Башаламандык жана күйүт: "ИМ" акыркы чебинен качкан бозгундар

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" талаа командирлери "ИМ" тобунун үстүнөн толук жеңишке жетүүгө бир апта убакыт сарпталарын айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Би-Би-Си кабарчысы Квентин Соммервилл "ИМ" тобунун акыркы чебине айланган Багузду таштап чыгып кеткен качкындар менен кезикти.

12 жаштагы Хамза үчүн дүйнө тар жана коркунучтуу. Анын балалык күндөрү Евфрат дарыясынын жээгиндеги аймакта өткөн эле. Өспүрүм өзү туулуп өскөн аймакты биринчи жолу таштап чыгууга аргасыз болду. Тагдыр аларды Ирактын Эл-Каим шаарына алып келди. Өз үй, өлөң төшөгү азыр "ИМ" тобунун акыркы чебине айланган. Хамза азыр Евфраттан ыраак жерде - чөлдүн ортосундагы чатырда. Жанында улгайган бейтааныш кемпир бар.

Хамза бутунан жарадар болгон экен. Акырындап айыгып жатат. Суроо берилгенде өспүрүм жылмайып жооп берип жатты. Мен андан Багуздагы жашоо тууралуу сурадым.

"Жакшы,-деп жылмайды Хамза. -Тамак жана суу аз эле, согуш көп эле. Оор кармаштар".

"ИМ" тобуна болгон мамилесин сураганда: "Ушунча запкы көргөндөн кийин эмне үчүн бул топ мага жагышы керек",-деди.

Хамза жетим калган. Атасы жихадчыл топко кошулуп кетип, бүт бүлөсүн алып кеткен экен. Беш ай мурун Хамзанын ата-энеси, бир туугандары аба чабуулдары учурунда каза табышкан. Аба соккусу "ИМ" көзөмөлдөгөн аймакка жолдонгон.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“ИМ” тобунун согуш тилкеси: кармашка тартылган балдар

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган топтун курмандыктары миллиондоп саналат. Ирак, Сирия жана Ливиянын аймагында жихадчылар колун кандашты. Бир эле душмандарына мыкаачылыгын көрсөтпөй, өз балдарына дагы катаал болушкан.

Ок атышпоо келишими менен Багуздан алты миңдей аялдар жана балдар, жарадар болгон жоочулар чыгарылды. Аймакты дале "ИМ" тобу көзөмөлдөп жатат.

Жихадчылардын чоң аймакка халифат куруу кыялы эми чөлдөгү жупуну лагерге алмашты. Мына ушул жерде ачык асман алдында качкан-бозгон кишилерди каттоого алып жатышат. Дааратканасы жок, бозоргон талаада кармалып турушат. Качкындардын көбү оорукчан.

Качкындардын көбүн Эл-Хасака шаарына жакын Ал-Хоул айлындагы лагерге алып кетүүдө.

Хамза менен аңгемелешип жаткан маалда лагердеги кобур-собур сээлдеп, тынчтык өкүм сүрүп калды.

Бүгүн качкындардын жаңы топтору келген жок. Кечээ келген качкындарды мал-жандыгы менен унааларга жүктөп, жолго аттанышты. Алар лагерге чейин чөлдү аралаган узаак жолду басып өтүшөт.

Image caption Ок атышпоо келишими менен Багуздан алты миңдей аялдар жана балдар, жарадар болгон жоочулар чыгарылды

Качкын аялдарды күрт жоокер кыздар текшерүүдө. Алардын манжа издерин алып, сүрөткө тартып жатышабы же жокпу, ал жагы белгисиз.

Ал эми эркек жоочуларды сүрөткө тартып, биометрикалык маалыматтарын алышууда.

Толук кандуу иликтөө жүргүзүп, алардын кылмышту аракеттерин баалоого бул жерде шарт жок. Күрттөр жоочуларды канча убакытка кармап тура алары белгисиз.

Кармалагандардын бири алепполук киши үй кызматкери болгонун айтып берүүдө.

"Мен бул жерде аз убакытка эле кармалам. Андан кийин ата-энеме кетем. Апама барам, бүт баарын унутамын. Бул эң туура чечим болот",-деп айтты аңгемелешип жатканыбызда.

Image caption Жолдо калган сүрөт согушка чейинки жашоону көзгө тартат

Экинчи киши Абу Бакр Ансари өтө деле өкүнгөнүн билдирбейт. Экөөсу тең күрттөрдүн колунда камакта кармалууда.

Чөлдө качкындар калтырып кеткен буюм-тайымдар көзгө урунат. Күйүп жана талкаланган чөнтөк телефондор, сынган USB-флешкалар ар кай жерде жатат.

Кумда жаткан сүрөттөргө көзүм түштү. Сүрөттөрдүн биринде мектеп формасын кийген төрт кыз. Алардын бири жоолукчан. Балким бул кыздардын бирөөсү Ал-Хоул лагерине сапар алган болсо керек.

Аялдардын көбү "ИМ" чебин буйрук берилгенден улам таштап чыгышкан. Күйөлөрүнүн аскер баштыктарын асынып алышкандары бир топ. Кыязы күрттөр жана Батыш өлкөлөрүнүн коалициясы алар ким экенин таанысын деген ишараты болсо керек.

Image caption Лагердеги түн

Айрымдары Багуздагы чечүүчү кармашка даярданып жаткан күйөөсүнө кайра баргысы келет.

Өзүн Умм Юсеф деп тааныштырган аялдардын бири теги тунисттик Канада жараны экен. Күйөөсү болсо марокколук болгон. Ал каза тапканда Умм жоочулардын башка бирине турмушка чыккан. Анысы азыр Багузда.

"Кудай бизди сыноо үчүн жараткан. Тамак-ашсыз, суусуз, акчасыз жана үйсүз туруп өзүмдү бактылуу сезип жатам. Анткени бир аз убакыттан кийин суусунду кандырууга менде суу болот",-дейт ал.

Британия жана коалициянын башка мүчөлөрү күрттөрдү "ИМ" жоочуларын камакта кармап, эркиндикке чыгарбоого чакырып жатат.

Түн ичинде "ИМ" чебинен балдарды жана аялдарды алып келишти.

Балдардын айрымдары ыйлап жатса, кээси таштай катып, бозоруп турушту. Качкындарга суроо берсең, камеранын жарыгынан боз-ала чаң баскан жүздөрүн ала качып, көзүн жерге түшүрүшөт.

Мурда ырайымдын билбегендер, эми ырайым күтүп турушту.

200 аял менен лагерге бара жаткан ирандык келин мага карап:

"Сен бул жердеги балдарды көрдүңбү? Алар кандай азапты башынан кечиргенин сезип жатасыңбы? Сен бомбага тытылган жердеги кишилердин коркунучун, оорусун түшүнө аласыңбы? Аба чабуулдары учурунда мүрт кеткен балдар тууралуу билесиңби? Сен адамсың, баарыбыз адамбыз. Сен менин оорумду түшүнөсүң, тууганым",-деп сүйлөдү.

Бул жерде Free Burma Rangers кайрымдуулук уюмунун медициналык станциясы иштеп жатат. Качкындар арасындагы жаракаттардын мүнөзү өзгөрүп жатат, дейт дарыгерлердин бири калифорниялык Пол Брэди.

"Он күн мурун бизге бир нече киши октон жаракат алып келди. Алар качканга аракет кылышканда ок атышты деп айтышты. Бирок азыр эми андай жарадарлар келбей калды. Азыр аба соккуларынан, ракеталык аткылоодон жаракат алгандар келип жатышат",-дейт Пол Брэди.

Качкындардын аягы сээлдеди, алдыда Багуз үчүн чечүүчү кармаш күтүүдө.

Качкындар шаарда дагы миңдеген жоочулар бар экенин айтышты. Мен аны менен коштошуп жатканда, жүзүнөн күлкүсү тарап, олуттуу карады дагы: Эми мага эмне болот?,-деп сурады.

Менде буга жооп жок эле. Балким аны Ал-Хоулдагы лагерге жөнөтүшөт. Мен ага суу, жана банан, шоколад калтырып кеттим. Ага күрт дарыгерлер кам көрүп жаткан. Кийинки күнү келсем Хамзанын ордун башка бирөө ээлептир.