Boeing 737 Max 8 учагы каттамдан алынууда

АКШ президент Дональд Трамп Boeing 737 Max 8 жана Max 9 үлгүсүндөгү учактарды каттамдан алуу тууралуу чечим кабыл алды. Эфиопия жана Индонезиядагы учак кырсыгынан кийин бир катар өлкөлөр бул үлгүдөгү учактардын учуусун убактылуу токтоткон эле.

Трамптын чечиминен кийин Boeing акциялары 2 пайызга төмөндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу ANDREW CABALLERO-REYNOL

"Boeing 737 Max учагынын коопсуздугу боюнча мурдакыдай эле ишенимдүү пикирде",-деген кайрылуу жолдоду Boeing компаниясы.

Бирок компания авиациялык коомчулукту жооткотуу жана коопсуздук чаралары күчөтүлүп жатканын эске алып, баардык кардарларына кеңеш берип, Boeing 737 Max учактарын колдонбой турууга чакырды. Дүйнө жүзү боюнча мындай үлгүдөгү 371 учак бар.

АКШда Boeing 737 Max учагын United Airlines, American Airlines жана Southwest Airlines авиакомпаниялары колдонот.

Трамптын чечиминен кийин Жарандык авиация башкармалыгы American Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing 737 Max үлгүсүндөгү 24 учактын баарын каттамдан токтотту.

Кечээ күнү Канада дагы Boeing 737 Max 8 учактарын каттамдан алып салуу чечимин кабыл алган. Жалпысы болуп, 19 өлкө Boeing 737 Max учагын колдонот.

Эфиопиядагы учак кырсыгынан кийин Сингапур бийлиги Boeing 737-8 үлгүсүндөгү учактарын каттамдан убактылуу алып салды. Буга чейин Кытай да бул үлгүдөгү учактарын каттамдан алган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сингапурлук SilkAir компаниясынын "Боинг-737 MAX" үлгүсүндө 8 учагы бар

Сигапурдун Чанги аба майданы дүйнөдөгү эң ири аэропорттордун бири. Аба майдан Азия чөлкөмүн Европа жана АКШ менен байланыштырат. Бирок Сингапурда аз сандагы компания Boeing 737-8 үлгүсүндөгү учактарды колдонот.

Кырсыктан учак бортундагы 157 жүргүнчүнүн баары мүрт кеткен. Каза тапкандар арасында 35 өлкөнүн жараны бар экени белгилүү болду.

Авиакырсыктын себептери айтыла элек. Кечээ эфиопиялык мамлекеттик телеканал кырсыкка туш болгон учактын «кара кутусу» табылганын маалымдаган. Эми «кара кутулардагы» маалымат иликтенип, кырсыктын себеби аныкталмакчы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Boeing 737 MAX 8

Эфиопиядагы учак кырсыгы

ET-AVJ каттамындагы учак 08:38де учуп чыгып, бир нече минутадан кийин эле кырсыкка кабылган. Boeing 737 MAX 8 үлгүсүндөгү учак Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бет алган экен.

Boeing 737 MAX бул - "Боинг 737" үлгүсүндөгү учактардын төртүнчү мууну саналат. Биринчи жолу 2016-жылдын январында абага көтөрүлгөн. Учак 162-175 жүргүнчүгө ылайыкталган.

Соңку беш ай ичинде мындай үлгүдөгү учак экинчи ирет кырсыкка кабылды.

Өткөн жылы 29-октябрда индонезиялык Lion Air авиакомпаниясына таандык жүргүнчү ташыган "Боинг-737 MAX" учагы кырсыкка учураган. Жакарта аэропортунан учуп чыккандан бир нече минутадан кийин деңизге кулап түшкөн. Учактын бортундагы 189 кишинин баары мүрт кеткен. Комиссиянын алдын ала тыянагы боюнча учактын техникалык абалы начар болгону айтылган эле.

Мындай үлгүдөгү учактарды каттамдан алган Кытайдын Жарандык авиациясы жогорудагы эки кырсыктагы окшоштуктарга көңүл бурууда.

Кытайда авиакомпанияларда "Боинг-737 MAX" үлгүсүндө 90го жакын учак бар эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption ET-AVJ каттамындагы учак 08:38де учуп чыгып, бир нече минутадан кийин эле кырсыкка кабылган

Бул чечимге улай эле эфиопиялык бийлик дагы мындай үлгүдөгү учактарды убактылуу каттамдан алып салганын айтты.

"Кырсыкка эмне себеп болгонун биле элекпиз. Бирок этияттык чарасы менен мындай учактарды убактылуу токтоттук",-деп айтылат Ethiopian Airlines авиакомпаниясынын билдирүүсүндө.

Эфиопиялык авиакомпанияларда "Боинг 737 Max 8" үлгүсүндөгү төрт учак бар.

Boeing корпорациясы трагедияга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Техникалык жардам көрсөтүү убадасын берген. (AbA)