Путин: Орусия 600 чет элдик тыңчынын аракетин токтотту

Russian President Vladimir Putin speaks at the Kremlin on March 6, 2019 in Moscow, Russia. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Президент Владимир Путин чет өлкөлүк атайын кызматтар Орусиядагы аракеттерин күчөтүп жатканын билдирди. Орус лидери 2018-жылы жүздөгөн тыңчылардын жашыруун операциялары токтотулганын айтты.

Путин "жалпылап айтканда 129 атайын кызматтын өкүлү аныкталды жана 465 тыңчынын операциясы токтотулду" деп белгилеп, маалымат жашыруун болгондуктан так мисалдарды айта албасын кошумчалады.

2018-жылы Орусиянын атайын кызматы чет өлкөдөгү аракеттерин күчөттү деген сынга кабылган эле. Мисалы, Орусиянын атайын кызматы Британияда жашаган орус мамлекеттин чалгын агенттигинин мурдагы офицери Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны "Новичок" заты менен ууландырды деп айыпталган. Кремль айыптарды четке кагып келет.

Сүрөттүн автордук укугу Metropolitan Police
Image caption "Александр Петров" менен "Руслан Боширов" коопсуздук видеолорго түшүп калган. Алар Орусиянын мамлекеттик каналына маек куруп, Солсбериге турист катары барышканын айтып, уулу зат менен тиешеси жок экенин билдиришкен

Мындан тышкары Голландия, Чехия жана Швеция Орусиянын тыңчыларынын аракеттерин токтотконун маалымдашкан. АКШ болсо Орусиянын атайын кызматы өлкөдөгү президенттик шайлоого кийгилишкен деген дооматтарын айтып, учурда тергөө иштери уланууда. Европа кеңешинин президенти Туск Европа Биримдигинин май айында өтө турган парламенттик шайлоосуна тышкы күчтөр кийлигишүүгө аракеттениши мүмкүн деп шейшембиде билдирди. Муну Орусияга ишарат катары түшүнүштү.

Орусиянын Федералдык коопсдук кызматынын (ФСБ) өздүк курамынын алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Путин атайын кызмат эффективдүүлүгүн жогорулатып, маалыматты коргоо жана жаңы курал системасын өнүктүрүү жатында иштерди күчөтүшү керек экенин белгиледи.

"Чет өлкөлүк агенттер Орусиядагы аракеттерин күчөтүп жатканы талашсыз. Алар саясий, экономикалык, илимий жана технология жаатындагы маалыматтарды уурдоо үчүн бүт аракеттерди көрүп жатат",-деди президент Путин.

Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергдин анализи

Президент Владимир Путиндин Федералдык коопсдук кызматынын офицерлери менен жолугушуусу Орусияда салтка айланды.

Орус лидери жыл сайын ушул маалда атайын кызматтын өкүлдөрү менен жыйын куруп, өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарат. Ар жылы эле Кремль канча чет өлкөлүк агенттер кармалганын жарыялап келүүдө.

Соңку статистика тыңчылык аракеттери жогорулаганынан кабар берет. Төрт жыл мурун Президент Путин 12 айдын ичинде 52 атайын кызматтын өкүлү аныкталып жана 290 тыңчынын операциясы токтотулганын жар салган. Быйыл 129 жана 465 тыңчы кармалганы айтылды.

Кандай болгон күнү да үч маселеге көңүл буруш керек:

  1. Статистиканы тактоо мүмкүн эмес
  2. Кремлдин чет өлкөлүк агенттер аракеттерди күчөттү деген пикири Орусия Батыш тарабынан кысымга алынып жатат деген сөзүнө дал келет. Ошондой эле орусиялыктарга ФСБ ишин мыкты аткарып жатат деген маалымат берет.
  3. Владимир Путин чет өлкөлүк агенттер аракеттерин күчөттү дегени менен, Москва чет өлкөдөгү аракеттерин да күчөтүп жатканын эске алуу керек. Буга чейин Батыш өлкөлөрү орус агенттери аракеттерин күчөткөнүн маалымдаган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар