң ири экономикага ээ. Анын көп бөлүгү негизинен табигый ресурстар жана нефти запасынан. Ошондой эле бул өлкө дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчүсү. 2017-жылы америкалык Heritage Fund фонду түзгөн тизмеде Казакстан экономикалык эркин өлкөлөрдүн тизмесине кирген.

2018-жылы өлкөнүн экономикасы 4,1% өстү. Бирок ички дүң жыйымы өскөнү менен калктын кирешеси төмөн бойдон кала берүүдө. Маселен, Halyk Finance инвесткомпаниясынын маалыматы боюнча, 2015-2017-жылдары реалдуу экономикалык алты пайыздан ашкан учурда, айлык-акылар үч пайызга кыскарган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2018-жылы өлкөнүн экономикасы 4,1% өстү. Бирок ички дүң жыйымы өскөнү менен калктын кирешеси төмөн бойдон кала берүүдө

Шайлоо алдындагы нааразылыктар

Казакстанда соңку айда бир нече активист камакка алынып, айрым маалымат агенттиктеринин интернет баракчалары жана коомдук медиа сайттары ачылбай калды.

9-майда Алматы жана Нур-Султан шаарларында өткөн "Өлбөс полк" акциясы камакка алуу менен коштолду. Ошол күнү "Фейсбук", "Инстаграм", "Ютуб", "Телеграм" жана айрым маалымат агенттиктеринин баракчалары дагы ачылган эмес.

"Буга чейин мындай болгон эмес. Мурда коомдук медиа бир нече саатка эле ачылбай калчу. 9-майда бир күн кечке чектөөлөр болду",- деди казак саясат таануучу Расул Жумалы.

9-майда Алматы жана Нур-Султан шаарында эле ондогондор кармалды деп айтылган. 1-майдагы демонстрацияда Казакстандын бир нече шаарында болжол менен сексен киши камакка алынганын ЖМКлар кабарлаган.

Полиция 9-июнга белгиленген кезексиз президенттик шайлоого каршы чыккандарды кармоодо. Нааразылык билдиргендер "Касым-Жомарт Токаевден башка альтернатива жок болгондуктан, шайлоодо ким жеңип чыгаары азыртан эле белгилүү. Мындай шайлоонун кимге кереги бар?",-деп жатышат.

Наарзылыктын себептеринин дагы бири - Дарига Назарбаеванын Казакстандын төмөнкү палатасынын спикери болуп шайланышы жана Астананы Нур-Султан деп өзгөртүлгөнү. (AbA)

Тектеш темалар