Жаңы Зеландия премьер-министри: "Ассалому алейкум" же "сизге тынчтык каалайм"

Jacinda Ardern talking to members of New Zealand's Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption PM Ardern also met with Muslim community leaders at Parliament House

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн террордук чабуулду уюштурган куралчандын ысымын эч качан атабайм деп айтты.

"Ал террордук чабуулу аркылуу көп нерсени көздөп турган. Анын бири атак-даңк. Дал ошол себептүү Крайстчерч шаарындагы чабуулду уюштурган куралчандын ысымын атабаймын. Анткени ал террорчу! Ал кылмышкер, экстремист! Мен бул үрөй учурган окуя тууралуу сүйлөгөндө, анын ысымы аталбайт",-деди Жасинда Ардерн.

Өткөн аптанын жума күнү Крайстчерч шаарындагы эки мечитке болгон террордук чабуулдан 50 киши каза тапты. Ондогон кишилер жарадар болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 'He will, when I speak, be nameless.'

Алгач ал-Нур мечитине кол салуу болуп, жума намазга чогулган үч жүзгө чукул кишиге ок атылган. Террордук чабуул "Фейсбук" баракча аркылуу түз байланышта көрсөтүлгөн.

Экинчи чабуул ал-Нур мечитинен беш чакырым аралыктагы Линвуд мечитинде болду. Окуяга күбө болгондордун айтымында, мотоцикл менен келген куралчан жума намазга чогулган жүзгө чукул адамга ок жаадырган.

Шейшемби күнү парламентте атайын жыйын өттү. Премьер-министр Ардерн жыйынды "ассалому алейкум" же "сизге тынчтык каалайм" деп баштады.

Ошондой эле Жасинда Ардерн коомдук тармактарда тарап жаткан террорчунун видеосун бөлүшпөөгө чакырды.

Ашынган оңчулдар жараткан коркунуч

Соттук угууга полициянын коштоосу менен кирген Брентон Таррант манжалары менен ашынган оңчулдарга таандык болгон "OK" символун жаңсады. Террордук чабуулду уюштурган 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррантка адам өлтүрүү беренеси менен айып тагылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Брентон Таррант манжалары менен ашынган оңчулдарга таандык болгон "OK" символун жаңсады

"OK" символун экстремисттер жана ашынган оңчул топтор жек көрүү кайрылууларында кеңири колдонушат.

Террордук чабуул алдында Таррант атайын кайрылуу жасап, ашынган улутчулдардын идеологиясын кубаттап, мигранттарга каршы пикирин билдирген. Ошондой эле террорчу интернетке ашынган оңчулдарды жактаган документти да жүктөгөн.

Ашынган оңчулдар интернетте кайрылууларын өтө кылдаттык менен жүргүзөт. Көп учурда өздөрүнүн кайрылууларын өздөрү четке каккандыктан, коопсуздук кызматкерлери эч кандай илинчек таба алышпайт. Мына ушундай ыкма менен алар экстремисттик көз карашын коомдук тармактарда жайылтууга жетишет.

Жаңы Зеландия курал боюнча мыйзамды өзгөртөт

Жаңы Зеландиянын өкмөтү үрөй учурган кандуу окуядан кийин курал боюнча мыйзамды өзгөртө турганын билдирген.

"Үрөй учурган террордук чабуулдан кийин он күндүн ичинде курал боюнча мыйзам өзгөртүлөт",-деди премьер-министр Жасинда Ардерн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ал-Нур мечити

Чабуулду уюштурган террорчу курал көтөрүүгө 2017-жылы лицензия алган экен. Анын беш тапанчасы болгон.

Курал-жарак саткан Gun City дүкөнү беш тапанчаны Брентон Таррантка сатканын тастыктады. Бирок террордук чабуулда колдонулган "автоматтык куралдарды саткан эмеспиз" деп билдирди.

Жаңы Зеландиянын полиция ассоциация жарым автоматтык курал-жаракка тыюу салууга чакырды. Буга чейин курал боюнча мыйзамды катаалдаштыруу аракеттеринен майнап чыккан эмес.

Террордук чабуулдан кийин полиция тинтүү жүргүзүп, мечиттер жайгашкан аймактан жардыруучу зат, курал-жарак жана ок-дары табылганын маалымдаган.

Брентон Таррант бомба шыкалган унаасы көздөй жүгүрүп бара жаткан учурда полиция кармап калган. Балким унааны жардырмак деп айтылды.

Премьер-министр Жасинда Ардерн бул окуяны "террордук чабуул" деп атап, "Жаңы Зеландия тарыхындагы эң каргашалуу күндөрдүн бири" деп мүнөздөгөн. (AT)

Тектеш темалар