Феминисттер жүрүшү: “Чоң энем чыдаган, апам чыдаган, мен чыдабайм!”

Бүгүн Бишкекте феминисттер тилектештик акциясына чыгышты. Алар аялдардын укуктарын коргоого чакырган ураандарды көтөрүп Бишкектин борбордук көчөлөрүндө басышты.

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси феминисттик акцияга каршы өзүнчө жүрүшкө чыкмакчы болуп жаткан, бирок бул оюнан баш тартып, кайра аялдарды куттуктаган акция өткөрүштү.

Феминисттердин тилектештик жөө жүрүшүнө жүздөй адам катышты. Аялдардын укуктары үчүн күрөшүү алардын башкы урааны болду.

"Төртүнчү жыл, төртүнчү ирет биз ушул тынчтык маршына чыгабыз. Биз ушул коомчулука, мамлекетке өзүбүздүн ушул 8-марттын саясий-тарыхый маанисин эске салуу максатыбыз ошол. Биздин өзүбүздүн талаптарыбыз бул аялдардын тилектештик күнү жана аялдардын негизги тең укуктарына күрөшүү күнү",-деди "Бишкек феминисттик демилгелер" бирикмесинин координатору Айзат Шакиева.

Феминисттик жүрүштү өлкөдө терс маанайда кабыл алгандар да болду. "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси бул жүрүштү башында сындап, ага каршы жүрүшкө чыгарын билдирген. Бирок кийин бул оюнан баш тартты.

"Ошол феминисттердин арасында "Лабрис", "ЛГБТ" уюмдары бар деп айтышкан. Биз ал уюмдар менен төрт беш жылдан бери күрөшүп келебиз. Ал уюмдар ошол бир жыныстуулардын үйлөнүү үлпөт тойлоруна чейин биз аралашып аларды токтотконго аракеттерди кылганбыз. Бизге ошондой маалымат жеткендигине байланыштуу биз аларга карата каршылык акциясына чыгалы деген ой болгон. Андан тышкары ошол каршылык акциясын токтотконубуздун дагы бир себеби бул апаларыбыздын, эже-карындаштарыбыздын майрамы болуп жаткандыгына байланыштуу жалпы Кыргызстанда ушундай бир майрамдык маанайды бузуп албайлы деген ой бизде болду.Тескерисинче биз роза гүлдөрдү алып алып борбордук аянтка апаларды куттуктаганы келдик",-деди "Кыргыз чоролор" коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев.

Феминисттердин жүрүшү тартип коргоочулардын көзөмөлү алдында өттү.

Бул жүрүштүн видеосун бул шилтемеден көрүңүз:

Тектеш темалар