Аскар Акаев: Бирде Назарбаев, бирде Каримов алдыда жүрдү

СНГ лидерлери Сүрөттүн автордук укугу ALEXEY PANOV/AFP/Getty Images
Image caption Аскар Акаев: Чындыгында соңку 30 жылда Борбордук Азияда эки лидер болду. Бири Нурсултан Назарбаев, экинчиси Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенин жарыялаган соң, анын чечими кызуу талкууга алынууда.

Би-Би-Си Нурсултан Назарбевди жакындан билген Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге кайрылып, казак лидеринин саясий кадамына кандай баа бересиз деп сурады.

Аскар Акаев: Жакшы кабыл алдым. Менимче ал Казакстанда өз убагында бийликтин транзитин баштады. Ал киши ар дайым жети өлчөп, бир кескен акылман адам. Бул күтүлгөн эле окуя болчу. Мындан бир эки ай мурун өзү Конституциялык сотко кайрылып, эгер президент мыйзам чегинде кызматын тапшырса кандай болот, жол-жобосу кандай деп ачык-айкын сураган эле. 35 жыл Казакстанды жетектеп, Евразиядагы өсүп-өнүккөн мамлекеттердин арасына кошту.

Би-Би-Си: Сиз Өзбекстандын президенти Ислам Каримов, казак лидери Нурсултан Назарбаев менен дээрлик бир учурда өлкөнүн башына келдиңиздер эле. Ошол президенттердин ортосундагы мамилени, алардын саясий салмагын абдан жакшы билесиз. Айрым эксперттер Борбордук Азия өлкөлөрүнүн атынан сүйлөгөнгө Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев лидерликти ачык да, тымызын да талашып келишкенин айтып жүрүшөт. Чынында кандай эле?

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov/BBC
Image caption Аскар Акаев: Назарбаевдин бийлигине же жаңы бийликке коркунуч туудура турган оппозиция жок

Аскар Акаев: Эксперттер туура айтат. Чындыгында соңку 30 жылда Борбордук Азияда эки лидер болду. Бири Нурсултан Назарбаев, экинчиси Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов. Экөө тең зор тажрыйбалуу, профессионалдуу саясатчылар. Ошондуктан Борбордук Азиядагы лидерлик үчүн экөөнүн ортосунда күрөш жүрдү. Бул өзү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби саясатка келген адам өлкөсүндө, регионунда же жалпы дүйнөдө лидер болом деп келет. Ошондуктан күрөш, атаандаштык жүрдү. Бирок ал күрөш эч качан цивилдүү нуктан чыккан жок. Борбордук Азиянын маселелери боюнча саясат, геосаясат, экономика болобу - эки лидер бири-бири менен ар дайым тил табышып, компромисс, консенсус таба алышчу. Мен экөөнүн тең ушул сапаттарын өтө баалачумун. Негизинен туура, биринде Назарбаев лидерлик кылса, бирде Ислам Каримов алдыга озуп келди.

Эки тараптуу мамиледе өзгөрүү кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?

Би-Би-Си: Өзбекстандын биринчи президенти дүйнөдөн өткөндөн кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы алака кыйла өзгөрүп, көп бурулуштар болду. Эми казак президенти кызматын тапшырып кетип жатат. Жаңы келген жетекчи менен кыргыз-казак алакасында дагы бир жаңы секириктер, күтүлбөгөн оң же терс бурулуштар болушу мүмкүнбү?

Аскар Акаев: Менимче Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 3-5 жылдын ичинде чоң өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Себеби Казакстандын тышкы, ички саясатындагы багыттарын Нурсултан Абишевич Назарбаев көзөмөлдөйт. Ал Кытай Эл Республикасынын лидери Ден Сяопиндин жолу менен бара жатпайбы. Ден Сяопинь мамлекеттик, партиялык кызматтардан кеткени менен, бир нече жыл аскердик кеңешти башкарып, ошол аркылуу өлкөнү өзү жетектеп келген. Мына Нурсултан Абишевич Назарбаев дагы Коопсуздук кеңештин төрагасы болуп калып жатат. Ал тургай партиянын жетекчиси, өзүңүздөр жакшы билгендей казак калкы ал кишиге "Эл башы" деген наамды берген. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда, алдыдагы 3-5 жылда казак калкын баарыбир Назарбаев жетектейт деп ойлойм. Сөзсүз президент шайланат, ал конституциялык укуктарын пайдаланат. Бирок негизги багыттарын Назарбаев чечет. Ошондуктан чоң өзгөрүү болот деп эсептебейм. Ал эми Казакстан-Кыргызстан ортосундагы мамиле үчүн бир гана казак тарап жоопкерчиликтүү эмес, кыргыз мамлекети да жакшылап иштеши керек.

Сүрөттүн автордук укугу STR/AFP/Getty Images
Image caption Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаев бир учурда куда да болушкан

Нурсултан Назарбаевдин таасири кандай болот?

Би-Би-Си: Казакстандагы айрым экспеттер, анын ичинде Кыргызстандагы бир топ интернет колдонуучулар да, Назарбаев кызматтан кетти дегени менен, президенттиктен да жогору кызматка барды деп тамашалуу, ошол эле учурда ачуу сын айтып жатышат. Бул канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

Аскар Акаев: Туура. Муну дүйнөдөгү көп эксперттер дагы айтып жатышат. Алар Нурсултан Назарбаев Кытай лидери Ден Сяопинь салып кеткен жол менен бара жатат деп жазып, айтып жаткан маал. Туура, Казакстандын парламенти кабыл алган мыйзам боюнча Коопсуздук кеңешинин төрагасынын ыйгарым укугу президенттикинен да жогору десе болот. Ошондуктан ал киши бийликтин транзитин көзөмөлдөп өткөрүү үчүн ушундай жол менен бара жатат. Ал кишини түшүнсө да болот. Казак калкына чоң мурас калтырып жатат. 2019-жылыбы же кийинки жылыбы жаңы президент шайланат, анан ал киши өзүнүн ишмердигин, багыттарын далилдеп, купулга толгондон кийин өткөзүп берет. Болбосо ар кандай болуп калышы мүмкүн...

Назарбаевдин планы толук ишке ашабы?

Би-Би-Си: Назарбаев узак мɵɵнɵттү стратегия түзүп, баш мыйзамдан баштап, башка мыйзамдарды да ошого тууралап, анан бийликти бир адамга өткөзүп берип жатат. Бул көмүскөдө туруп өзүнүн таасирин сактап калуу аракети деп жатышат. Бирок ошол эле учурда Ислам Каримов көз жумган соң түзгөн планы ишке ашкан жок. Кыргызстанда дагы, экс-президент Атамбаев Жээнбековту колдоп, "менин жолуман чыкпайт" дегени менен, иш жүзүндө такыр күтүүсүз кадамдарга барганы турмуш чындыгы. Казакстанда ушундай көрүнүштүн ыктымалы канчалык деп ойлосуз?

Аскар Акаев: Андай бурулуш мүмкүн эмес деп айтууга да болбойт. Чындыгында, өзүң эң жакшы мисалдарды келтирдиң. Бирок менимче, 30 жылда Назарбаев көп жакшы саясатчыларды өстүрүп, өзүнчө саясий тартип түздү. Анын үстүнө конструкция түзүлдү. Ошол конструкция боюнча өзү көзөмөлдөп, бийликти туура колго өткөзүп бергенге тырышат го деп турам.

Сүрөттүн автордук укугу ALEXANDER CHUMICHEV/AFP/Getty Images

Казакстандагы оппозиция тууралуу

Би-Би-Си: Дал ушул жагдайды Казакстандын оппозициясы да пайдаланышы мүмкүнбү?

Аскар Акаев: Туура, оппозиция бар, бирок, менимче Назарбаевдин бийлигине же жаңы бийликке коркунуч туудура турган оппозиция жок. Казак калкы мунайга эле эмес, таланттуу саясатчылырга дагы бай. Назарбаев өзү өстүргөн көптөгөн таланттуу, дымагы күч саясатчылар бар. Ошолордун ичинен деле оппозиция чыгышы мүмкүн. Президенттик шайлоо өткөндө кайсыл саясатчылар аттанып чыгышы мүмкүн экенин ачык-айкын көрөбүз. Ошондо жанагы Талеп айткандай балким, ошолордун ичинен эле оппозиция болуп "кара көгүчкөн" чыга калышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Демек, Назарбаевдин кадры деген адам деле Назарбаевга каршы чыгышы толук мүмкүнбү?

Аскар Акаев: Эми бийлик деген бийлик да. "Күч атасын тааныбайт" деген сөз бар эмеспи. Напалеон айткандай "ар бир жоокер маршал болуу кыялын эсинен чыгарбашы керек" дегендей менимче амбициясы бийик азаматтар бар. Ошолордун ичинен деле чыга калышы толук мүмкүн.

Би-Би-Си: Дүйнөлүк басылмалар учкай болсо дагы ушул темага токтолуп жатат. Сиз көрүп, окуп жаткан орусиялык басылмалар же Орусиянын саясий чөйрөсү Назарбаевдин бул кадамына кандай баа берип, кандай чагылдырып жатат?

Аскар Акаев: Мен окуп, уккандын баары эле туура кадам жасады деп баса белгилеп жатышат.

Тектеш темалар