Европа Биримдиги “Брексит” мөөнөтүн жылдырууга даяр

Theresa May and Donald Tusk Сүрөттүн автордук укугу UK Parliament and Reuters

Шаршемби күнү Тереза Мэй Европа кеңешинин президенти Дональд Тускка "Брексит" мөөнөтүн 30-июнга жылдыруу тууралуу кат жолдогон. Негизи Улуу Британия 2019-жылдын 29-мартында кечки саат 23:00 Европа Биримдигинен чыгып кетиши керек болчу.

Дональд Тусктун айтымында, Британ парламенти Мэйдин "Брексит" долбоорун колдосо, Евробиримдикке мүчө болгон 27 мамлекет мөөнөттү жылдырууга макул болот.

Тереза Мэй өзүнүн парламентке сунуштаган долбоорун толугу менен өзгөртө албайт. Бирок сүйлөшүүлөр аркылуу Европа Биримдигинин лидерлеринен юридикалык жеңилдиктерди алууга жетишти. Эми бул жеңилдиктер менен премьер-министр парламент депутаттарын ынандырууга аракеттенет.Британ премьер-министри Тереза Мэй сунуштаган долбоор колдоого алынса, Европа Биримдиги "Брексит" мөөнөтүн жылдырууга даяр экенин билдирди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Брексит": Эмне болуп жатканын билебизби?

Буга чейин Британ парламенти Мэйдин долбоорун эки жолу четке кагып, Евробиримдиктен келишимсиз чыгууну колдобой койгон.

Британ премьер-министринин айтымында, парламент алдында бир нече тандоо турат. Эки жолу четке кагылган өкмөттүн долбоорун колдоп берүү, экинчи референдум өткөрүү (Мэй бул кадам демократиялык принциптерге каршы келет деп айтууда) жана Европа Биримдиги менен жаңы келишимге жетишүү.

Кайрадан референдум өткөрсө болбойбу?

Европа Биримдигинде калууну колдогондор кайрадан референдум өткөрүүнү каалап жатышат. Азыркы оор абалды эске алганда, кайрадан референдум болсо, британиялыктар биримдикте калууну тандайт деген пикир пайда болду. Себеби, биринчи референдумда Британия аталган биримдиктен кандай шарттар менен чыгып кетээри белгисиз болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лейбористтердин лидери Жереми Корбин

Бирок Мэй жана "Брекситти" колдогондор референдумга кескин каршы болушууда. Себеби бул "демократия принциптерине" каршы келет. Британиялыктар өз добушун берди, эми ал аткарылышы керек.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбин болсо жаңы референдумду колдошум мүмкүн деп айтты. Бирок ал Европа Биримдигинен формалдуу түрдө чыгууну көздөп турат. Анда Британия биримдиктен чыгат, бирок экономикалык байланыштары тыгыз бойдон кала берет. Лейбористтер азырынча жаңы референдум боюнча талаптарын ачык айта элек.

2017-жылы экинчи референдум өткөрүүнү убада кылган Либерал демократтар парламентте 650 орундан 11 гана добушка ээ. Бул партия "Брексит" боюнча багытты эч өзгөртө албайт.

Долбоорго кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

Мэй Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, "Брексит" боюнча долбоорго киргизилген өзгөртүүлөрдүн "мыйзамдык күчү бар" деген макам алууга жетишти.

Премьер-министр жаңы макамга жетишкенден кийин келечекте Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосунда маселе жаралса, Европа Биримдиги менен соттошууга укуктуу болоорун билдирүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ошондой эле Европа Биримдиги Ирландия Республикасы менен Түндүк Ирландия ортосундагы чек ара маселеси боюнча "бирдиктүү кайрылуу" жасоого макул болду. Муну "саясий декларация" деп атасак болот. Ага ылайык, Британия менен Европа Биримдиги 2020-жылдын декбарь айына чейин чек ара көйгөйүн жайгаруу үчүн жаңы келишимге жетүү жоопкерчилигин бирге алышат.

Мэй сунуштаган долбоор эмнени камтыйт?

Биринчиден, долбоорду соода келишими катары түшүнүү катачылык болот.

Мэй бир гана Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу боюнча долбоорду сунуштап жатат. Анда Британия менен Европа мамлекеттери ортосундагы соода алакасы боюнча эрежелер жазылган.

Британия 29-мартта Европа Биримдигинен чыгып кеткен күнү деле 21 ай бою эч нерсе өзгөрбөйт, өткөөл (жеңилдик) мезгили орнойт.

Андан тышкары Британия 39 миллиард фунтту "адилеттүү финансылык төлөм" катары европалык компанияларга которот. Муну "ажырашуу төлөмү" деп дагы аташууда.

Британиянын Европадагы жарандары жана Европа мамлекеттеринин Британиядагы жарандары бул өлкөдө кала берүүгө укуктуу болот. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар