Усама бин Ладендин уулу Хамза "Ал-Каиданы" күчтөндүрөбү?

Wanted poster for Hamza Bin Laden Сүрөттүн автордук укугу Rewards for Justice/US State Department
Image caption АКШнын мамлекеттик департаменти Хамза бин Ладен "Ал-Каида" террордук уюмунун лидерлеринин бири деп билдирди

Усама бин Ладендин уулу Хамза өспүрүм кезинен бери жихадчыл аракеттерге катышып келген.

Бин Ладен үй-бүлөсү жарыялаган сүрөттөрдө Хамза аскердик формачан, колунда автомат кармап турат. "Ал-Каида" (террористтик топ деп таанылып, көп өлкөлөрдө , анын ичинде Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) уюмунун мурдагы лидери Усама бин Ладендин уулу атасынын "жихад" тууралуу идеологиясына сугарылып, аны колдогон.

2005-жылы жарыяланган видеодо Хамза бин Ладен Пакистан армиясына каршы чабуулга катышып жатканын көрсө болот. Ооганстан менен чектеш аймакта тартылган видеодо Хамза бин Ладен 14 жашта болчу.

АКШ Хамзанын жайгашкан жери боюнча маалымат берген адамга 1 млн. долларга чейин сыйлык берилерин маалымдады.

Сүрөттүн автордук укугу Shutterstock
Image caption Хамза бин Ладен он жашынан тарта аскердик машыгууларга катышкан

АКШнын мамлекеттик департаменти Хамза бин Ладенди "эл аралык террорчу" деп атап, "Ал-Каида" уюмунун негизги башчыларынын бири деген маалымат таратты.

Ага карабастан Хамза тууралуу маалымат абдан аз.

Хамза бин Ладен тууралуу эмнени билебиз?

2001-жылы 11-сентябрдагы Нью-Йорк менен Вашингтондо болгон террордук чабуулдардан кийин Усама бин Ладен издөөгө алынган. 2012-жылы Хамза бин Ладен жазган поэмалар интернетке жарыяланып, анда Хамза аргасыз жер которгон жаш бала жана анын алдындагы коркунучтарды сүрөттөгөн.

Жашы өткөн сайын Хамза "Ал-Каида" уюмунун аракеттерине аралаша баштаганы белгилүү болчу. 2011-жылы АКШнын атайын аскерлери Пакистанда Усама бин Ладенди жашынган жеринен таап, атып өлтүргөндө, Хамза дагы жок кылынды деген маалымат тараган. Кийин тинтүү учурунда Хамза эмес, Усама бин Ладендин башка уулу Халид өлтүрүлгөнү тастыкталган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Усама бин Ладен сегиз жыл мурун өлтүрүлгөн

2015-жылы август айында Хамза кайрадан жаңылыктардын башында турду. Анда "Ал-Каиданын" лидери Айман ал-Завахири Хамзаны террордук топтун мүчөсү катары тааныштырып, ага "азуусу чыккан арстан" деген мүнөздөмө берген. Видеодо Хамза өзү дагы сөз сүйлөп, Кабул, Багдад жана Газадагы "Ал-Каида" мүчөлөрүн АКШ, Британия, Франция жана Израилде террордук чабуул уюштурууга чакырган.

Ошондой эле Хамза Сауд-Арабиядагы жаштарды "Ал-Каидага" кошулууга жана өлкө бийлигин кулатууга үндөгөн. Террордук топко дал ушул өкөдөн эң көп сандагы жаштар кошулат.

Сүрөттүн автордук укугу CIA
Image caption 2017-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы жарыялаган видеодо Хамза бин Ладендин үйлөнүү тою көрсөтүлөт

2017-жылы АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы "Ал-Каиданын" лидери Усама бин Ладендин компьютеринен табылган файлдардын дагы бир бөлүгүн жарыялаган. Алардын арасында Хамзанын үйлөнү тоюнда тартылган видеодо да бар болчу.

Видео Иранда тартылган болушу мүмкүн деп болжонууда. Бир сааттык тасмада Хамзаны сакал-мурутчан, килемдин үстүндө бир топ кишилердин курчоосунда олтурганы көрсөтүлгөн. Бин Ладендин өзү тасмага түшкөн эмес, бирок катышып олтургандардын бирөөсү "күйөө баланын атасы" уулунун үйлөнүп жатканына сүйүнүп отурганын жана "анын кубанычы башка можахеддерге тараганын" айтат.

Британ парламентинин өкүлү Патрик Мерсер Хамза бин Ладенге "террордун мураскери" деген мүнөздөмө берген. Эксперттер болсо Хамза "Ал-Каиданын" лидерлигине мураскер болушу мүмкүн деп айтышууда.

Ал тапта АКШнын расмийлери Усама бин Ладендин сүймөнчүк уулу, 29 же 30 жашка толгон Хамза "Ал-Каида" уюмунун кайра күчтөндүрүүгө кудурети жетет деп жоромолдошууда. (AT)