Жаңы Зеландия: Эки мечитке кол салуу болду

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Жарадар болгондор ооруканага жеткирилүүдө

Жаңы Зеландиядагы Крайстчерч шаарында эки мечитте ок атылып, 49 адам мүрт кетти, жыйырма киши оор жаракат алганы кабарланды. Полиция кандуу окуяга катыштыгы бар деген шек менен төрт кишини кармады.

Тинтүү учурунда жардыруучу зат, курал-жарак жана ок-дары табылды дейт полиция. Коопсуздук кызматкерлери мечитке жакын жерден бомба шыкалган унааны дагы табышкан. Жергиликтүү бийлик Крайстчерч шаарындагы мечиттерди убактылуу жаап туруу чечимин кабыл алды.

Премьер-министр Жасинда Ардерн окуяны "террордук чабуул" деп атап, "Жаңы Зеландия тарыхындагы эң каргашалуу күндөрдүн бири" деген мүнөздөмө берди.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Премьер-министр Жасинда Ардерн

Полиция коомдук тармактарда тарап жаткан видеолорго ишенбөөгө чакырды. Буга чейин мечитке кол салды делген адамдын видеосу жарыяланып, кийин тасма жалган экени такталды. Ошондой эле коопсуздук кызматы жергиликтүү тургундарды үйдөн чыкпай турууга чакырды.

Азырынча мечитке кол салгандар саны белгисиз. Herald маалымат агенттиги кол салгандардын бири австралиялык ашынган улутчул экенин жазып чыкты. Ал кол салуу алдында атайын кайрылуу жасап, ашынган улутчулдардын идеологиясын кубаттап, мигранттарга каршы пикирин билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Google

Жаңы Зеландиянын мамлекеттик телеканалына окуяга күбө болгондордун бири менен маек куруп, ал чабуул 20 мүнөткө созулганын жана алтымышка чукул адам жарадар болгонун айтты.

Чабуулду уюштурган адам биринчи эркектер намаз окуп жаткан жерге ок чыгарып, андан кийин аялдар намаз окуган бөлмөгө кирип барып ок жаадырган.

"Мен эч жака кача албай, кудайга сыйынып отурдум. Огу жок калса экен деп жалындым. Башка арга жок эле",-деди күбөлөрдүн бири.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Окуяга күбө болгондор "ал-Нур" мечитинде ок атылгандан кийин дүрбөлөң болуп, жерде жарадар болуп жаткандарды көргөнүн да айтышты.

Полиция азырынча окуяга тиешеси бар шектүүлөрдүн баары кармалды деп "айта албайбыз" деген билдирүү таратты.

Би-Би-Синин Жаңы Зеландиядагы кабарчысы Ховард Гриффит ок чыгарылган аймакта коопсздук кызматкерлер ири операцияны ишке ашырып жатканын кабарлады.

Тектеш темалар