Майкл Жексондун маданий мурасы талкаландыбы?

Singer Michael Jackson Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Майкл Жексон 2005-жылы балдарга сексуалдык ыдык көрсөттү деп айыпталып, сот аны актаган

Жаңы эле бет ачары болгон "Leaving Neverland" же "Неверлендден кетүү" деген аталыштагы документалдык тасмада эки адамдын бала кезиндеги үрөй учурган окуясын чагылдырылган. Уейд Робсон менен Жеймс Сейфчак жети жаштан он жашка чейин Майкл Жексон тарабынан жүздөн ашуун жолу зордукталганын баяндап беришет.

Даректүү тасма кызуу талкуу жаратып, айрым радио станциялар Жексондун ырларын эфирден алып салышты. Дүкөндөрдө Жексондун ыры ойнотулуп жатса, кардарлар арызданып, дүкөндөн чыгып кеткен учурлар да катталды.

Айрым эксперттер "документалдык тасмадан кийин америкалык поп жылдыздын маданий мурасы талкаланды" деп айтууда.

"Төрт саатка созулган документалдык тасманын үчүнчү мүнөтүндө эле Майкл Жексондун мурасы мурдагыдай жогору бааланбай калары түшүнүктүү болду",-деп жазат Guardian гезитинин кабарчысы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жексондун Калифорниядагы "Неверленд" сарайы

"Көз жоосун алган Неверленд"

36 жаштагы Уейд Робсон менен 40 жаштагы Жеймс Сейфчактын окуясы дүйнө жүзүн экиге бөлдү.

Төрт саатка созулган тасмада Жексон сексуалдык ыдыкты "Неверленд" аталган аксарайда көрсөткөнү айтылат.

"Жексондун аксарайы өзгөчө, сюрреалдык жер. Үйгө кирген балдар менен алардын ата-энеси гипнозго кабылгандай эле болот",-дейт документалдык тасманын режиссеру Дэн Рид.

Майкл Жексон 2005-жылы жаш балдарга ыдык көрсөттү деп айыпталып, кийин сот аны актаган. Ал учурда 22 жаштагы Уейд Робсон сотко көрсөтмө берген болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жексон 2009-жылы 50 жашында каза болгон

Режиссер Дэн Рид 2005-жылы Робсон соттук угууларда "жаштык кылып койгонун" жана көп жыл бою кумир туткан Жексонду "абакка жөнөтүү жоопкерчилигин алгысы келбегенин" айтты.

"Уейд 2010-жылы балалуу болду. Андан соң "Неверленддеги" үрөй учурган окуяларды эстеп, Майкл Жексондун балдарга жасаган кылыктарына жийиркенген",-деди Дэн Рид.

Сүрөттүн автордук укугу LOS ANGELES TIMES/Getty
Image caption Жексон бачабаздык боюнча айыптарды четке кагып келген

"Неверлендден кетүү" документалдык тасмасынын бет ачары АКШдагы Sundance фестивалында көрсөтүлдү. Тасмадан кийинки суроо-жооп жыйынында Уейд Робсон менен Жеймс Сейфчакты жылуу тосуп алышты.

Жексондун үй-бүлөсү тасмада көтөрүлгөн айыптардын баарын четке какты. Бирок ырчынын маданий мурасына шек жаралганын мойнуна алышты. Ошондой эле Жексондун үй-бүлөсү документалдык тасманы тарткан HBO компаниясын сотко бергени белгилүү болду. (AT)

Тектеш темалар