Индонезияда суу перинин эстелигин кийинтип коюшту

Cуу перилери паркта он беш жылдан бери турат Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption Cуу перилери сейил бакта он беш жылдан бери турат

Индонезиядагы сейил бакка коюлган суу перилерге кийим кийгизип коюшту. Оюн-зоок паркынын жетекчилиги муну салттык чыгыш баалуулуктарын коргоо максатында жасаганын айтып жатат.

Жакартанын Ancol Dreamland паркындагы суу перилердин көкүрөгү он беш жылдан бери ачык эле турган. Эми алардын төшүн жаап, кийим кийгизип коюшту. Аны көргөндөр таң калууда. Айрымдар парктын жетекчилигине кимдир бирөө тарабынан басым көрсөтүлгөн деп айтып жатышат.

Сейил бактын кызматкери Рика Лестаринин айтымында, алар суу перилерге бир жыл мурда эле кийим кийгизип коюшкан:

"Бул менеджменттик кадам. Кимдир бирөө бизге кысым көрсөткөн жок. Учурда бул паркта оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат".

Суу перилеринин автору, скульптор Долороса Синага Би-Би-Сиге билдиргендей, жетекчилик сейил бакка келген кишилерди искусствого тамшануу укугунан ажыратып койду:

"Алар искусство жолун жаап салышты".

Сейил бакка келген адамдар "бул суу перилерге тийбей эле койсо болмок, түшүнбөй деле калдык" дешет.

Буга чейин бул суу перилери коомчулукта бир да жолу талкууга алынган эмес болчу.

2016-жылы Иран президенти Хасан Роухани Римге иш сапары менен келген учурда Капитолий музейиндеги "чечинип алган" эстеликтерди жаап салышкан болчу. Ирандыктар коомдук тармактарда "исламды коргогон үчүн" италиялыктарга ыраазычылык билдирген.

Сербиянын Кикинда шаарында жакында эле эркектин жыныстык мүчөсүнө окшогон үкүнүн эстелиги орнотулду.

Өткөн жылы болсо Индияда сыйынуучу жайдагы эстеликтерге сатиралык сөздөрдү жазганы үчүн бир киши абак жазасына кесилген. Көп өтпөй ал кайра акталып, эркиндикке чыккан эле. (ErA)

Тектеш темалар