Миллиарддарды адалдаган орусиялык офшор түйүнү

Ruben Vardanyan, left, meeting Prince Charles Сүрөттүн автордук укугу rubenvardanyan.info
Image caption Принц Чарльз менен олигарх Рубен Варданяндын көп жылдан берки бизнес мамилеси тууралуу сөздөр айтылып келет

Коррупция жана уюшкан кылмышты иликтөө борбору (OCCRP) офшор компанияларды башкарган орусиялык инвестбанк миллиарддаган долларды адалдаштырганын аныктады. Бул компаниялардын бири Британиянын такты мураскери принц Чарльз негиздеген кайрымдуулук фондго да акча которгон.

OCCRP уюму "Тройка диалог" инвестбанкынын мыйзамсыз каражатты адалдаштыруу схемасын ашкереледи. "Тройка диалог" банкын негиздеген олигарх Рубен Варданян схемаларга тиешеси жок экенин билдирди.

Принц Чарльз негиздеген The Prince's Charities Foundation кайрымдуулук фондуна которулган каражат Уэльсте XVIII кылымда курулган чепти реставрациялоого жумшалган эле. Фонд акча которууларын алардан мурун текшерип, компания мыйзамсыз иштер менен алектенбейт деген тыянак чыгарганын маалымдады.

Image caption Кайрымдуулук фондуна которулган каражат Уэльсте XVIII кылымда курулган чепти реставрациялоого жумшалган

Принц Чарльз менен Рубен Варданяндын көп жылдан берки бизнес мамилеси тууралуу сөздөр айтылып келет.

"Тройка диалог" инвестбанкы офшордо катталган 70 компанияны башкарат. Бул ишканалардын 1,3 млн. банк транзакциялары боюнча маалымат OCCRP колуна тийген. Кылмыштуулукту иликтеген борбор документтерди Би-Би-Си жана британдык Guardian гезити менен бөлүштү.

2009-жылдан 2011-жылга чейин принцтин кайрымдуулук фондуна литвалык UKIO банкы 202 миң доллар которгон. Бул банкты Литванын өкмөтү мыйзамсыз аракеттери үчүн 2013-жылы жаап салган болчу. Каражатты Quantus Division Ltd компаниясы UKIO банкы аркылуу жөнөткөн экен.

Quantus Division Орусиядан миллиарддаган долларды мыйзамсыз чыгарып, акчаны Европада адалдаштыруу үчүн да колдонулганы ачыкталды.

"Тройка диалог" инвестбанкынын офшордогу түйүнү

OCCRP ашкерелеген документтерде мыйзамсыз транзакциялардын көбү 2013-жылга чейин литвалык UKIO банкы аркылуу жүргүзүлгөнүн көрсө болот.

2005-жылдан 2011-жылга чейин "Тройка диалог" башкарган офшор компанияларына 3,35 млрд. евро которулуп, ишканалардан 3,5 млрд. евро чыгарылган. Компания миллиарддаган доллардын изин жашырууга жетишкен.

"Тройка диалогдун" офшордогу түйүндөрү негизинен орус элитасынын каражатын өлкөдөн чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн.

Каражат бизнес жана жеке эсептерге да которулган. Айталы, адалдаштырылган акча Европанын ири шаарларында кыймылсыз мүлк, кеме, белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын жана футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка билет сатып алуу үчүн колдонулган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Тройка диалог" банкын негиздеген олигарх Рубен Варданян схемаларга тиешеси жок экенин билдирди

Рубен Варданян 2011-жылы "Тройка диалог" инвестбанкын 1 млрд. долларга мамлекеттик "Сбербанк" ишканасына саткан. Мамлекеттик банктын басма сөз кызматы OCCRP ачыктаган мыйзамсыз аракеттер "Сбербанк" сатып албаган эсептерде болгонун билдирди.

Би-Би-Синин колуна тийген документтерде офшор компаниялары акчаны азык-түлүк, электрондук жабдык, курулуш материал үчүн колдонулганы көрсөтүлгөн. Кызыгы, сатып алууларды кеңсеси жана кызматкерлери жок болгон офшор компаниялары жүргүзгөн. Эксперттердин айтымында, мындай ишканаларда курулуш материалга чыгымдар кетпеши керек.

Ошондой эле документтерде орус юристи Сергей Магнитский тарабынан ашкереленген 230 млн. долларга тете салык көз боёмочулук боюнча да маалымат бар. Бирок Магнитскийди орус бийлиги чоң суммадагы салыктарды төлөбөй, качуу схемасынын уюштуруучусу деп айыптаган. Юрист 2009-жылы түшүнүксүз абалда тергөө изоляторунда жатып, каза болгон.

Офшор финансы деген эмне?

Офшорду жалпак тил менен салыкты аз төлөө үчүн каражатты чет өлкөдөгү атайын аймакка которуу деп түшүндүрсөк болот. Бул кадам аркылуу кирешени көбөйтүү мүмкүн.

Image caption Офшорду "салык бейиши" деп дагы аташат

Мындай аймактарды "салык бейиши" деп дагы аташат. Бул аймактар негизинен чакан аралдарда түзүлгөн. Ал жердеги компаниялар сырды мыкты жашырып, маалыматты бекем сакташат.

Улуу Британиянын карамына кирген көптөгөн аралдарда офшор аймактар түзүлгөн жана Лондон шаарындагы көптөгөн адвокаттар, бухгалтерлер жана банкирлер офшор компаниялары менен иш жүргүзөт.

Офшор аймактары карапайым тургундарга терс таасир этеби?

Чынында офшорлордо өтө көп каражат катылган. Boston Consulting Group компаниясынын айтымында, офшордо 10 триллион доллар бар. Демек чакан аралдарда Улуу Британия, Жапония жана Франциянын ички дүң өндүрүмүн бирге алгандагы каражат сакталган. Бирок талдоочулар мындан дагы көп каражат бар деп билдиришүүдө.

Сынчылар офшор аймактардын жашыруун жагдайы мыйзамсыз кадамдарга жол ачат деп маалымдашат. Ал эми аларды тескеген өкмөттөр өтө жай кыймылдап, офшордогу компаниялардын мыйзамсыз кадамдарына каршы эффективдүү чара көрө албай келет.

"Чек арасыз капитал" аттуу китептин автору Брук Харрингтон болсо чириген байлар салыктан качса, алардын ордуна кедейлер төлөп калат деп билдирген болчу.

Офшор финансалык борборлорунун айтымында, офшор аймактары жок болсо дүйнөдөгү өкмөттөр салыктын деңгээлин чектебей коймок. Ошондой эле финансалык борборлор тоодой болгон акчанын үстүндө отурбаганын, тескерисинче каражатты дүйнө жүзүнө таратууга өбөлгө түзүп жатканын белгилешүүдө. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар