Times: Венесуэладагы "сырдуу" учактар

Times басылмасы орусиялык Nordwind авиакомпаниясына таандык учактар Венесуэладан Африкага жана Жакынкы Чыгышка "сырдуу" учууларды жасап жатканы тууралуу жазып чыкты.

Макаланын авторлору Николас Мадуронун режими өлкөдөн алтындарды чыгарып кетип, сатып жаткан жокпу деп шектенип жатат.

Басылмадагы маалыматка караганда, 1-мартта Nordwind учагы бортунда жүргүнчүлөрү жок эле Каракастан Уганда баш калаасы Кампалага багыт алган. Ал жерде бир нече саатка кармалып, кайра Занзибарга учкан. Андан артты көздөй Каракаска кайтып келди.

"Ушул эле бортту Каракастын аэропортунан Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп жаткан жеринен көрүшкөн. Бортунда 20 тонна алтын болгон. Бул жүктү сатуу боюнча келишимге АКШ тоскоолдук кылган" деп жазды басылма.

Чөлкөмдү жакшы билген эксперттер жана укук коргоочулар басылма менен маегинде, Уганда учурда алтындын "изин жашырууда" эл аралык борбор репутациясына ээ болуп турганын белгилешкен. Ошондуктан жергиликтүү "соодагерлер" жаңы кардарларга "ачык"болушу мүмкүн.

Венесуэладан бир эле Nordwind учактары шек жараткан эмес. Башка дагы шектүү каттамдарды байкашкан. Басылмага маалымат берген авиакомпаниялардын бириндеги булак: "Өткөн аптада Каракастан угандалык Энтеббе шаарына төрт тонна алтын жеткирүү үчүн европалык каттамды жалдашканын" айтып берген.

Венесуэладагы оппозиция тышкы иштер министри Хорхе Арреасанын жеке учагы марттын башында Афинадан акча алып кеткенин айтууда. Аны алтын жеткирип барган деп шек санашууда. Учак Афинада төрт саат токтоп турган. Грециянын жарандык авиациясы май куюп алуу үчүн гана конууга уруксат берилгенин ырастаган.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Венесуэла президентин колдогон аз сандагы европалык лидерлердин бири.

Оппозиция учак Грецияга жөн жерден конбосо керек дейт. Грециядагы Венесуэла элчиси мындай шектенүүлөрдү четке какты.

"Тышкы иштер министри өзү өлкөдөн алтын ташып чыкты деп ойлогондун өзү келесоолук",-деген ал грециялык гезитке берген маегинде. (AbA)

Тектеш темалар