Пентагон Мексика менен чек арага "дубал" курууга каражат бөлдү

The US border fence, covered in concertina wire, separating the US and Mexico, at the outskirts of Nogales, Arizona, on February 9, 2019 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШ-Мексика чек арасындагы темир тосмолор

Пентагон АКШ-Мексика чек арасына "дубал" куруу үчүн армиянын инженерлерине $1 миллиард доллар которо турганы белгилүү болду.

Конгресс "дубал" куруу долбооруна каражат бөлүүдөн баш тарткандан кийин, президент Трамп өзгөчө кырдаал жарыялап, акча бөлдүрүүгө жетишүүдө.

Армия бөлүнгөн каражатка 91 чакырымга созулган тилкеге бийиктиги беш метр болгон темир тосмолорду тургузмакчы. Ошондой эле чек ара аймактарындагы жолдор оңдолот.

Буга чейин Трамп мыйзамсыз миграцияны "улуттук кризис" деп атап, америкалыктар мыйзамсыз миграциядан жапа чегип жатканы тууралуу бир нече жолу билдирүү жасаган.

Мыйзамсыз миграцияны токтотуу, "гуманитардык кризисти жайгаруу" үчүн 3200 километрге созулган "дубал" тургузуу керек деген идеясын Трамп эки жылдан бери эле активдүү көтөрүп келген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жыл сайын миңдегендер чек ара аркылуу АКШга өтүүгө аракеттенет

Трамптын сынчылары "президент эч кандай фактыга таянбай туруп, чек арада кризис орноду" деп жатканын белгилешүүдө. Конгресс өкүлдөрү чек ара коопсуздугун "дубал" куруудан башка жолдор менен чечсе болот деген пикирде.

Демократиялык партия президенттин кадамын кескин сынга алды. Андан тышкары демократтар Пентагон тиешелүү комитеттерден уруксат албай туруп, акча бөлүп жатканын билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн 5,7 млрд доллар талап кылынат. 15-февралда Конгресстеги демократтар президенттин долбооруна каражат бөлүүдөн баш тарткандан кийин Трамп өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Талдоочулардын айтымында, президент согуш же өзгөчө кырдаал киргизилген учурунда армияга дубал куруу боюнча буйрук берүүгө укуктуу. Мындай кырдаалда Конгресстин уруксаты жок эле чек арада дубал курулушу ыктымал.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамп Сенаттын өзгөчө кырдаал боюнча резолюциясына каршы президент катары биринчи жолу вето укугун колдонгон

Демократтар Трамптын кадамы конституциялык жараяндарга каршы келет деп билдирген. Өткөн айы Сенат президенттин өзгөчө кырдаал жарыялоо чечимин жокко чыгарган. Бирок Трамп Сенаттын резолюциясына вето укугун колдонгон.

Эми Конгресстин үчтөн экиси президенттин чечимине каршы добуш бергенде гана Пентагон каражат которо албай калат. (AT)

Тектеш темалар